• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

КСДПчы Музаффар Исаковдун иши сотко өттү

30 Жалган куран 2018 13:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.03. 2018. Govori.TV
КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Музаффар Исаковдун иши сотко өткөрүлдү. Бул туурасында бүгүн, 30-мартта маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдары жана бажыдагы тергөө жана ыкчам иликтөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Абай Молдокматов билдирди.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп айыпталууда.
Количество просмотров: 15