• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мыйзамсыз келген өрдөк этине байланыштуу чырда аты аталган Өкмөттүн аппаратынын кызматкери жумуштан кетти

21 Тогуздун айы 2019 12:44 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратов ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүшү керек деп эсептейт», — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Эске салсак, буга чейин айрым маалымат каражаттарында аткезчилик жол менен алынып келген өрдөк этине байланыштуу чырда Бакыт Калмуратов менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиевдин аты аталып жатканы жазылган.

Ага ылайык аталган эки аткаминер ишкерге жардам берүү тууралуу убада менен 50 миң доллар алышы мүмкүн экени кабарланды. Бул боюнча азырынча Финансы полициясы комментарий бере элек.

Количество просмотров: 202