• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Лейлекте тажик чек арачылары менен пикир келишпестиктер жаралууда

8 Бештин айы 2017 11:26 Бишкек Govori.TV

Лейлек районундагы «Кайрагач» көзөмөл-өткөрмө пунктунда текшерүүнүн жакшыртуучу шарттарды жасоого Тажикстандын чек арачылары тарабынан 2,5 айдан бери каршылыктар болуп жатат. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди деп жазды Турмуш сайты

Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге киргендигине байланыштуу жана уюмдун талаптарына ылайык ал жерге рентген көзөмөл курулуп, айып салынган унаалар токтотулуучу жай жасалышы керек. Аны куруу үчүн Россиядан өкүлдөр келишкен. Пункттун жалпы аянты 16 сотыхты түзөт. Бул маселени чечүүдө Тажик Республикасынын чек арачылары «ал жер биздики» деп, пикир келишпестикти жаратууда. Кыргыз тараптын тиешелүү органдарынын кызматкерлери жерди өлчөп, пункттан 50 метр алыстыктан кийин гана Тажикстандын аймагы баштала тургандыгын такташкан.

Учурда Россиядан келген өкүлдөр Лейлек чек ара бөлүмү, Ички иштер бөлүмү, Кулунда айыл өкмөтү, Мамлекеттик каттоо кызматы жана райондун жетекчилери маселени чечүү аракеттерин көрүп жатышат.

Количество просмотров: 5