Жомоктогудай Кыргызстан

Баткен облусу

“Жомоктогудай Кыргызстан” – бул Диана Светличнаянын өлкөнүн жети облусун чагылдырган материалдарынын топтому. Бул – шаардык жарандын айыл жергесинин жашоо шартына карата көз карашы. Салттуу үй-бүлөнүн назик дүйнөсүнүн эшигин ачуу, кыргызстандыктардын улуу-кичүү муунун бириктирүүчү тарыхый баяндарды жана жомокторду жазып алуу, алардын баалуулуктарын талдоо аракети.

Тоо дарыяларынын башаты

Баткен облусу – Бишкектен эң алыс жайгашкан аймак. Ар кыл боектуу сүрөттөргө күбө болуп, миң чакырымдай жолду 16 саатта басып өттүк. Тоодогу ашуулардагы жамгырлуу булуттар чаңы асманга сапырылган көрүнүш менен алмашты. Лондон туманга чулганган болсо, Баткен чаңга оронуп жатат. Машинанын эшигин ачарың менен тикесинен тик турган чаңды көрөсүң, мурдуңду тумчулап, көзүңдү чүрүштүрүп, болжол менен эле алдыны көздөй бет аласың.

Чоң жолдон арыраак жерде эле талаалар, жапжашыл конуштар, кымкуут жашоо. Облустун бир тарабы Тажикстан менен чектешсе, экинчи жагынан Өзбекстандын чек арачылары көрүнүп турат.

Жашоо-турмуш, тил, курулуштар – мында баары аралашып, бирин-бири толуктап турат. Маданияттардын, каада-салттардын кошулмасы – кимиси кайдан келип, кимге көбүрөөк таандык экенин да аныкташ кыйын. Кошуналарды жалпы кубанычтар жана кайгылар көптөн бери бириктирип турат. Бул аймакта кубанычтар дайыма жаңыланат, ал эми кайгысы бир калыпта өзгөрбөй келет. Жумшагыраак айтканда, суунун жетишсиздиги аймактын жашоо түйшүгүн бир топ арттырат.

  • -- “Баткен” деген сөздү орус тилине кантип которсо болот? – деп жергиликтүү аксакалдан сурап калдым. Ал көзүн жүлжүйтүп, мени шектүү карап калды.
  • -- Город, -- муну бош, ишенимсиз айтты.
  • -- “Суунун башаты” эмеспи? – энциклопедиялардан окуп алганымды айтып, кызыга сурадым.
  • -- Ой, жок! – аксакал күлүп калды. Эгер бул жактардан дарыялар агып өтсө, баары башкача болмок да.

Жүзүм сатып алалы деп, жол боюндагы базардын тушунан токтодук, анан аны кайдан жууп алсак болот деп сурасак, кожойке шыпылдап арыктан суу сузуп ала коюп, жүзүмдү жууп, бизге бере салды.

Арыктан аккан сууга Баткен облусунда идиш-аяк, жашылча-жемиш, ал эле эмес кир-кокторун да жуушат, ушул эле сууга жуунушат; түтүктөгү суу (кээ бир айылдарда мындай түтүк он чакты үйгө бирөө эле болушу мүмкүн) эртең мененкисин эки сааттай гана агып, анан токтоп калат, суу бул жакта алтынга тете жана ичүүгө, тамакка гана колдонулат.

Баткен облусу

Ысык аба, уюлгуган чаң, жымжырттык. Жакында караңгы кирет, жатак издеп табыш керек. Бир нерсе кылайын деген ниет жок, ушул ордуңдан жылбай күн батып бара жаткан тарапты карап тура бергиң келет. Боз дөбөчөлөрдүн ортосундагы агарган жалгыз үй эркиндик тууралуу китептеги сүрөттөй, ал эми талаада кыбырап жүргөн трактор жеңишке умтулуунун эн белгисиндей, саргара куураган чөп-чар тарапта эч нерседен бейкапар кепшеген уй – болмуштун квинтэссенциясындай.

Баткен облусу

Үч-Коргон

Кечкисин чайканаларда эл аз. Бирин-экин чарпаяда тебетей кийген эркектер колдорун жаңсагылап, катуу-катуу сүйлөшүп, каткырып күлүп отурушат.

  • -- Кайсы-бир майрамбы? – деп официанттан сурап калдым.
  • -- Жок, жөн эле чай ичип олтурушат, - деди.

Эки кыз чарпаяларды аралай, чайнек, тандыр нан, шишкебек ташып, тызылдап чуркап жүрүшөт. Кыздар узун юбка кийишкан, чачтарын жоолукка кыстарышкан, бетинде бир да боек жок, ал деле кереги жок, алар ансыз да супсулуу.

  • -- Силер эже-сиңдилерсиңерби? – дедим боолголой.
  • -- Жок, кошуналарбыз, -- деди сулуулардын бири.

Саат он бир болду, чайкананын тегерегиндеги чырактар гана күйүп турат, караңгыда көлмөбү же аңбы, билинбейт.

  • -- Силер жакын жерде жашайсыңарбы?
  • -- Кошуна айылда.
  • -- Анан үйүңөргө кантип жетесиңер?
  • -- Бизди кожоюн өзү жеткирет. Атам аны жакшы тааныйт. Чочун бирөөнүкүнө бизди жибермек эмес.

Бир аз убакыттан кийин биз отурган чарпаяга чайкананын ээси келди. Агыш шым жана футболка кийген жашыраак киши экен. Сакал-муруту тегиз кырылган, шыңга бойлуу, бир караган көзгө жөнөкөйлүгү менен кожоюн башкалардан айырмаланып турат. Тез эле тил табышып кете албадык. Түндө эркектерсиз жүргөнүбүздү такыр эле түшүнө албай койду.

  • -- Апаңыз, чоң апаңыз айтып берген жомоктор эсиңизде барбы? – деп мындай сапарларыбызда дайыма берилүүчү соболду узаттым.
  • -- Жомоктордубу? -- кайталап сурады ал.
  • -- Ооба, жомоктор, окуялар – үмүтүмдү үзбөй кайталадым.
  • -- Мунун шайлоолор менен кандайдыр-бир байланышы барбы? – суроомо суроо менен жооп берди.
Үч-Коргон

Анжир, анар, бий алма

-- Баткен – бул тамеки, -- жолго чыгар алдында бир кесиптешим ушинтип калды. –Барганда шыр эле талаалардан уйгактын жалбырагына окшош жалбырактарды көрөсүң, тамеки ал жактын бардык жеринде, ар бир үйдүн чарбагында өсөт.

Жолду катар айлана-тегерегимди, талаа-түздү кыдырата карап, жыттагылап, тамекинин жалбырактары кургатылып жатабы деп үйлөрдүн чатырларын кадала тиктедим. Бирок бир да жерден тамеки плантацияларын көргөн жокмун.

Анжир, анар, бий алма, чындап эле ар үйдүн бакчасында, чоң көчөлөрдүн, арыктардын бойлорунда чаңга аралашып, отоо чөптөрдөй эле өсөт экен, аларга эч ким көңүл да бурбайт; ал эми тамекини эстеткен жападан-жалгыз нерсе соода-сатык жайларындагы насыбай салынган ичке баштыкчалар эле болду.

-- Сиз, балким, тамекини катып койгондурсуз? – деп талаада жүргөн кишилерден сурадым.

-- Эмнеге катмак элек? Ага тыюу салынган эмес. Болгону тамекинин түйшүгү көп – аны тигип, жулуп, кургатып, сакташ керек. Өзгөчө технология керек. Аны иштетким келбейт.

--Тааныштарыңыздын арасында тамеки айдагандар барбы?

-- Бирин-экин үй-бүлөлөрдү билем. Кошуна айылда жашашат, -- эркек киши горизонт тарапка кол шилтеп коюп, кайра эңкейип казылган картөшкөсүн тере баштады.

Түшүм жыйноо

Баткен облусунда өндүрүлгөн мол түшүмдүн баары жол жээктеринде жайылып турат. Жашылча-жемиш, оюм-чийим түшүрүлгөн темирлер, жыгачтан жасалган дарбазалар, кургатылган жемиштен жасалган таттуулар, эт, канаттуулар, сүт, желимдөөчү жайлар, газ. Короо базар сыңары, үйдөн чыкпай туруп эле соодалай берсең болот. Баары бирин-бири таанышат, бир эле жолу сапатсыз, начар товар сатсаң, экинчи эч нерсең өтпөйт.

Колдо бар нерсеге сүйүнөбүз

Негизги чоң көчөгө гана асфальт төшөлгөн, айыл ичиндеги көчөлөр тар, аябай камкордукка алынгандарына таш төгүлгөн, башка ылай, өңгүл-дөңгүл, ийри-буйру жолдор талаага же ээн жактарга алып барат. Көчөлөрдүн көпчүлүгүндө туугандардын үйлөрү жанаша жайгашкан, бул үйлөргө бир эле дарбаза тургузулган. Экинчи кошунанын үйүнө конокко барыш үчүн, дарбазадан сыртка чыгуу зарыл эмес, чарбакты аралап эле өтүп кетсе болот, алар бири-бирине туташып, жалпы эле бир короодой көрүнөт.

Сен жашаган жер – эң мыкты жер

Магомед аке өз ээлигин, чарбасын көрсөтүп жатты. Мына – жубайы өстүргөн гүлдөр, мына – анын сүйүктүү алмасы, мына – жаңы отургузулган анар. Бир үйдөн кийин анын эжеси жана апасы жашайт, мында баласы, тигинде жээни, тегерете баары туугандар, баары өз кишилер.

Короодо чарпая, жүзүм, машина. Жубайы конокторду жылмайып тосуп алып, үстөлгө чакырды. Балдарынын баары чогулуп келип, кайра тарап кетишти.

-- Иштери бар, -- деп түшүндүрдү Магомед аке. – Балдардын иш менен алек болгону жакшы. Менин төрт балам жана эки кызым бар, жумушу жок отурган эч ким жок. Баары жогорку билимдүүлөр, ар биринин өз чарбасы бар. Азыр өзүңө жана үй-бүлөңө гана таяна турган заман, түшүнөсүзбү?

-- Мурун башкача беле?

-- Мисалга, мен колхоз учурун көргөм, ал кезде элдер топтолуп, бир башчыга баш ийчү.

-- А азыр башчы, жетекчи жокпу?

-- Азыр алар бат-баттан алмашып жатышат, мен көңүл да бурбайм. Азыр биздин президентибиз ким? – деп Магомед аке алдыда боло турган суроолордун баарына кесе кол шилтеп салды. – Булар тууралуу сөз кылгым да келбейт.

-- А эмне жөнүндө сүйлөшкүңүз келет?

-- Бакча тууралуу, неберелер тууралуу, -- жүзүндөгү бырыштар жазылып, бизди өзүнө карай чакырды. – Жүргүлө, анжир көрсөтөм.

Магомед аке Магомед акенин байбичеси – Раймахон Магомед акенин бакчасындагы гүлдөр Жаш анар

Биз үйлөр, гүлдөр, дарактарды аралап өткөн жашыруун жолдор менен бара жатып, кичинекей кызды жолуктурдук, ал алгач чоң атасынын кучагына боюн таштап, анан чочун кишилерди көрөрү менен оозун чормойткон боюнча үйүн көздөй чуркап кетти. Ачык түстүү көйнөкчөн, кир жайып жүргөн аял бизди көрүп, саламдашып коюп, каш-кабагы менен кайын атасына суроо узаткандай болду, ал өз кишилер, баары жайында дегендей башын чайкады, ошол замат келин бизди карап жылмайып койду.

Магомед акенин артынан ээрчип, жаңы көчөгө бурулдук, анын боюнда суусу шылдырап аккан арык бар экен, арыктын үстүндө жүзүм багы ийиле өсүп, ага анжир чырмалып калыптыр. Магомед аке чытырман “токойду” аралап кетип, эзиле бышкан жемиштерди терип, өзүнө ыраазы боло чыга келди.

--Өтө пайдалуу! Жегиле! – бал таттуу шириндиктерди бизге сунду.

-- Бул көптөгөн оорулардан шыпаа болот. Башың ооруса – анжир же, тамагың ооруса – анжир же. Ангина болгондо, анжирди сүткө кайнатып ичсе, айыгып калат. Бул бир нече жолку текшерүүлөрдөн өткөн. Башка дарылар анжирдей жардам бере албайт.

-- Анжир пайдалуу касиеттердин баарын күн нурунан, суудан жана топурактан алат. Ошондуктан ал абдан пайдалуу. Биздин аталарыбыз ушинтип дарыланышкан, мен да ошентип дарыланам, балдарым, неберелерим да менин жолумду жолдошот. “Неберелерим” деп айтканда Магомед аке анжирди бир колунан экинчи колуна которуп, бир аз тыным алып, токтоп калды.

-- Маликахон – менин эң улуу неберем. Биз аны күйөөгө берген жатабыз. Ал жыйырма үчкө чыкты. Жакында тою болот... вирус деген балээден кутулсак, той өткөрөбүз. Бул менин биринчи неберем, -- деп кайталады Магомед аке.

Небереси тууралуу айтып берүүсүн сурандым. Мени таңдана карап калды, эриндеринин бурчу бир аз көтөрүлө түштү.

-- Чоңойттук, тарбия бердик, окууга жөнөттүк. Ал медициналык орто окуу жайын аяктады. Уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Азыр тез жардам кызматында нөөмөтчү медайым болуп иштейт. Бир сутка иштеп, эки күн эс алат. Менин улуу неберем ушундай.

Магомед аке унчукпай калды, бирок ал ичинде дагы эле тынбай сүйлөп жатканын көрүп турдум. Жүзүндө тынчсыздануу жана кооптонуу бар. Бутун оңдоп алып, туура сөз издей баштады көрүнөт.

-- Бул өтө оор, билесизби? Кыздарды турмушка узатуу – өтө оор. А неберелерди күйөөгө берүү – андан да оор. Өстүрүп-чоңойтуп туруп, чочун үй-бүлөгө өткөрүп берип коесуң. Анан эмне кылмак элек? Жаңы үй-бүлө – жаңы жашоо.

Магомед аке неберелеринин келечегине тынчсызданууда. Жаштар бирин-бири сыйлаганды үйрөнүш керек, баары үй-бүлөдөн башталат, эгер үйдө улууларды сыйлоого, башкалардын оюн уга билүүгө үйрөтсө, мындай киши менен баары жакшы болот, -- дейт.

-- Мурун кишилер улууларды сыйлашчу, эгер жолунан аксакал жолугуп калса, “Ассалоому алейкум!” деп учурашып өтүшчү. Азыр карабай, байкамаксанга салышат. Бири-бирин сыйлоо деген жок. Талашып-тартышкан эле киши. Агасы менен иниси жер талашып мушташат. Кудайга шүгүр, биздин үй-бүлөбүз ынтымактуу. Менин төрт эркек бир тууганым жана апам бар, баарыбыз жанаша жашайбыз.

Магомед акенин ою боюнча, балдар ата-энеси менен байланышын үзбөй, башка өлкөлөргө кетпеш керек.

-- Албетте, жумуш жок болсо, кишини кармап кала албайсың. А бизде азыр жакшы жумуштар жок да. Талаада эле иштеш керек.

Магомед аке бирөөнү урушкусу келгенсип, дагы колун шилтеп барып, кайра токтоп калды, анжирдин оор жалбырагын көтөрүп туруп, өзүнө айткансып: “Бирок, баары бир биз эң кооз жерде жашайбыз!” -- деди.

Магомед акенин анжири

Маликахон үчүн айтылган жомок

Илгери-илгери көк мелжиген көлдүн боюнда көк канаттуу куштар жашашчу экен. Алар көгүш түстүү канаттары менен аябай сыймыктанышчу. Тээ бийик асманга карай сызып, өтө кооз кыймылдарды жасап, кубулжута сайрашчу. Көл алардын мекени, бүткүл ааламы, эң таза бакыты болчу.

Бир күнү күтүлбөгөн жерден эле коркунучтуу окуя болот – жер титиреп, силкиниптир; көлдөгү суу толкуп-ташыптыр; катуу шамал келип, сууну көздөй жуткуна жөнөптүр. Ал кезде көл жарылып, суусу асманга көтөрүлүптүр, жулкунуп уюлгуган шамал аны алыс жактарга учуруп кетиптир. Көк канаттуулар чочулап, көлдү кубалап асманга карай учуп чыгыптыр. Эмне кылыш керек? Көлдү кантип калыбына келтирсе болот? Каардуу шамал сууну дагы бийиктете көтөрүп жөнөйт, куштар чарчап-чаалыгат, алсырайт. “Биз баарыбыз көлдүн артынан учуп кетсек болбойт, кайра кайсы жакка кайтарыбызга белги берип, кимдир-бирөө бул жерде калыш керек”. “Мен калам, – дейт канаттары агарган бир көк куш. – Силер уча бергиле, мен силерди күтүп турам, менин сулуу бир туугандарым!” Көк куштар булуттарды аралай, көлүнүн артынан учушат. Ал эми калган куш көлдүн ордунда калган кичинекей көлчүктүн жанында бир туугандарын күтүп олтурат. Бир топ күн ордунан кыймылдабай күтөт, асманды карайт, үмүтүн үзбөйт. Бир туугандары такыр келбейт, тээ алыстан караандары да көзгө урунбайт. Көлдүн эң акыркы тамчысы да соолуп, ал жер чөлгө айланат. Куш анын бир туугандары эми тааныш жерин таба албай калышарын түшүнөт, тээ бийиктен туура багыт ала албай кыйналарын билет. Ошондо куш канатынын бир көк талын жулуп алып, көлдүн ордуна сайып коет, анан экинчисин, үчүнчүсүн да көлдүн ордуна сайып кете берет, кийинки күнү да ошентет. Денесинде эң акыркы талы калганча жулат да, жерге сая берет. Бир гана ак талы калган кезде, алсыраган канаттуу көзүн бекем жумуп жатып калат, ошол кезде тээ алыстан каккылаган канаттын күүсү жана суунун күр-шар үнү угула баштайт. “Тигине, тээ төмөндө – биздин Мекенибиз!” – деп кыйкырышат көк канаттуулар. Жакын учуп келип, көргөн көздөрүнө ишенбей катып калышат. Көк канаттардын үстүндө денесинде бир гана талы агарган канаттуу жаткан. “Сен эмне кылып койдуң, келесоо!” Ак талдуу куш башын көтөрүп карап, жылмайып туруп: “Силер кайда кайтарыңарды билишиңер керек эле да” – дейт. Алар кыйкуулап, ыйлап жиберишет. Көл мурунку ордуна кайтат, канаттуу-куштар кубулжуган ырларын сайрай башташат. Болгону алардын эми канаттары көк болбой калган, так ошол күндөн тартып алар ак канаттууларга айланышкан.

Биз жүзүмдүн алдына орнотулган чарпаяга чай ичкени бардык. Бизди гүлдүү көйнөкчөн, үнү жоон аялдар тосуп алышты, алардын баары улгайган, эң улуу кишинин тегерегинде айланчыктап, анын үйдөн чыгышына көмөктөшүп жатышты.

-- Бул менин апам, анын аты – Ойшахон, 95ке чыкты, -- сыртка чыгып келе жаткан чоң апаны Магомед аке бизге тааныштыра баштады. Анан эле биз күүлүү-күчтүү, шайыр, көңүлү куунак чоң апа менен учурашып калдык.

Ойшахон чоң апа

Чарпаянын тегерегинде бала-чакалар, аялдар ары-бери чуркап, кайдан-жайдан жаңы эле бышкан нанды, чайды, жашылча-жемиштерди көтөрүп чыгып жатышты. Баары айлан-көчөк болушуп, кыймылдап, жашоо кайнап тургандай. Бул жашоонун чордону, күч-кубаттын жана эргүүнүн булагы Ойшахон чоң апа экендиги шексиз. Анын кадыр-баркы, куйкум тамашалары, тамашакөй сапаты он адамга жетчүдөй. Мени анын канышаныкындай түптүз тулку-бою, келбети суктандырды.

-- Тиги шаарда эмне болуп жатат? – деп ал бизден жаңылыктарды сурап, жоолугун оңдоп коюп, баарлашуунун нугун буруп олтурду. Намаз окуп чыккандан кийин, өткөн турмушун – күйөөсүн, тээ ондогон жылдардын артында калган, сугатчы болуп иштеген өмүрүн, колхоздо пахта жана тамеки теримдеги жаш кезин эскерип олтурду.

-- Кызыл-Кыяда шахтада иштеген чоң атасы тууралуу айтып бердиби? – деп сурап калды Ойшахон чоң апа баласын көрсөтүп. – Биз колхозду кантип оңдодук? Талаага сууну кантип буруп бардык? Ээн жаткан жерлерге кантип бак өстүрдүк? Эч качан эч нерсени айтпайт. Дайыма токтоо тартып жашырып коет. Беш балам бар, бешөө тең ушундай мактанганды жактырбаган токтоо адамдар.

Ойшахон чоң апанын үй-бүлөсү

Ойшахан чоң апа беш жашында ата-энесинен жетим калган.

-- Мен билген жана жасай алган нерселердин баарын чоң апамдан үйрөнгөм, ал мени чоңойтуп, өстүрүп, тарбиялады, -- деди Ойшахан чоң апа. – Мектепте окуган эмесмин.

-- Бирок, акча санаганды билет,--деп тамашалап калды баласы.

Бул үй-бүлөдө баары бирин-бири тамашага салып отурушат экен, бири экинчисин оңдоп, тийишип турат. Бул өзгөчө абал, анык иерархиялуу өзгөчө дүйнө, мында ар биринин өз пикирин билдирүү укугу бар.

-- Жакында бизде той болот. Чөбөрөмдү турмушка узатканы турабыз,--деди Ойшахон чоң апа.

-- Себи даярбы?

-- Албетте! – берилген суроого таарынып калгандай болду. – Мурун эле баарын даярдап койгонбуз. Көйнөгүн да, үйгө керектүү буюм-тайымдарын да – 40 төшөк, ашкана жабдуулары, идиш-аяк, ал – бай колукту. Бул жакта айылдагылардын алдыңкысы болуп жашайт.

Ар бир үйдө төшөктөр болушу керек

Ойшахон чоң апанын 50 небереси, 74 чөбөрөсү, 2 кыбырасы бар, ар бирин багып-чоңойтууга сөзсүз катышкан.

--Булар менин эң чоң байлыгым, менин сыймыгым,-- дейт ал небере, чөбөрөлөрү тууралуу.

Кичинекей Махлехон кыйналып-кысталып чарпаяга чыгып-келип, улуулардын баарын айланып өтүп, анын тизесине барып отурду.

Ойшахон чоң апа чөбөрөсү менен

Махлехон үчүн айтылган жомок

Тээ тоо чокуларында кызуу кандуу эл жашачу экен. “Баарынан биз күнгө жакынбыз! Биз эч нерседен коркпойбуз!” – деп кыйкырышып, асманга карай жаа атышчу. Жаңырыктары туш-тарапка, тегерете тарачу. Жамгыр жаап баштаса, алар: “Карагылачы, асман коркуп кетти! Ыйлап баштады! Ооба-ооба, ушундай!” -- дешет. Шамал жүрсө да: “Биз жеңдик. Булуттар туш тарапка кача баштады! Карагылачы, биз кандай кыйынбыз!” -- дейт. Бирөө-жарым мындай эмес десе эле, мушташа кетишет. Бир күнү асманда бир нерсе тарсылдап, чырт этип, сынып кеткенсиди. Жалтыраган канжарлар биринин-артынан бири асман бетин кескилей баштады. Асман түнөрүп, жерге океан көмкөрүлүп калгандай, күн кайдадыр житип кеткендей. Жерди капкараңгы туңгуюк каптады. Тоо этегиндеги кишилер адашып, ары-бери темселеп, бири-бири менен шыбырап сүйлөшөт. “Сен күнөөлүсүң! Жок, сен! Баарын сен кылдың!” Жол да көрүнбөйт. Эл томсоро түшөт. Жаа-жебелерин ыргытып салышкан, капкараңгы кезде алар кимге керек эле. Караңгы туңгуюкта бир күн өтөт, бир жума өтөт, бир жыл өтөт. Баш көтөрүлбөй, жер тиктешет, эч ким унчукпайт. Урушканды, мушташканды да унутуп калышты. Баягыдай кызуу кандуулук жок, эптеген тирүү жандар. Мунусу, тигиниси – баары эле бактысыз, шордуу. Уй мүйүз тарта отуруп алып, бири-бирин кучакташып, алсыздыгынан арданып ыйлашат. Ошол кезде асмандан бир тоголок буурчактай, кымындай жылдыз кулап түшөт. Так терең көлдүн үстүнө түшүп, ал жаркырап, жарык чачып калат. Булутка жашынган ай көрүнөт, бири-биринин жүздөрүн көрүшөт. Чочуп алаңдаган, кыйналып-кысталган жүздөрдү көрүшөт. Асманга кучагын жайып карап, тоо артынан көтөрүлүп келе жаткан күндүн нурун көрүп, көздөрү уялып, жүлжүйөт.

Күн ортолой электе эле тээ топтошкондордун арасынан “Биз күнгө жакынбыз! Биз эч нерседен коркпойбуз!” -- деген үндөр угула баштайт.

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан каржыланат. Аталган материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун көз карашын чагылдырбайт.