Жомоктогудай Кыргызстан

Жалал-Абад облусу

“Жомоктогудай Кыргызстан” – бул Диана Светличнаянын өлкөнүн жети облусун чагылдырган материалдарынын топтому. Бул – шаардык жарандын айыл жергесинин жашоо шартына карата көз карашы. Салттуу үй-бүлөнүн назик дүйнөсүнүн эшигин ачуу, кыргызстандыктардын улуу-кичүү муунун бириктирүүчү тарыхый баяндарды жана жомокторду жазып алуу, алардын баалуулуктарын талдоо аракети.

Күнгө карай

Бишкектен Жалал-Абадга чейинки аралык – 626 чакырым, бул он сааттык жол. Европалык автобандарда үчүп жүргөн досторум, алар мынча жолго 5-6 саат короторун сыймыктануу менен айтышат. Биз жолдо машинелерибизди түртүп, анан кечке тынбай чай иче беребиз деп тамашалаган болом. Тоодогу кыйма-чийме жолду эч качан көрбөгөн адамга бийиктиктин айырмасын жана биздин жолдордун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү кыйын.

Биз тоо боорундагы жолдордогу күтүлбөстүктөрдү, капыстан пайда боло калган чуңкурлардын кара санатайлыгын, жогору чыгып, төмөн түшүүлөрдөгү кыйынчылыктарды, кайрылыштардын чукулдугун билебиз. Антсе да ар бир экинчи кыргызстандыктын Формула -1 рекордун басып өтүү кыялы бар.

Котормочу экөөбүз аймактарга багытталган ар бир сапарыбызда машинаны обу жок жулкунтуп айдаган айдоочулардын акмакчылыгына күбө болобуз. Капчыгайлардын биринде түпсүз жардын үстүндөгү жолго асылып калган фуранын кабинасын көрүп алып жүрөгүбуз түшүп калды (жол жээгине коюлган тосмолорду бузуп чыгып кетиптир, жүк машинанын узун куйругунун оор салмагы гана айдоочуну өлүмдөн сактап калгандай), кийинкисинде оодарылып калган джипти көрүп, оозубуздан сөзүбүз түшүп, эсибиз ооп калды, бир нече жолу күрткүлөргө жана алдыдан карп-курп чыга калган машиналарга кабылдык. Мунун баары аябай кооз тоо пейзажынын фонунда өтө күчтүү сезимдерди жаратып жатты.

Тажрыйбалуу айдоочулар жолдо жүргөндө “автокырсык”, “авария”, “өлүм” деген сөздөрдү айтууга болбойт дешет. Биз буларды сөздүк корубуздан алып салдык. “Ак жол”, “күн”, “жашоо” дегендерди гана калтырдык!

Жетилүүнүн белгилери

Жашыл түстүүлөр мурункудай назиктигин жоготуп, карайып, ката баштаптыр. Жайдын кеткиси жок, табият жашарып, мезгил менен кайым айтышууда. Таңкы күн нуру жашыл ыраңдуу тоо беттеринде алтын буусуна жалатылгандай жылтырайт. Таң жаңы агарып келе жаткан учурда аба да таптаза, түстөр да коюудай. Баарын эле катарынан сүрөткө тарта бербейин деп өзүм менен макулдашкандай болом, “ойлонбой туруп жөн эле тарта бербе, пленканы ысырап кылып коротпо” деген үндөр балалыктын асманынан кубулжуган куштун үнүндөй жаңыргансыды. Бишкектен чыга берерде токтодук, бир эле сүрөт тартып алып, камераны салып койдум.

Бишкек -- Жалал-Абад жолу. Сапардын башаты

Алдыда тааныш капчыгайлар, дарыялар, өрөөндөр күтүп турат. Май куюучу жайлардын жанында, кафелерде, боз үйлөрдүн тегерегинде адамдар жүрөт. Асман, булуттар, керимсел шамал. Бул жолдон ар бир өткөн сайын, биринчи жолкудай жүрөгүм токтоп калчудай сезим болот.

Адаттагыдай Төө-Ашуунун кароочу аянтчасынан токтодук. Шамал ышкырып, чөптөрдүн толкуну ыргалып, бүтүндөй жер жүзү күн нуруна бөлөнүүдө. Аянтчанын тээ ылдыйкы кароодон жүрөк айбыккан жээгинде Жалал-Абадга таандык номур тагынган жеңил унаа турат. Машинанын терезелери ачык, айдоочунун отургучунда эркек киши уктап жатат. Башы ылдый салаңдап, оозу ачылып, көкүрөгү бир ыргак менен бирде көтөрүлүп, бирде ылдыйлоодо. Уйкунун кучагындагы кишиге адеп уруксат берген убакыттан көбүрөөк карап туруп калдык окшойт. Эс тутумумдун кайсы бир түпкүрүнөн Твардовскийдин “Путник” деген ыры чыга келди:

“В долинах уснувшие села
Осыпаны липовым цветом.
Иду по дороге веселой,
Шагаю по белому свету.
Шагаю по белому свету,
О жизни пою человечьей,
Встречаемый всюду приветом”.

Жайдын соңундагы Төө-Ашуу ашуусу

Жалал-Абад облусу – бай жана берекелүү. Облустун административдик борбору – Жалал-Абад шаары – ал Кыргызстанда элдин жайгашуу тыгыздыгы боюнча экинчи, ал эми чоңдугу боюнча үчүнчү орунду ээлейт. Жалал-Абадды орус тилине которгондо – “Великий город” дегенди түшүндүрөт. Жупуну жана табит менен курулган.

Облуста сан жеткис табышмак жана жашыруун сырлар катылган, табигый ресурстарга – кооз көлдөргө, эң байыркы доорлордон бери сакталып калган токойлорго, дары сууларга бай. Жол жээгинде боз үйлөр, жайлоолор, булактар жомоктогу сүрөттөрдөй созулуп жатат.

Токтоп, тоо чокусунан агып түшкөн суудан ичтик. Бизди бир жылкы карап калды. Анын көзүндө түшүнүүчүлүк жана кайгы турат.

Жалал-Абад облусу

Тоолор кийимин өзгөртүп, жаңыра баштады. Бул жакта көк-жашыл түс саркечтикке туура келбейт окшойт. Кызыл топурак – мындагы тренд. Эки жагын суу жеп кеткен кууш өрөөндөр, чоң таштар, зоокалар. Кам-кайгысыз, алаңгазар жаңырыктар башты айлантып, кыжырды кайнатып, шылдың кылгандай. Үстөккө-босток жаңырыкка суроо берип, калжаңдап, бала болуп кеткенсидик.

Жалал-Абад облусу

Алдыда Токтогул суу сактагычы. Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия боюнча эң ири жасалма көл. Бул колдон жасалган көлмөгө жарым кылымдан ашты. Жыл сайын “кыш жакындап калды” деп алып, биз бул тарапка карап коебуз, анткени мында Токтогул жана Күрп-Сай аттуу эки кубаттуу ГЭС жайгашкан. Токтогул суу сактагычында суу бар болсо, үйүбүз жылуу жана жарык болот, суу жок болсо – шам жана тезек бизге жардамга келет.

Токтогул суу сактагычы

Токтогул балы

“Алаканымдан бир аз күн нурун, бир аз бал алчы”,- деп Токтогул шамалы шыбырагансыйт. Дарыяны бойлой тоо боорунда мында да, тигинде да бал челектер орун алган, аларды тегеректеп ызылдаган аарылар жүрөт. Сүт менен балдын кең мекени, амансыңбы?

Бал мында жөн гана дары каражаты жана башкы сый тамак эмес. Ал токтогулдуктар үчүн өзүнчө каада-салт, өзгөчө философия.

  • -- Шалфей, кашка беде, көкөмерен, беде, какым-кукум, жалбыз, сары чай чөп – деп Каламедин байке Токтогул районунда өскөн өсүмдүктөрдү санай баштады.
  • – Биздегидей бал дүйнөнүн эч жеринде жок, мен муну так билем!
Каламедин байке жана анын бал челектери

Каламедин байке 20 жылдан бери бал челектер менен алектенип келет, ага чейин айдоочу болуп эмгектенген. Балчылык мынчалык кызыктуу жана кумарлуу иш экенин буга чейин такыр ойлобоптурмун дейт.

– Балчылыкты жаңы эле баштап, али эч нерсени түшүнө элек кезимде, менин жолум болуп, ийгилик коштоду. Бал челектерди инимден алдым, алар бизге атамдан калган эле. Чычкан капчыгайындагы Туюк-Төр аттуу жерге бал челектерди жайгаштырдым. Бир канча убакыттан кийин, мага иним Макы келип: “Ай-ий, бул жакка бал толуп калыптыр” – деди. Сүйүнүп, биринчи жолу балды сыгып алдым. 15 күндөн кийин, иним дагы келип, дагы баягысын айтты: “Ай-ий, бул жакка бал толуп калыптыр!”. Ошондо мен бул жакшы иш экендигин түшүндүм.

Каламедин байке бир топ жылдар өткөндөн кийин гана, иним экөөбүзгө бал челектерди калтырган атамдын акылмандыгын түшүндүм дейт.

-- Атам бал челектерди биздин кичинекей кезибизде Таш-Көмүрдөн алып келген. Силер кийин чоңойгондо буларды иштетесиңер деп айткан. Мен баш ийкеп макул деп койгом, бирок анын бул сөзүнө олуттуу маани деле берген эмесмин. Кийин үйлөнүп, Токтогулда жашап калдым, ал эми иним атамдын кеңешин угуп, балчылык менен алектене баштады. Бир күнү атамдын бал челектерин тең бөлүп алалы деп, мага 8 бал челек берди. Баары ушинтип башталды. Азыр менин эки жүздөй бал челегим бар.

Каламедин байкенин сөзүнө караганда, балчы башкаларга салыштырмалуу өз эмгегинен баар табат, анын натыйжасын көрөт, аарыларга кам көрсөң, берешендик менен жооп кайтарат. Каламедин байкенин арсеналында бир топ макал-лакаптар бар экен, алардын ичинен сөз арасында “дайыма окуш керек, үйрөнүш керек” деген сөздү бир нече жолу кайталады.

-- Ким эмгек кылса, ал жыргап жашайт, аракет кылыш керек, иштеш керек. Аарынын чакканы ачуу, балы таттуу. Бул иштин аябай көп сырлары бар, дагы көп иштеп, көп нерсени үйрөнүү керек. Балчылар өмүр бою окуп-үйрөнүп жүрүп өтүшөт. Бизде, Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүндө сексенинчи жылдарда балчылык совхозу жана бирикмеси түзүлгөн. Бул балчылар арасында тажрыйба алмашууга түрткү болгон, бири экинчисине көмөктөшүп, билген сырларын үйрөтүп, аарылар менен иштешүүнү ийне-жибине чейин үйрөтүшкөн.

Каламедин байкенин ою боюнча, аарылар адамдарга окшош. Ал бай мисалдарды келтирип, адамдар дүйнөсү менен аарылар дүйнөсүн көп салыштырат.

-- Эгер гүлдөр ширелерин берсе, аарылар өз ишин зор кызыгуу менен жасайт. Эгер гүлдөр жок болсо, шире да жок, мындай учурда аарылардын маанайы чөгүп, бал челектерин таштап учуп кетип калышат. Бул аарылардын уядан топтошуп бөлүнүп кеткен учуру деп аталат. Көп балалуу үй-бүлөдө да ушундай: эгер жумуш жок болсо, баары жумуш издеп, ар кайсы тарапка кетет.

Каламедин байкенин жардамчысы бар, ал – жээни Калыбек. Жай башталгандан тартып, кеч күзгө чейин булар бири-биринен ажырабайт. Калыбек 14 жашта, ал өзүнө да, аарыларга да зыян келтирбей, бал челектин алкактарын чыгара алат, мында кимиси башчы экенин да билет.

Каламедин байке жээни Калыбек менен

– Балдарга дайыма адамгерчилик сапаттарын сиңиргенге аракет кылам, аларды мени кандай тарбияласа, так ошондой, башкача айтканда, эмгек менен тарбиялайм. Эми мына жээниме да эмгекчилдикти, тырышчаактыкты үйрөтүүгө аракет кылам, адам болуп чоңойсо дейм. Мага жардам бергенди жакшы көрөт, мен ага үй-бүлөбүз тууралуу ар түрдүү окуяларды айтып берем. Биз бал челектерибизди бабабыздын урматына анын ысымы менен атап койдук. Мына жарнама тактасында анын аты жазылып турат – Курманбий. Ал өтө күчтүү, адептүү адам болгон, көп иштеп, мээнети менен көп нерсеге жетише алган, элдер ал тууралуу жакшы нерселерди айтышат. Ал эми анын баласын – биздин чоң атабызды убагында кулакка тартып жиберишиптир. Мунун баарын билиш керек, эстен чыгарбоо керек.

Каламедин байке өлкөнүн тарыхы үй-бүлөлөрдүн тарыхынан түптөлөт, ошондуктан балдарга алардын ата-бабалары кимдер болгонун, кандай жашап өткөнүн айтып берүү өтө маанилүү деп эсептейт. Каламедин байкенин небереси Ак-Марал бир жашка эле чыкты, бирок бат эле чоңоюп, бал челектерге жардам берип калат. Чоң атасы азыртан ага жомок айтып берүүгө даярданып жүрөт.

Калыбек жана Ак-Марал үчүн айтылган жомок

Илгери-илгери бир абышка жашаптыр, анын үч уулу болгон экен. Улуусу – сүрдүү, катаал мүнөздүү, колдору чоң, кабагы салыңкы үтүрөйгөн неме. Колуна куралын алып, мергенчиликке кетип калат, бир-эки күн жоголуп, үчүнчү күнү олжолуу кайтчу. Ал келгенде, бүт айыл тойлойт. Ортоңку баласы – жоош, момун, көздөрү олуттуу, сөздөрү тирүү. Төрөлгөнү ээрден түшпөйт, минген аты чагылган сымал, эч кимди алдына салбайт. Айылдын баары мындай чабандес менен сыймыктанат. Үчүнчү баласы – алаңгазар, чачтары суюк, көздөрү куунак. Тоодон тоого чуркап, ырдап жүрө берет. Эч кандай пайдасы жок. Айылдаштарынын баары аны кол менен сайып көрсөтөт. Эмне кыла алмак элең, кандай болсо да – балаң да.

Бир күнү карыя ооруп төшөккө жатып калат, ажал тооруганын сезип, балдарын чакырып:

-- Эмнем бар болсо, баарын силерге бөлүп берем, балдарым, - дейт каргылданган үн менен. Анан колунда болгонун үчөөнө бөлүп берет. Улуусуна таш үй, ортончусуна жылкылары менен ат сарай, кичүүсүнө жыгачтан жасалган жашик тиет. Кенжеси жашикте эмне бар экендигин көргүсү келип, башын эңкейтип караган учурда, жашиктен бир нерсе учуп чыгып, анын көзүн чагып алат. Кенжетай ооруга жана ызасына чыдабай ыйлап жиберет да, жашигин алып тоого кетип калат. Тоолорду аралап көп жүрдүбү, аз жүрдүбү белгисиз, айтор, чарчап-чаалыгат, караңгы киргенде гүл жайнаган талаага түнөп калат. Эртең менен ойгонсо, жашикте бир нерсе ызылдап жатат. Анын ичинде бороон болчудай. Атасынын белегин талаага таштап, качып кеткиси келет. Анан жакшылап ойлонот да, дагы бир жолу жашиктин оозун абайлап ачып көрөт. Ал жактан кайра эле кичинекей бир нерсе учуп чыгат, колунда көтөргөн чакасы бар, жылмайып карап туруп: “Сен биздин үй-бүлөнү гүл жайнаган талаага алып келгениң үчүн, сага белек тартуулайм! Сенин үйүң да, ат сарайың да, берекеси жайнаган дасторконуң да болот. Мына сага белегим – бул янтардай, таптаттуу дарыя!” – дейт.

Калыбек жана анын бал челек кармоочу ынак достору

Жээн-Кыштоо

Күн тоо чокуларына батып бара жатат, тоо боорлору карайып, аба муздай баштады. Тоодогу серпантиндер жогору карай жөрмөлөйт, төмөндө суусу ашып ташкан Нарын дарыясы албууттанат. Чукул кайрылыштар, чополуу жолдор – алдыда Жээн-Кыштоо күтүп турат.

Башка дүйнөдөн дөбөчөлөр менен бөлүнүп турган калктуу конуш. Мында онго жетпеген үй, айлана тынч жана жан киши көрүнбөйт. Акталган үйлөр жыгачтан жасалган ноолу менен курчалган, короолордо жаңгак, алма, анар өсүп турат.

Жээн-Кыштоо

Машинадан түшүп, котормочу экөөбүз үйлөрдү аралап жүрөбүз. Чакан короолор, таптаза кармалган бакчалар, эшиктин жанында балдар велосипеди турат. Мен көпчүлүктөн ушинтип эле бөлүнүп жашап кете алган эрктүү кишилерге дайыма кызыкчумун.

Бир үйдө анардын түбүндө чоң апа отурат. Гүлдүү көйнөк кийген, салттуу жоолук салынган. Жоолуктун астынан агарган чачтары көрүнөт, муун оорусунан жабыркап кыйшайган манжалары менен бутакты кармап турат. Чоң апа бул көрүнүшү менен ушунчалык пейзажга сиңип, алгач кимдир-бирөө аны отургучка ыңгайлуу отургузуп алып, андан кийин гана аны курчап турган бул дүйнөнү тарткандай элес берет. Көз ирмемге чыныгы дүйнөнү эсимден чыгарып, бейтааныш чоң апаны сүрөттү карагандай эле тиктеп туруп калыптырмын. Чоң апа биздин келгенибизди байкады, бирок такыр таң калган жок. Бир чети ашыкча кызыгуума уялдым, бирок эми токтоно албайт элем. Чон апаны көздөй жөнөдүк.

Зубайда чоң апа чөбөрөлөрү менен

Зубайда чоң апа – бул жердин сакчысы, паспорту боюнча ал 87 жашта, кийинчерээк айтканына караганда, ал учурда балага документ алуу оңой иш болгон эмес жана ага төрөлгөндүгү тууралуу кагаз беришкенде, чоңоюп калган кыз болчу экен.

--Канча жашка чыкканымды өзүм да билбейм. Паспорттогу туура эмес. Дегеле ал жакта кайсы жыл деп жазылып турганы маанилүү деле эмес. Менин жарык дүйнөгө келгениме көп болду, - дейт Зубайда чоң апа. Анын үнү жумшак, акыркы сөздөрү жаңырыкка айланат, бышып калган анар бутагында ыргалат.

-- Кызыл-Алма айылын билесиңерби? Мен ошол жакта төрөлгөнмүн. Ал эми турмушка Бекечал айылына чыктым. Бул тээтигил тарапта деп, Зубайда чоң апа, өткөн күнүнө саресеп салгандай, көзүн жүлжүйтө алысты карап калды. – Биздин айылды Нарын дарыясы бөлүп турчу, көпүрө жок эле. Мени тоголок машинеге салышып, тээ төмөн тараптан алып келишти, тоолорду ашып, жоон арканга илинген асма жашик менен келдик. Күйөөмө келип, кыргыз үйгө түштүк. Элдер келишти. Ошентип биз чогуу түтүн булатып, бирге иштеп калдык.

Ар бир адамдын жашоосунда эсинде түбөлүк сакталып кала турган күндөр болот. Жетимиш жылдан ашуун убакыт өтсө да, Зубайда чоң апа тоолорду ашкан, дарыя кечкен күнүнүн бир да көз ирмемин эсинен чыгарган эмес. Жыгачтан жасалган жашиктин тардыгы, арканы үзүлүп, кулап кетебизби деп корккону дале эсинде. Өзүнүн бул саякатын айтып берип жатканда, Зубайда чоң апа жашарып кеткендей, жүзүндөгү бырыштар жазылып, көзүнүн нуру жана түштү.

-- Кайын атам менен кайын энем карыган кишилер эле, мен аларга кам көрө баштадым. Жаш экениме карабай, кайын энем экөөнө жеңилдик болсун деп, кайын атамдын ордуна токой чарбачылыгында иштей баштадым. Жолдошум ал кезде армияда болчу.

Зубайда чоң апанын сегиз баласы бар болчу, азыр ал кичүү баласы менен жашайт. Анын баласы Шахматбек байке – меймандос, ачык-айрым киши экен, бизди чайга чакырды.

  • --Сиздин балаңыздын аты өзгөчө экен, - деп калдык.
  • -- Ал шахматты жакшы ойносо дегенбиз.
  • -- Ойнойбу анан?
  • -- Кээде гана ойнойт.
Зубайда чоң апанын ааламы

Зубайда чоң апанын айланасында Жер шары айланат, келини чоң апанын жоолугун оңдоду, небереси колун жууганга идиш алып келди, чөбөрөлөрү кезеги менен алдына келишет, ал аларды колуна алып, төбөсүнөн өөп коет. Мында эч ким эч кайда шашпайт, эч ким шашып-бушуп жан талашпайт. Дарыя агып жатат, тоо козголбой ордунда турат, анар өсүп жатат.

-- Менин дайыма кайын энеме боорум ооручу, анын жумушу көп эле, баласы болсо армияга кеткен. Ал көп кейибесе, кыйналбаса дечүмүн. Анын ордуна мен иштейин деп ойлочумун. Чай даярдап, бээлерди саап, кымыз жасачумун.

Зубайда чоң апанын назик, алсыз ийининде согуштун, ачкачылыктын, ажыроонун азабы, оор жүгү турат, бирок ал буларды эстегиси да келбейт. Саякаттар, узак сапарлар, жолдошунун мээримдүү ата-энеси, балдары, неберелери жана чөбөрөлөрү – мына анын жүрөгүнө жагымдуу эскерүүлөр.

-- Жашооңузда сизге кубаныч тартуулаган иштер болду беле? – деп сурадым.

-- Мен сайманы аябай жакшы сайчумун, кийин аларды үйдүн дубалдарына илип алчумун, - деп жооп берди Зубайда чоң апа.

Анын кичүү небереси Азамат ордунан турууга жардамдашып, аны бөлмөгө киргизди. Чоң апа бизге саймаларын көрсөткүсү келди.

Зубайда чоң апа Бекболсун небереси менен

Чакан бөлмөнүн боорунда кызыл, көк, сары чылбырлуу, кылдат, кынтыксыз тигилген, кайталанган оюм-чийимдүү килемче тагылып турат. Чоң апа өзүнө жаккан иши тууралуу айтып жатып, кээде бир топко тынып, унчукпай калат. Дубалдагы саймада анын жашоо картасы: ашкере жулунбай, бой көтөрбөй, “колуңдан келген ишти жаса, эч нерседен коркпо” деген көрсөтмөгө негизделген тегиз, таза жолдор, тапталган жалгыз аяк жолдор тартылган.

Зубайда чоң апа бул килемди кантип сайгандыгы тууралуу айтып берүүдө

Зубайда чоң апанын чөбөрөлөрү үчүн айтылган жомок

Тоодогу бир айылда баатыр жигит жашаптыр. Күчтүү, кайраттуу, тайманбас эр жүрөк экен. Атасы менен энесинин жалгыз баласы болуптур. Үй куруп, бак отургузуп, карышкырды колго көндүрүптүр. Бир гана үйлөнүүгө ылайыктуу өмүрлүк жар таппайт. Тегерегинде жакшы, мээримдүү кыздар көп, бирок бири да жүрөгүнө жакпайт. Ата-энеси небере көрүп, эркелеткиси келип, баласын кыйнайт. Балам, карачы, бир кошунанын кызы сулуу, экинчиники акылдуу, үчүнчүсүнүн колунан көөрү төгүлгөн уз. Сага деги эмне керек? Эмне керектигин баатыр өзү да түшүнбөйт. Мергенчиликке барат, иштерин жасайт, астыртан кандайдыр-бир белгини күтөт.

Бир күнү баатыр атын минип алып, тоонун чокусуна чыкса, башка тоонун чокусунда талаа гүлдөрүнөн терилген гүл чамбар кармаган бир кыз турат. Баатырдын жүрөгү ордунан козголуп, катуу-катуу сого баштайт, мурун мындай сезим болгон эмес. Ал атын токтотуп, кызга ийилет. Кыз уялат, бирок кетип калбайт, баатырдын көзүнө тике карайт. Баатыр кызга кол сунса, туңгуюкка кулап кетчүдөй болот. Тээ түпкүрдө дарыя албууттанып агып жатат, ал жакты кароодон көз айбыгат. Баатыр аттын үстүнөн жапайы жаныбарды кармоо үчүн жасалган жашикти алып түшүп, жаанын жибин тартып, кошуна тоонун аскалуу боорун карай жебе атат. Жаанын жибине байлап, жашигин кошо кое берет. Кыз мунун баарын карап турат, түшүнбөйт, бирок көзүн бекем жумган бойдон жашиктин ичине кирип, капкагын жаап алат да, туңгуюкту аралап, түз эле баатырдын кучагына учуп барат. Баатыр үйүнө жаш аялын алып келет. Ата-энеси таранчыдай болгон кичинекей кызды көрүп, же колунда байлыгы жок, же ата-энеси кадырлуу-барктуу адамдар эмес, бизге деги кандай келин туш болду дешип, таңдана кабатырланышат! Баатыр ата-энесине эч нерсе деп жооп кайтарбайт, согушка даярдана баштайт, душмандар, адаттагыдай эле, күтүлбөгөн жерден келишет. Ал согуш көпкө созулат, согуш талаасында көп баатырлар курман болушат. Шаар, айылдардын катуудан казаны, жумшактан күлү калат, кайгынын кара булуту каптайт. Аксаган атын минип алып баатыр жигит үйүнө кайтат, атасы менен энесин тирүү көрөрүнө ишенбейт. Туулган үйүнүн карааны көрүнгөндө, жүрөгү опколжуп, тез-тез согот. Анын бакчасы жапжашыл болуп кулпуруп, нандын жыпар жыты буркурап, ата-энеси анардын түбүндө отурат. Баатыр жигит ата-энесин алмак-салмак кучактап, көзүнүн жашын көрсөтпөй аарчыйт. Ата-апа, келиниңер кайда, менин таранчым кайда деп, болгон күч-кайратын топтоп араң сурайт. Кимди сурап жатканыңды түшүнбөй жатабыз, - дейт ата-энеси. Биздин кызыбыз – аябай камкор бүркүтүбүз бар. Таранчы кыраан бүркүткө айланат деп ким ойлоптур...


Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан каржыланат. Аталган материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун көз карашын чагылдырбайт.