Жомоктогудай Кыргызстан

Нарын облусу

“Жомоктогудай Кыргызстан” – бул Диана Светличнаянын өлкөнүн жети облусун чагылдырган материалдарынын топтому. Бул – шаардык жарандын айыл жергесинин жашоо шартына карата көз карашы. Салттуу үй-бүлөнүн назик дүйнөсүнүн эшигин ачуу, кыргызстандыктардын улуу-кичүү муунун бириктирүүчү тарыхый баяндарды жана жомокторду жазып алуу, алардын баалуулуктарын талдоо аракети.

Жандептер

“Жогору чыгып бара жатабыз. Өтө чукул. Күчтүү, саксайган топоздор ылдый жакта калды. Машинанын үстүн жана терезелерин мөндүр сабап жатат. Кууш жол. Бул жолго эки машина катарынан батпайт. Дөңгөлөк алдынан учкан таштар туңгуюкка сиңип жоголот. Жүрөгүң оозуңа тыгылат.

Булут үстүндөгү отуз үч имерилиш. Коркунучтун отуз үч түрмөгү. Аттракцион -- серпантин.

Акыр-аягы машина коопсуз жолго чыкты, анан эле берешен бирөө асман бетин толтура түркүн-түстө кубулжуган асан-үсөндү жая салды. Так биздин алдыбыздан чалкып жаткан туптунук көл чыга келди. Соң-Көл! Деңиз деңгээлинен үч миң метр бийиктиктеги жер. Көк асмандын учуна тийип тургандаймын.

Мамыры гүл, кара илек-илектер, Альпы тоосунун шалбаалары жана тептегиз шагыл, майда таштар. Көз алдыңда жыл мезгилдери биринин артынан бири өзгөрөт, сени кулатып кетчүдөй ушунчалык күчтүү шамал. Түркүн чөптөрдүн керемет жыттары, жылкылар, боз үйлөр, ачык түндүктөн жымыңдаган сан жеткис ири алмаздар. Боорсок менен каймак, түтүнү булоолонгон самоордун чайы жана очок ээси, меймандос чоң апа. - Чоң апа, көлдүн жанында отургандар кимдер? - А… тигил жубайларбы? Француздар. Келгендерине бир жума болду. Аларга тамак бышырып берип жатам. Кыйратып деле жешпейт экен. Эртеден кечке ушинтип эле унчукпай, сууну тигилип тиктеп отура беришет”.

Жандептерлер куса болгон жана капа болгон учурларда аябай пайдалуу. Мурунку жашооңо кайтып баргансып, унутуп калган жытты искеп, үндөрдү эстеп жылмайып аласың.

Муну жазганыма он жылдай болуп калды, ар бир окуган сайын толкундануу, кубануу, денени майда калтырак басуу сыяктуу сезимдерди тартуулаганы үчүн, жандептеримди аябай жакшы көрөм – булардын баары Нарын облусуна барган биринчи сапарымда болгон.

Нарын облусу Бишкектен төрт сааттык жерде жайгашкан, бирок бул жакта таптакыр башкача климат, рельеф, аба. Бул чыныгы бийик тоолуу аймак жана өлкөнүн эң муздак жери. Кышында бул жерде оңой эле мурдуңду үшүккө алдырып алсаң болот (температура минус элүүгө чейин төмөндөйт). Бирок, Кыргызстандын бардык башка жерлеринде жан чыдагыс, мээ кайнаткан ысык болуп турган кезде, бул жакта салкын жана таза аба.

Түштүк-чыгыштагы Тянь-Шань тоо кыркаларына карай

Бишкекте асфальт эрип, тал-теректердин саргайган алгачкы жалбырактары түшө баштаган, арыкта куймалар бак-дарактарга жетпей абада бууланып жок болууда. Аба ырайын изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Нарын облусунда нөшөрлөгөн жаан болот. Куртка, жамгырда кийүүчү кийим, суу өтпөс бут кийимдерибизди алдык. Эртең менен эрте жолго чыгабыз.

Шаар уктап жатат, жолдор ээн. Бир-эки сааттан кийин баары азан-казан түшүп, буркан-шаркан кайнаган жашоо башталат. Жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүндө каз-катар кезек күтүүлөр. Борборду көк түтүн каптап калат. Бишкек дүйнөлүк автоташтандыга айланган – минтип айтыш кыйын, бирок акыркы жылдарда унаалардан чыккан түтүндөр шаардыктар колдонгон жападан-жалгыз өндүрүм болуп калган. Уу менен дем алып, какап-чакап жатабыз да, баары жайындагыдай эч нерседен сыр бербейбиз.

-- Айырманы байкап жатасызбы? Дем алуу жеңилдеп калды, – дейт котормочу Бишкектен чыга берерде.

Токтодук, талаага чыктык. Дем алып жатабыз.

Бишкектен чыга бериштеги талаалар

Борбордон алыстаган сайын, аба, көк чөп, жашоо арбыгандай. Бакчалар жыш, жапжарык, шире-шербеттүү; талааларда трактор жана комбайндар жүрөт, элдер иш менен алек. Тоо этектери көк чөпкө оронгон, ал эми чокулары апаппак, булуттар каалгып сүзгөн кант кебезине окшош.

Нарынга карай жол

Нарын облусуна кире берер жерде бизди убада кылынган жамгыр тосуп алды. Жаан асмандан чакалап куюп жатат, машинанын маңдайкы терезесиндеги суу тазалагычтар жетишпей жатты, көзгө эч нерсе көрүнбөйт. Божомолдоп эле бара жатабыз, жөрмөлөп бараткандайбыз, баш көтөрүп алдыны кароодон айбыгабыз. Бир маалда тарса-турса үндөр токтоп, салмактуу булуттуу көшөгө тартылып, сахнада күн көрүнө баштады. Жымжырттык, көк чөп, тазалык. Асман экиге ажырагандай: биринде бозомук түстүн баары, экинчисинде таптаза көгүлтүр түс.

Тоолордо күн күркүрөп, чагылган чартылдап калдайган бопбоз асман тең экиге ажырагандай, караңгылык менен жарыктын күрөшү акыр заман тууралуу голливуддук коркунучтуу тасмаларды эске салат.

Нарынга карай жол

Орто-Токой суу сактагычы – Ысык-Көл менен Нарын облустарынын ортосунан бөлүп турган шарттуу белги, ал жол боюнда жандуу сызык сымал созулуп жатат, көл асмандын маанайына жараша бирде зымырыт сымал жапжашыл тартып, бирде көгүлтүр түстөнүп өзгөрүп турат. Бирде кеңейип чалкыса, бирде ичкерип тарыйт. Анын жээги же сапсары кумдак, же кыпкызыл ылай. Айлана-тегереги көз тайгылтып керилген мейкиндик, адам изи көрүнбөйт. Бейпилдик, кол тийбестик, тазалык.

Орто-Токой суу сактагычы

Биздин жолубузда кайдан-жайдан пайда болгон төөлөр көрүнө калат. Алардын өздөрүнө болгон ишеними бекем, мурду көтөрүлгөн, көздөрү акылдуу. Биз аларга жакындаганыбызда, алардын бир нерселерди эле көздү жумуп алып, кереметтене чаймаңдап жаткандарын көрөбүз, кээси биз тарапты карап коет.

Бала кезимде “Ак тайлак” деген кызыл-тазыл сүрөтү бар, достук тууралуу сонун жомок китебим бар эле. Мен бул окуяны жакшы көрчү элем, анан апам мага көп жолу кайталап окуп берген. Төөлөр кайда жашашат деген суроомо ата-энем чөлдөрдө жашайт деп жооп беришчү. Болгону алар Нарын облусунда болгон эмес көрүнөт.

Орто-Токой суу сактагычынын эркиндикти сүйгөн, көз карандысыз төөлөрү

“Ак тайлактын” автору Шүкүрбек Бейшеналиев Нарын облусунун чакан айылында төрөлгөн, ошондуктан тайлактын анын жомогунун негизги каарманы болушу да бекеринен эмес деп ойлойм, балким, ал бул жаныбарларды өз турмуш-тиричилигинде далай көрүп, алар тууралуу бир нерселерди билгендир.

(Бейшеналиевдей жазуучуну унутуп коюу туура эмес деп эсептейм. Анын балдар үчүн жазган китептери күн нурун, сүйүүнү, кубанычты камтыйт. Анын “Чынара” аттуу аңгемеси айылдагы чоң апасына келген, шаардык кыз Чынаранын керемет баяны, чоң апасы экөөсү дүйнөнү бирге тааныган, эң жакын досторго айланышат. Аңгемени интернеттен табууга болот. Аны балдарыңыздарга окуп бериңиздер).

Исакеев айылы

Жол белгилери даана көрүнгөн жакшы жол экен. Жол боюндагы теректер шуулдайт. Тыпыйган үйлөр, жапыс дарбазалар. Короолордо жана бакчаларда баары гүлдөп, түшүм байлап турат. Жаны тынбаган иштерман кожоюндун колу байкалат.

Жол жээгинде колуна кетмен кармаган киши арыктагы сууну өз жерине карай буруп жатат. Ишине өтө берилгендиктен, биздин келгенибизди шыр эле байкай бербеди.

-- Ой, токтогула! Азыр анча жакын келгенге болбойт да! – деп арыктын аркы бетинен кыйкырып калды. Бишкекте абал кандай?

-- Турукташып калды, - деп биз да жооп катары үнүбүздү көтөрүп кыйкырдык.

-- А мага Америкадагы балам телефон чалып алып, эч кимди жаныңа жакын жолотпо дейт. Же ал мени жөн эле коркутуп жатабы? – кетменин жерге таштап жатып, сурап калды.

-- Балаңыз туура айтып жатат, аралыкты сактаган туура, - деп макул болдук биз.

Исакеев айылынын тургуну Токтосун байке

Токтосун байке өмүр бою Кочкор районунда жашаган, анын тагдыры жер менен тыгыз байланышкан, ал – агроном. “Эмгек маймылдан адамды жараткан”—бул анын сүйүктүү фразасы, анын философиясы.

-- Эгер иштесең, жалкоолонбосоң, сенде баары болот, - дейт Токтосун байке. Биз аралыкты сактап турдук, ал ишин токтоткон жок, жубайым экөөбүздүн төрт балабыз жана бир кызыбыз бар, баары чоңоюп калышкан, баарынын өздөрүнүн балдары бар, алар бала кезден жакшы жашоо үчүн көп иштөө керектигин билишет. Биз жер иштетебиз, бир нече гектар жерибиз бар, мал багабыз – жүз кой, отуз уюбуз бар; такыр ишсиз олтурбайбыз. Эт, сүт, жашылча – баары өзүбүздөн чыгат. Сууну буруп бүтүп, Токтосун байке кетменин көтөрүп, картошка тиккен жерине карай жөнөдү. Анын картошкасы кол менен тартылган сүрөттөгүдөй: бир тегиз, бир да чөбү жок. Чөбүн отоп, түбүн үйүп кетмендеди.

Исакеев айылынын тургуну Токтосун байке

-- Эки баламдын Америкага кеткенине сегиз жыл болду. Жаштардын айыл жериндеги жумушту кылгылары келбейт. А бизде булардан башка иш жок. Балдарым жогорку билимдүү, колдорунан баары келген жөндөмдүү. Анан Америкага кетип калышты, бири Кеннеди аэропортунда аба тилкесиндеги жарыктандыруунун абалын текшерет, экинчиси эмерек жасоочу компанияда иштейт. Экөөсү тең Нью-Йоркто жашашат.

-- Балдарыңыз сизден алыс экен...

-- Бирок, азыр байланыш башкача да, алар жаныңда жүргөндөй. Телефондо видеобайланыш деген бар, көрүшүп турабыз, сүйлөшүп турабыз. Улуу баламдын үч баласы бар, мектепке барышат. Бул жакта жети, ал жакта үч неберебиз бар.

-- Балдарыңыз кетип жатканда, катуу кейидиңизби?

-- Алар иштегени кетип жатканын түшүнүп турдум. Эгер бир жерде иштей албаса, башка жактан издеп көрүү керек. Эмгектенүү керек. Абийирин таза сактоо, адамгерчиликтүү болуу – ушунун өзү, балким, жашоонун маңызы чыгар. Адам дайыма изденүүнүн үстүндө болуу керек, эгер ал иштебесе, бузула баштайт. Энгельс эмгек адамды жаратары тууралуу айтпады беле?! Мына биз иштеп жатабыз. Мен жетимишке чыктым. Бүгүнкү күнгө чейин иштейм, азыр талааларды сугаруу иши жүрүп жатат. Мен чөптөрдү чаап жыйнап алдым, дагы бир чабымы калды. Төрт гектарга арпа айдаганбыз. Бул жылы арпа мол түшүм берди.
–- Балдарыңыз Кыргызстанга кайтып келеби? Кандай ойлойсуз?

-- Ачыгын айтайын, аларга ал жак жагат. Ошол жактан алар өздөрүн, жаккан нерселерин табышты.

-- А неберелериңиз эне тилин билеби?

–- Жакшы билбейт... Алардын апасы орус тилдүү, чүйлүк, алар орус жана англис тилдерин жакшы билишет. Кыргызча бир нерсе айтсаң, түшүнөт, бирок орусча жооп беришет.

–- Азыркы балдар жыйырма жыл мурдагы балдарга окшошпу? Кандай ойлойсуз?

-- Айырмасы бар. Мурун мугалимдин сөзү мыйзам эле, азыр балдарды бир топ эркин тарбиялашат. Байбичем балдарды аябай катуу тарбиялагансың, алар өз ойлорун ачык айта алышпай калдыбы...? – дейт. Мен антип ойлобойм. Мен балдарды эч качан урган жокмун, жөнү жок таарынткан жокмун, кээде урушуп, эскертүү берип кочумун. Ансыз болобу? Мына, азыр баары өз алдынча, бактылуу адамдар.

–- Сиздин оюңузча, бакыт деген эмне?

–- Бакыт – бул үй-бүлө, баарынын дени сак болушу. Бул жогортон берилген жашоону татыктуу жашап өтүү. Балдарыңдын жакшы, жашоолоруна тың адам болушу. Мурун азыркыдай болуп, “бар болсун”, “бай болсун” деп айтчу эмес да.

Токтосун байкенин чарбачылыгы

Токтосун байке бизге өз чарбасын көрсөттү. Байбичесинин гүлзары менен мактанды, малынын жем-чөбүн берди, кошуналары, айыл сыймыгы болгон адамдар тууралуу айтып берди. Биз коштошкону калдык.

-- Кооздукту көргүңөр келеби? – деп сурап калды Токтосун байке капыстан эле. Биз баш ийкедик. Ал биздин машинага отуруп, жол көрсөтүп барды. Биз анын үйүнүн артынан кайрылып, кумдуу жол менен тоону карай жол алдык, дөңгөлөктөр илээшкек ылайга тыгылып, жол чукул бийиктей баштады. Жүрөктөр катуураак сого баштады, ушул жол менен кайра ылдый түшүү керектигин ойлогондо, чыкыйлар сайгылашып, тамагым кургап кетти.

-- Бул кочкорлук панорама. Бул жакка өзүбүздүкүлөр гана келишет. Карагылачы. Эмне деген кооздук! – деди Токтосун байке машинадан сыртка чыгып. Биз тоонун чокусунда турдук. Токтосун байке дүйнө чокусунда турду.

Кочкор панорамасы Токтосун байке

Токтосун байкенин неберелери үчүн айтылган жомок

Илгери-илгери бир айылда эки бир тууган жашаган экен. Мал багып, жер иштетип, ата-энелерин урматтап-сыйлап жашашчу экен. Өз ишин жакшы көрүп, бийик тоолорго, шаркырап аккан дарыяларга, керилген жапжашыл талааларга суктанып, моокумдары канчу эмес. Бир күнү айылды бороон-чапкын каптаптыр, ал ушунчалык күчтүү болгондуктан, жылкыларды учуруп, бак-дарактарды тамыры менен жулуп, үйлөрдүн чатырларын алып кетиптир. Ал кезде бир туугандар талаада чөп чаап жүрүшкөн экен. Шамал аларды да учуруп, айылдын, талаалардын, тоолордун, деңиз-океандардын үстүнөн алып өтүптүр. Ата-энеси зар какшап ыйлап, балдарын ойлоп сар-санаага батышыптыр. Аларды эми кайдан издешет? Деги алар аман калды бекен?! “Атасы, бар, балдарыңды изде”, - деп апасы кам-көшүн даярдап берет. Атасы таң эрте жолго чыгат, тоо-талааларды аралайт. Айыл-кыштакты басып өтөт; жолунан чыккан ар бир адамдан кең далылуу, ачык жүздүү эки баласын көргөн-көрбөгөндөрүн сурайт. Жок, анын балдарын эч ким көрбөптүр, аларды кайдан издөө керектигин эч кимиси билбейт. Атасы деңиз-океанга жетип, кичинекей кайыкка олтуруп, сүзүп кетет. Аптаптуу ысык күндөрдө, мупмуздак айлуу түндөрдө көпкө сүзөт, деңиздеги катуу шамалды башынан өткөрдү, акулалардан ажал таппай аман калды, акыры жээкке сүзүп жетти. Атасы айлана-тегерегин жакшылап караса, жээктеги айыл анын айылына окшош, тигинде анын үйү турат. Үйүнүн жанында эки баласы кайык жасап жатышат. Балдарын карай чуркап жөнөйт, аларды кучактап, кантип, кандайча, бул жакка келип калгандарын сурай баштайт. Балдары ыйлап, колун жүрөктөрүнө коюп: “Мына бул жактан келдик, ата! Чочун айылда кеме жасай албадык. Өз үйүңдө ишиң да жакшы жүрүшөт, мына жасап койдук”.

Жамиля эже Нарында төрөлүп-өскөн. Исакеев айылында аны баары тааныйт, баары урмат-сый менен сөз кылышат. Жамиля эже 45 жыл мында буудай сактоочу кампанын башчысы болуп иштеген. Ал иштегенден коркпойт. Эч качан ишсиз отурбаган, кыймылдуу, жеке көз караштарга ээ заманбап аял. Биз ал эже күтпөгөн учурда барып, жыты каңылжаарды өрдөгөн, жаңы бышкан даамдуу нандын үстүнөн чыктык. Мындай нанды мен бала кезимде гана жегенмин.

-- Алыңыздар, нан жеңиздер. Бул биздин буудайдан жасалган нан, башка ундан такыр нан жасабайм, - деп Жамиля эже бизди дасторконго чакырды. Бал, кыям – булардын баары өзүбүздүкү. Биз дээрлик эч нерсе сатып албайбыз.

Жамиля эже тамак-аш даярдоодо

Бизге бул жердегилердин баары кызыктуу болду. Исакеев айылы Нарын облусу тууралуу биздин билгендерибиздин баарын жокко чыгарды: жапжашыл короо-жайлар, жыш бактар, өздүк жашылча-жемиштер, үйдө өстүрүлгөн гүлдөр. Эмне үчүн бул өрөөндү бир беткей мал багуучу аймак деп ойлоп алганымды билбейм.

Жамиля эженин алсыз жагы – үйдө өстүрүлгөн гүлдөр

- Бул жылы турмушка чыкканыма 46 жыл болот. Менин беш балам бар. Ар биринин төрттөн-бештен балдары бар. Биз чоң, бактылуу үй-бүлөбүз деп ойлойм, балдарыбыздын баарынын иштеген иши бар, бешөөсү тең жогорку билимдүү. Мен алардын бирин да чет жакка чыгарган жокмун. Дайыма айылда эле иштегиле, жер иштеткиле, ким иштесе, ал тиштейт деп көп айтчумун. Азыр мурункуга караганда, бир топ жакшы заман: адам дайыма тандоо укугуна ээ, иштерин техника жеңилдетип турат. 1994-жылы жер үлүштөрүн бөлүштү, анан балдарга иштегиле, жер айдагыла дедим. Бул силердин жериңер, сатпагыла, көздүн карегиндей сактагыла, бул биздин үй-бүлөлүк баяныбыз дедим.

Жамиля эженин короосунун көрүнүшү

Жамиля эженин ою боюнча, кыргызстандыктардын көбүнүн көйгөйү –иштегенди билбегендикте, жалкоолугунда, бактысын башка өлкөлөрдөн издегендигинде.

-- Мен балдарыма ата-эненин жанында, өз айылыңда жашап деле бир топ нерсени жасоого болорун көп айтам. Балдарым айыл чарбасында иштешет: мал багабыз, буудай, сулу айдайбыз, гектарлап картошка тигебиз. Бир неберебизди финансы техникумуна, экинчисин айыл чарба институтуна ветеринар факультетине окууга өткөрдүк. Кыздар да өз ордуларын табышты, кудайга шүгүр, баары жакшы. Дасторкондо баарыбыз чогулуп калганда эле, мен жер жөнүндө, айыл чарбасында кантип иштегендигим жөнүндө айта берем. Балдарым: “Апам дагы өзүнүн жерин айта баштады...” – дешет.

Жамиля эже айылда даттана турган эч нерсе жок дейт, бала бакча бар, ар бир үйдө суу бар, жолдор оңдолгон, күн-түн свет өчпөйт. Буудай кампа иштеп жатат, климат ыңгайлуу, мында эң даамдуу картошка өсөт.

-- Балдарыма: “Бир жактарга барып, эмне кереги бар. Өз жериңерде иштеп деле, каалаган нерселердин баарына жетүүгө болот деп көп айтам”. Ооба, окуш керек, технология бир ордунда турбайт, баары өнүгүп жатат, ар кандай телефондорду чыгарып жатышат, айылдагы балдар да интернетке кире алышы керек. Мына мен дагы улгайган аял болуп туруп, ушулардын баарын колдоном, а жаштар баарын сөзсүз билиши керек да.

-- Пандемия сиздердин айылдагы жашоого кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргиздиби?

– Ооба, биз аралыкты сактап, бет кап тагынып калдык. Балдар онлайн окушуп, биз аларды эч жакка чыгарбай калдык. Кудайга шүгүр, азыр бир аз басаңдап калды окшойт. Менин курагымдагылар катуу чочуп калышты, бирок иштегенди, кыймылдаганды, бир нерсеге алаксыганды токтотпоо керек. Биздин айылда баары оңолду, экинчи толкун болбойт. Бирок, эртең эмне болорун эч ким билбейт... Балдар менен неберелерим экологиялык жактан таза гана тамактарды жешин талап кылып жаттым: кой союп, шорпо бышырып, кола дегенди жолотпой, кымыз, анан салттуу кыргыз тамактарын гана даярдадык. Бул күчүңдү арттырат.

-- Сиздин айылдагы күчтүү адам деп кимди айтууга болот? Көп жерлерде баатырларын эстеп кеп кылышат.

-- Биздин айылда иштен коркпогон киши баатыр болуп саналат. Менин түшүнүгүмдө дайыма ушундай болуп келген. Биздин айылда ар кандай жумуштарда: зоотехник, саанчы, сугатчы, кампачы, депутат болуп иштеген аялдар көп. Сугатчылар облустук кеңештин депутаты да болушкан. Бир звенодогулар, мурун ушундай аталчу, элүү гектар жерди алышып, аны иштетишкен, эч кандай кыйынчылыктан коркушкан эмес.

Айылда кезекти ушинтип кургатышат

– Көптөр Нарында эттен башка эч нерсе жок деп ойлошот. Бирок, кочкорлук картошка – бул бренд. Быйыл анын баасы жакшы болот деп үмүт кылабыз, өткөн жылы анын баасы арзан болгон. Нарында эң жакшы эт, сүт, кымыз, айран бар. Өзүбүз үчүн алма, абрикос, карагат өстүрөбүз, булар бардык короодо өсөт.

Көчөдөн үйгө Жамиля эженин небереси Темирлан кирип келгенде, анын жүзүн билинер-билинбей жылмаюу жаркытып турду, ал кубанычын жашыра алган жок, бирок, карманып, олуттуу үн менен: “Мен айткандын баарын жасадыңбы? Атаң кууп жибердиби? Тоокторго жем бердиңби?” – деп сурады.

– Бала кезинен эмгекке көндүрөбүз, айыл жеринде бул өтө маанилүү. Күнү бою телефон тиктеп интернетте отурганча, таза абада алма, өрүк тергени жакшы да. Жүргүлө, силерге бал челектерди көрсөтөйүн. Биз өзүбүз үчүн гана бал чогултабыз, балдарыма, неберелериме да жетет. Балдар-неберелердин курсактары ток, кылган иштери бар, менин көңүлүм тынч.

Жамиля эженин небереси – Темирлан Темирландын чарбачылыгы Жамиля эже жана анын небереси Темирлан

Темирлан үчүн айтылган жомок

Илгери-илгери бир айылда тентек, шайыр бала жашачу. Бирок анын ойногонго такыр убактысы жок эле. Баланын кылар иши көп эле: кой жаюу, тоокторго жем берүү, алма-өрүк терүү, чоң апасына жардам берүү. Балдар сууну карай чуркашып, жүр, сууга түшүп келебиз дешип, бир-бирин чакырышат. Бала иштеримди бүтүрүп, артыңардан барып калам деп, аларга кол жаңсап коюп, кылып жаткан ишин уланта берчү. Күн болсо батып бара жаткан болот, балдар суудан кайтып келе жатышат. Чоң апанын небересине боору ооруп, туулган күнүнө сыйкырдуу таякча белек кылат. “Сенин жумуштарыңды ал жасап бербейт, бирок аны чөнтөгүңө салып жүрсөң, иштериң батыраак бүтөт”, - дейт балага. Бала сүйүнүп, таякчаны чөнтөгүнө салып алат, анан чындап эле өзүн бат, ыкчам кыймылдагандай сезип калат. Колуна иш турбайт, ал баарына жетишет, койду да жаят, тоокторго да жем чачат, алма-өрүк терет, балдар менен барып сууга түшүп келет, анан да бош убактысы калат. Жай бою бала сүйүнүп жүрөт: “Ой, укмуш таякча; сыйкырдуу деген ушундай болот турбайбы?!” Бир күнү бала чоң апасына чуркап келет, төшү ачык, көзү жашылданган: “Чоң апа, сүйүктүүм менин, мени балээ басты. Сыйкырдуу таякчамды жоготуп алдым, чөнтөгүмдөн түшүп калыптыр, эч жерден таппай койдум!” Бала чоң апасынын бооруна жармашат, көзүнөн мөлтүр жашы тамат. “Чоң апа, мени кечирип койчу, мен эми мурункудай баарын өз убагында жасап жетише албайм”, - дейт бала улутунуп. “Жетишесиң-жетишесиң”, - дейт да чоң апа бактан дагы бир кургаган бутакты сындырып берип коет.

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан каржыланат. Аталган материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун көз карашын чагылдырбайт.