• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өлкөдөн чыгарылган журналист Темировдун портрети

24 Жетинин айы 2022 10:20 Бишкек Govori.TV

Коомдук-саясий темадагы тартылган сүрөттөрү менен таанылган Татьяна Зеленская журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышынын тегерегинде болуп жаткан окуяны кагаз бетине түшүрдү.

«Болот Темировду колдоо үчүн», — деп жазды сүрөтчү.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, аны Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал эми биринчи инстанциянын өкүмүнүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды.

Сот чечими окулган соң Болот Темировду милиция кызматкерлери күч менен алып чыгып, унаага салып кетишкен. Айрым маалыматтар боюнча Темировду «Манас» Эл аралык аба майданына алып барып, Орусияга учакка салышкан.

Эске салсак, 27-октябрда прокуратура Болот Темирого карата чыккан райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту журналистке карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу аны актаган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 560