Билим алуу жана саякаттоо — мен баш тарта албай турган, бактылуу кылчу нерселер. Белгилүү университет же үйүңдүн жанындагы орто окуу жайдын кайсынысынан жакшыраак билим аларыңды же кымбат баадагы турдан же акысыз эс алуулардын кайсынысынан көбүрөөк таасирленериңди эч качан билбейсиң. Базардан бир аксакалдын окуясын угуу — бул дагы билим алуу, эч ким жашабаган жакынкы бир шаарчага баруу — бул да саякат.
«Бүгүн биз алыскы сапарга чыгабыз», — бала кезимде апам ушинтип айтып калчу. Үйдөгү советтик муздаткычта болгон нерселерди баштыктарга салып, бардык үй-бүлөбүз менен жаңы жерлер менен таанышууга жолго чыкчубуз. Эки — беш — жүз чакырым — бул дайыма жаңы тажрыйба, жаңы ракурс. Шарт өзгөргөндө, адамдар өзгөрөт. Адам үйүнө өзгөрүп башка адам болуп кайтат.
Башкаларды көрүү менен гана өзүңдү таанууга болот. Кол алдыңдагы байкалбаган нерселер сырттан, алыстан жакшы көрүнөт.
Өткөн жылы жолдошум экөөбүз жумушубуз көп болгон учурда, дем алыш күндөрү бир күндүк эс алуулар менен абалдан чыгып жүрдүк. Балдарды алып, Кара-Балта, Кант, Токмокко эле барчубуз. Чочун эс алуу багындагы тыйын чычкандарга жем берүү, бейтааныш чымчыктардын үнүн угуу, жол боюндагы кичинекей кафеге кирүү — бир учурдун жападан-жалгыз кубанычына айланып, тулку-бойду жазууга, сарсанаа, кусалыктан кутулууга жардам берет.
Бирок, бул окуя саякат тууралуу эмес. Бул көнүп калган алкактан чыгып, бейтааныш өлкөдө өз ордун таап, ордун алмаштыргыс адамга айланган кыргызстандык күчтүү айым тууралуу окуя.
Бул кышта мен биринчи жолу Таиландга барып калдым. Эч кандай милдеттенмелер жүктөлбөгөн сапар. Пальмалар, пляж, күн, деңиз. Бир нече күндүк эс алуу. Майда кумдун үстүнө сүлгүнү жая калып, толкундардын шыбыр добушун тыңшап, таң калыштуу жемиштерди жеп, буту-колуңдү сунуп жатасың. Жөн эле жей бер!
Мени дайыма социалдык тармактардагы: «Париждин кайсы жеринен лагман жесе болот?», «Москвадагы жакшы манты жасаган кафелерди айтып коесуздарбы?», «Вашингтондо аш таппай өлүп баратам» дегендерди окуп алып, күлкүм келчү. Бирок бир күнү Пхукетте менде да бир башкача сезим пайда болду. Мага тааныш кафелердин жанынан өтүп бара жатып, мен кубанганымды деле байкаган жокмун. Деңиз азыктарын каалабай калдым, дегеле экзотикадан жадап кеттим. Дагы деле пловсуз өлүп бара жатам дей албайм, бирок көздөрүм бир нерселерди эле издеп жатканын түшүнүп жаттым. «Березка», «Алтай», «Матрешканы», бургерлерди, стейктерди кызыгуу менен карай баштадым. Меймандос Таиланд колдо барын төгүп, болгон нерсесин сунуштап жатат. Бирок, мунун баары жакпай турду.
Алдымдан «Чайкана» деген жазууну көргөндө таң калбадым. Атайлап издеп келбедим, туристтик ызы-чуусу жок тынч жерде (эгер Пхукеттеги кайсы-бир жерди ушинтип айтууга болсо) эле алдыман чыкты. Эч нерседен үмүттөнбөй эле, чайканага кирип-отуруп, менюдагы көзүмө урунган биринчи эле тамак, лагманга буйрутма бердим. Аны күтүп олтуруп, туш тарабыма байкоо салдым, көбүнчө орусча сөздөр угулуп жатты, күйүп калган мурдумду башкалардын териси түлөгөн жондоруна салыштырып карап олтурдум, тааныш тамактардын жыты аңкып турду. Ошондо да өзгөчө бир нерсени күтпөдүм. Мага лагманды алып келгенде, денемди жыйрый калдым. Суу, ун менен иштөө оңой эместигин, алардын өлчөмү ар кайсы тамак үчүн ар башкача болорун, даамдуу тамактын сыры манжалардын учунда экенин билген адам ашпозчу кайда өсүп чоңойгонун бат эле билип коет. Ичке, чыйрак камырды карап туруп, ашпозчунун мүнөзүн көрүп турдум, анын майга жылтырап, үстөлгө ийкемдүү урулуп, чоюлуп жатканын элестетип жибердим. 5-класста окуган кезинде эле он эки кишилик үй-бүлөгө лагман даярдап, эти оозуңда ээрип, ар бир кесими калыбында болушу үчүн жашылчаларды азыраак кууруш керектигин үйрөткөн эң жакын курбумду эстедим. Кесме менен куурмасын өз-өзүнчө гана берүүнү да курбум үйрөткөн! Эркектерге тике тиктебөө, жолуктун учун тиштеп алуу, оң колуңду көкүрөгүңө коюп анан кетүү — баары курбумдун мектеби.
Жаңы эле алып келинген нан, туура демделген чай менин ордумдан туруп, барда турган адамга баруума түрткү болду.
Кечтин калган бөлүгүнүн баарын, чайкана жабылганга чейин анын кожоюну Вячеслав менен сүйлөшүп өткөрдүм. Ал Ташкентте өткөн балалыгы, Москвадагы жашоосу, анан жакында эле Таиландда бир да чайкана болбогондугу, эми Пхукет аралында үчөө бардыгын, анын экөөсүндө Кыргызстандан келген ашпозчулар иштээри тууралуу айтып берди.
— Бул оңой жумуш эмес. Баары чыдап иштеп кете албайт. Чыныгы ашпозчуга бул өнөр кан аркылуу берилерин билесизби?! Буга үйрөнуп алууга болбойт, мындай өнөр менен төрөлүш керек. Мен мындай адамдарды шыр эле тааныйм.
Саат он бирлерде гана келгендердин аягы суюлуп, чайкана бошоп калды. Мага ашканын ээси Захида чыгып келди. Ал жай сүйлөп, жылмайып турду. Анын ойлуу көздөрү мени изилдеп жаткандай сезилди.
Кийинки күнү таңкы саат 8.30да Захида иш ордунда болду. Чайкана сыртынан уйкусурап тургандай сезилгени менен, ашканада баары кайнап, шуулдап, кымкууттанып турат. Захида бир күндүк даярдыктарын көрүп жатты.
— Ысык жерлерде алдын ала даярдап кое албайсың, баары жаңы куурулуп, жаңы бышырылышы керек. Бирок, кардарлар көп күтө албайт, кайсы тамак болбосун 15 мүнөттүн ичинде берилиши керек. Тай ашканасында муну жасоого болот — деңиз азыктары 5-7 мүнөттө, жашылчалар андан да тез даярдалат. Бирок, өзүңүздөр билгендей, аш, манты, лагманды 15 мүнөттө бышыра албайсың. Ошондуктан мен эч ким жокто эртерээк келип, баарын алдын ала даярдай берем, — дейт Захида.
Анын сөзүнө караганда, таң эрте — анын жактырган мезгили, шашпай, кылып жаткан нерсеңден ырахат алып, ар нерселерди ойлоп жасай бересиң.
Захиданы ойлонтчу нерселер бар. Бишкекте анын кызы жана баласы калган.
— Мектепте окушат. Апама калтырып келгем, — унчукпай, көпкө казанда куурулуп жаткан этти аралаштыра берди.
Көп жылдар бою өзүн бактылуумун деп жүргөн. Жолдошу бар, эки баласы бар, баары ойдогудай. Бир күнү күйөөсү кийимдерин жыйнап кетип калганга чейин, таянар тоом бар, баары жакшы эле дечү. Бир күнү эле таянычы да жок, үйү да жок балдары менен ай-талаада калды.
Захида буларды кыйналып айтып жатканын түшүнүп турдум, сүйлөп жатып демин жыйып, унчукпай калып жатты. Бирок, бир да жолу кууругучун колунан түшүрбөй, шайдоот кыймылдап, бардык ишти жайгарып жатты — ар бир кыймылы бийлеп жаткандай жеңил, ийкемдүү. Бир нерселерди тазалайт, туурайт, аралаштырат.
— Ал учурда кайда барат элем? Ата-энеме бардым. Алар кабыл алышты, колдошту. Андай болсо да күйөөдөн чыккан аял балдары менен ата-энесинин үйүнө барганда, кандай сөздөр болорун билесиздер да. Демек, ал күйөөсүн кармай алган эмес, жакшы аял боло алган эмес. Бизде дайыма эркектердики туура делет эмеспи.
Захида пияз туурап жатты, мен ал колун кесип албайбы деп чочулап олтурдум. Мындай тездикти дегеле көргөн эмесмин.
— Күйөөгө тийгенге чейин да, турмушка чыккандан кийин да бир да күн иштеген эмесмин. Мектепти бүткөм — бул менин болгон билимим. Жолдошум экөөбүз кадимки эле үй-бүлө элек. Күйөөм иштеп, мен тамак жасап, кир жууп, үй тазалап, конокторду тосуп керели-кечке үйдө болчумун. Ошондуктан күйөөм менен ажырашканда, алгач аябай корктум. Балдарды багышым керек, а мен үй жумуштарынан башка эч нерсе кылганды билбейм.
— Анан сиз кулинардык курстарга бара баштадыңызбы? — монологум менен сөзүн бөлүп жибердим. Захида мени таң калып карап коюп, туураганын токтотуп, күлө баштады. Мен да ага кошулуп күлүп калдым. Бул күлкүдөн кийин, ал «сен» деп эле сүйлөшөлү деп калды.
— Ал курстарда эмнени окутарын билбейм. Окуганды-жазганды үйрөнгөнүмдү билем, бирок тамак жасаганды атайлап үйрөткөнүн билбейм. Кадимки үй-бүлөдө кыз бала ашканада чоңоет, сүйлөгөндү биле элек болсо да, камыр жууруп жаткан болот. А сен мындай суроо бересиң! — Захида мантыга эт туурап жатты.
Саат ондо чайканага башка кызматкерлер — эки тайлык ашпозчу, официанттар, идиш жуугучтар келишти, баарынын аттары кооз, бирок айтууга кыйын экен. Баары жергиликтүү жашоочулар. Шайыр, ачык-айрым, кызыктуу адамдар. Иш кайнап чыкты, вентиляторлор күрүлдөп иштеп жатат. Залга эл келе баштады. Официанттар подностору менен чуркап жүрүшөт. Ашпозчулардын бычактары, балтачалары тыкылдап жатты.
Эс алуучулардын тамакка табити ар түрдүү — оливье салатынан тартып, ботко, лагманга чейин ар нерсега буйрутма берип жатышты. Официанттар ашканага чуркап келип, дубалдагы номурду көрсөтүп коюшуп, кайра залга чуркап кетишет.
— Билесиңби, чоң үй-бүлөдө жашасаң, көп конок тососуң, бат жана көп бышырганды үйрөнөсүң, — деп күлдү Захида.
Түшкү саат экиге чейин ашканадагы кымкуут кыймылды карап, иш тартибин бузуп алуудан коркуп олтурдум. Баары иш менен алек, баары эле мени айланып өтүп чуркап жүрүшөт.
Түшкү тамактан кийин кардарлардын толкуну сээлдеп, залда бош орундар пайда боло баштады. Ашпозчулар шам-шум этүүгө киришти. Ар кимиси өз алдынча бир нерселерди даярдап жей баштады. Биз Захида экөөбүз бир-эки мүнөткө короого чыктык. Официант мага конокко алып келгендей, Таиланд үчүн экзотикалык деп саналган клюква ширесин алып келди. Күндүн ысыгында бул аябай жагымдуу экен.
Кечкисин чайканада чаң-тополоң, будуң-чаң башталат — зал толтура, ызы-чуу үндөр, кыраан-каткы күлкүлөр. Ашканада чымын-куюн. Бир нерсени көтөрүп эле ары-бери чуркап жүрушөт. Казандарда куурулуп, демделип, кайнап жатат. Тамактар биринин артынан бири жөнөп жатты. Менин башым айланып, буттарым чарчап бүгүлө баштады. Дагы клюква ширесин сурап ичтим, тай тилин түшүнүп калгандаймын. Бул күн деле бүтпөчүдөй сезилди. Захида эстен танып калба деп мени тамашалап жатты. Муздаткычтын жанына отуруп тур деди. Бир күндүн ичинде канча тамак бышырганын санап чыкканга аракет кылдым, блокноттогу жазууларга салыштырып көрдүм, жаңылып калдым, кайра баштан санай баштадым, баш-аягы 150дөн ашыктай.
Захида чайканада жумасына алты күн эртең мененки сегизден түнкү он бирге чейин иштейт. Жападан-жалгыз дем алыш күнү, жекшембиде уктап эс алат, балдары менен видео байланыш аркылуу сүйлөшөт. Адам алдына максат койгондо, эч бир кыйынчылыктан коркпой калат дейт. Анан да жалгыз эмесмин, мендейлер көп жана өзүмдү баатыр сезбейм дейт.
— Кыргызстандагы аялдар өтө күчтүү, Россиядан да көбүн көрдүм, алар балдары үчүн кандай гана кыйын эмгек шарттарына макул болуп иштеп жатышат,- дейт Захида үйгө кайтып бара жаткан жолдо. Сыртта көзгө сайса көрүнгүс түн. Терезелердин жарыгы өчүп, барлар бошоп, ысык тарап калды. Захидадан көп нерсени сурап калууга үлгүрбөдүм, биз сүйлөшпөй бара жаттык — ортодогу тынчтыкты бузууга чамам жетпеди, себеби Захиданын сүйлөгөнгө деле чамасы калбаганы көрүнүп турат.
Захида убактылуу жашап жаткан бөлмө чайканадан анча алыс эмес, түнт, бозоргон түстө экен. Мында керебет, тумбочка жана кийим илүүчү шкаф гана турат.
— Мунун баары маанилүү эмес. Менин тигил жакта ... өз үйүм болот, — муну ал азыркы турагынын абалынан уялып, тартынгандай айтты.
Үстөлдөгү жасалма гүлдү тумбочканын үстүнө коюп, аны бошотуп, жумуштан чыгып жатып даярдаган пицца менен сыйлап жатты, дагы эле тынбай жүрөт.
А мен аны карап туруп: «Мынча күчтү кайдан аласың?» –деп ойлоп отурдум.
Узакка коштоштук. Вокзалда коштошо албай кыйналган туугандардайбыз.