Ысык-Көл облусундагы жерлер текши жомоктогудай. Ар бир жүз метр сайын тарыхка бай жерлер, ар ташы койнунда сыр катып жатат, ар булагы узун сабак уламышка ээ. Ысык-Көл үн катпай, сабыр күтүп токтоо, туристтер келбеген кышкысын ымыркай сымал мемиреп, таттуу уйкунун кучагында эс алат. Анын жээгиндеги калктын жашоосу токтоп калгандай, жергиликтүү тургундар анабиозго кирип кеткендей ың-ыңсыз, сенек мезгил башталган. Тоо этектериндеги тургундар ойгоно баштады. Лыжа, борд, кышкы жолдордо жана кардуу талаада жүрүүгө ылайыкталган унааларды сезонго даярдай башташты. Жыйырма жыл мурун бизди экинчи Швейцария дешти эле, эмгиче анын бизге кандай пайдасы бар экендигин түшүнө албай келебиз. Ал эми жашоонун күрөө тамырын кармап, жагдай-шартты тез түшүнө калгандар тоо лыжа базаларын, конок үйлөрдү, кэмптерди курушуп, тышкы рынокко чыгышып, кыя жолдордогу кереметтерден коркпогон экстремалдар менен байланыш түзүшүүдө.
— Сен аны менен таанышышың керек! Ал бир жагынан Каракол, экинчи жагынан Казакстан, үчүнчү тарабынан Кытай курчаган тоолордун арасындагы кичинекей айылда жашайт. Билесиңби, Союз кулагандан кийин бул шахтер айылынан баары кетип калышкан, анда бир да өндүрүш, эч кандай үмүт калган эмес, андай болсо да ал ата-энесинин үйүнө болгон акчасын жумшап, туристтерге эшигин ачкан! — дейт бир таанышым.
Мен бул материалда кайраттуу эр жүрөктүүлөрдүн алаңгазарлыгы тууралуу ырдагым келген. Чындыгында эле эр жүрөктөрдүн алаңгазарлыгы тууралуу айтылат.
Кубаныч өрөөнүнө жөнөдүк — Жыргалаң айылынын аталышы ушундай которулат. Караколдон алты жүз километр алыстыкта көз тайгылткан ак карлуу тоолор, жапжашыл арчалар, бузуп өтө алгыс күрткүлөр — булардын баары сөз менен айтып бүткүс кооздуктар!
Жол катар бирин-серин кыштактар, койчумандардын үйлөрү, арчалардын жаш бутактары. Бир нече жылдан кийин эле ушул кичинекей кооздукту айланып, тегеренишип, кол кармашып ырдап-бийлешери анык.
Жолду бүтүндөй кар баскан. Жарым сааттын ичинде бир да киши көрүнгөн жок. Кулак-мурун кескендей айлана жымжырт. Көрсөткүчкө улай эле ойдуңчада айыл пайда болду. Морунан түтүн булатып, бири-бирине жармашкан кымындай үйлөр тоодон оюнчуктай эле көрүндү.
Жол тартып, мында келүүгө себепкер болгон адамдын номурун тере баштадым.
— Эмил байке, мен Жыргалаңга чыга берген жерде турам, аябай сиздин үйгө конокко баргым келип жатат! — деп тоодо телефон түтүгүнө кыйкырып жаттым, байланыш үзүлүп калды.
Байке бетиндеги дарылык максатта коюлган баткакты кагып түшүрүп жатып, таңдайын такылдатып калды. Бир жума мурун эле ал жубайы менен аягы түгөнбөгөн туристтерден тынчыраак эс алганы «Аврорага» кеткен, процедуралардын баарын алышып жаткан мезгили, азырынча үйгө кайткылары жок.
— Азыркы учурда менин конок үйүм тынчып калды, туристтик ызы-чуулар азайды, жыл бою ушул мезгилде гана эс ала алабыз да, — деп жатып, Эмил байке мени эртерээк чалып койбогонум үчүн урушуп калды, анан эшикте туруп үшүп калбагыла деп анын үйүнө баруубузду талап кылды да, жардамчысына айтып коюп, бизди чай ичүүгө чакырды.
Аябай чай ичкибиз келип жатты, бирок котормочум экөөбүз айылдын сол тарабындагы тоо бетиндеги ийинден «кыймылды» байкап калдык. Чай ичүү тууралуу сөз болушу да мүмкүн эмес. Ал жакка жөнөдүк. Тоодогу ийин дегенибиз — иштетилбей калган шахта экен, андан жеңил унаа чыгып келе жатты. Биз аны тосуп, токтотууга аракет кылдык, бирок унаадагы адамдар кайдадыр шашып бара жаткан экен, менин суроолорума көңүлсүз жооп берди. Баары коргоочу кийим кийишкен, алардын шахтер экендигине толук ишенимде турдум. Болбой эле:
— Сиздер шахтерсуздарбы? — деп сурап калдым.
— Жыргалаңдагылардын баары шахтер, — деп күлүп жооп беришти эркектер. Бул шахта тууралуу бардык билгенибиз — анын авариялык абалдан иштебей жабылып калгандыгы болду. Жергиликтүү элдердин айтымында бул көмүр казуучу жердеги көмүргө жетүү оңой эмес, алгач тоннелдин ичиндеги эки километр жерди тебелеп, таптап, басып чыгыш керек, андан кийин беш жүз метрдей төмөн түшүш керек. Мындайды укканда эле башым айланып, клаустрофобия башталды.
Кар баскан тар жол менен божомолдоп жайдан бара жаттык. Жогору жактан бирөөлөрдү табарыбызга деле ишенген жокмун, бирок айдоочуну алдыны көздөй айдай бер дедим, жок дегенде жомоктогудай кооздуктан ырахат алып келели. Тоо боорунан вагондор, жыгач устундардын астынан дагы бир кен жолунун жылчыгы жылтырап көрүнө баштады.
Вагондордон күч-кубатка толгон жигиттер бизди утурлай басты. Биздин текшерүүчү тармактардан келбегенибизди түшүнгөндөн кийин, тынчсыздануулары тарап, бизди жылынып алууга чакырышты. Вагон жылуу экен, меште чайнек турат.
Шаардын ызы-чуусунан мына ушундай эски темир вагондорго толгон тар жерге келип калганыңда, убакыт токтоп калгандай сезилет экен, кишилерди зор ынтаа менен карап, жай, шашпай сүйлөп калат экенсиң.
Кайрат Доргоев төрөлгөндөн бери Жыргалаңда жашайт жана атасынын ишин улантуу максатын көздөйт. Кайрат жакшы окуган жана ал каалаган тоо кендерин казып чыгаруучу компанияларга ишке кирип, борбордо жашай алмак.
— Менин атам шахтер болгон, мен да шахтермун. Атам өмүр бою ушул жерде жашаган, мен да эч жакка кетким келбейт. Бул менин жерим. Бул биздин шахта. Тийиштүү техникалар үчүн акча табабыз, сууну сордуруп алабыз, көмүр казуу ишин калыбына келтиребиз, — дейт Кайрат.
— А, сиз, туристтик бизнес менен алектенүү тууралуу ойлонуп көргөн жок белеңиз, Жыргалаң туристтердин сүйүктүү каттамына айланып бара жатат деп уктум эле, — дедим мен.
— Жыргалаң дайыма шахтерлордун кыштагы болгон, мында шахтеру жок бир да үй-бүлө жок. Бизде Кыргызстан боюнча эң мыкты көмүр казылат! Мен туризмге каршымын, мен шахтермун,— дейт Кайрат.
Кийинки үчүнчү шахтага бара жаттык. Сыртынан караганда тоодогу кезектеги ийиндей көрүнөт. Катарында кипкичинекей темир үй турат. Андан музыка жаңырат. Темир үйдөн бир колуна эски магнитафон, экинчисине желим бөтөлкө көтөргөн бир жаш бала чыкты. Ал биздин келип калганыбызга эч таң калбастан, суроолорубузга жылмаюу менен жооп берип жатты.
Дөңгөлөктүн изине суу толуп калган, жакаңдан ылдый суу тамчылайт. Биздин жол баштагычыбыздын магнитафонунан токсонунчу жылдардагы музыка жаңырат. Шахтага кирүүчү жол тарый баштады, эңкейип алып бара жатабыз, сүйүү тууралуу кайгылуу ыр угуп бара жаттык, ошол көз ирмемдер мага жагып жатканын байкап калдым. Эмнегедир эле трибунада туруп алып Ааламга чыйыр салган кемелер тууралуу кыйкырган, Кыргызстандын санариптүү келечеги тууралуу сүйлөгөн, биздин жумуштарды тартып алып жаткан роботтор тууралуу наалыган бардык адамдарды кучактап өпкүм келди, өзгөчө алдымда фонарь көтөрүп алып, жердин түпкүрүн, караңгы бурчун жарыктандырып бара жаткан, анда-мында жаңырган үнү менен жакшылыктын үмүтүн жандырган баланы кучактап өпкүм келди.
Эки жүз метрден кийин дем алуу кыйындай баштады, объектив тердеп, суу болуп калган буттарым тоңо баштады. Тарсылдаган дабыштар, эркектердин үндөрү угула баштады. Биз иштеп жаткан шахтерлорго жетип калдык, алар анча чоң эмес мотоциклдин кузовуна көмүр ыргытып жатышат, бизге эч кимиси көңүл бурган жок. Башым айлана баштаганын сездим.
Эркектер эртең мененки жетиден кечки жетиге чейин иштешет. Түштө тамактанышып, тамеки чегип, тыныгып алып, кайра иштей башташат. Күнүнө 500 сом (7$) табышат. Жашоого арыз-армандары жок. Келечектен кереметти күтүшпөйт деле. «Колубуздан келген нерсени жасап жатабыз, мамлекеттен эч нерсе күтпөйбүз» — бул мындагылардын турмуштук кредосу.
Бул балдар менен сүйлөшкөндөн кийин, суу болгон буттарым тууралуу ойлогондон да уялдым, бирок аябай суук! Ылдый түшө баштадык. Чай ичебиз. Жыргалаңдагы негизги конок үйгө бара жатабыз.
Эмил байкенин жардамчысы Рустам өз ээлигиндеги нерселерди көрсөтүп жатты. Чындыгында мактана турган нерселер бар экен. Мончо, бөлмөлөр, чарпаялар, эки кабаттуу жыгач боз үй — баарын мээрин төгүп, өз колу менен жасаптыр. Ар бир тепкичи ага кымбат.
— Чет элдиктерди тосуп алган жагат, алар табиятка, башкалардын эмгегине урмат-сый менен мамиле кылышат. Бишкектиктерди көргүм жок! Бир жолу келишкен! Эмне гана кылышкан жок! Эстегим да келбейт.
Асыл тукум иттин төрт күчүгү жана мый-мыйларын ээрчиткен мышык Рустамды сүйкүм көздөрү менен карап, артынан калбай жүрөт. Кыям кошулган чай ичип жаттык. Рустам курчап турган укмуш жаратылыш кооздугу тууралуу кумарлануу менен суктана сүйлөдү. Анан да Эмил байкенин урматына Жыргалаң жанданып, кыштакта иш кызыды, балдардын келечеги көрүнө баштады дейт.
Жыргалаңдын келечеги менен таанышууга жөнөдүк. Чоң, жаңы мектеп экен. Жарым-жартылай бузулуп, урап калган эски имараттардын жанында бул эл аралык кол кабыштардын эсебинен жасалгандай сезилет. Мектептин алдында балдар чүкө ойноп жатышат. Мындай кумарланууну көптөн бери көрө элек элем. Мектеп Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген шахтеру Асанбаев Темиркасынын атынан коюлган. Кире беришинде анын сүрөттөрү, өмүр баяны илинген.
Бизге сабактарга катышууга уруксат беришти. Мен балдардан кимдин үйүндө шахтер бар деп сурадым. Бардык балдар кол көтөрүштү.
Танаписте китепканага бардык. Кокустан балдардын катуу толкунуна кабылдык. Жаңы китептерди алып жатышкан экен. Эгер биз алдын ала мектепке келерибизди айтып койгонубузда, бул көрүнүштү даярданып алып, биз үчүн атайылап ойноп жатышат деп ойлойт элек. Китепканачы балдар мобилдик телефондуу болгуча китеп окушарын айтты.
Кыштак башчылыгында, китепканада, фельдшердик-акушердик бөлүмдө сүйлөшүлгөн сөздөрдү жалпылап, мындай бүтүмгө келсе болот: Бул жер жүзүндөгү эң сонун жер, мында эң мыкты адамдар жашашат, эң мыкты адамдар — шахтерлор». Жаңы жылды чындап эле Жыргалаңда тосууга чакырышып, былтыр мыкты кийим үчүн ким белек утуп алганын айтып жатышты. «Тигил үйдүн ээси плазмалык телевизор, тигил үйдөгүлөр муздаткыч, мындагылар нан бышыруучу меш алышты. Негизгиси, баарын өз колу менен жасаш керек болчу. Ушул гана бааланат!»
Кечинде Азамат менен Махабаттын үйүндө болуп, чай ичтик, боорсок жедик. Эртең Азаматтын классташтары келишет, ага даярдык көрүп жатышат. Азамат жакында эле Москвадан келген, ал жакта таксист болуп иштептир. Ал буларды көңүлсүз айтып олтурду, өзүн эскиче эле шахтермун деп санайт. Анын ою боюнча, бул — эң ардактуу кесип. Чыныгы!
Азамат аябай тамашалашып олтурду, бирок сүрөткө түшкүсү келбеди. Мында жайында ар бир экинчи адам фотоаппарат менен жүрөт дейт, баары кайсы-бир чет элдиктер. Аппараттарын алып чыгышып, өздөрүнчө эле короонун алдынан, кир жайылган керменин жанынан сүрөткө түшүшөт, иштебеген шахтаны да сүрөткө тартканды жакшы көрүшөт дейт.
— Алар үчүн булардын баары — көңүл ачуу, а биз үчүн бул — жашоо!
Махабат анын бир аз ачуусун басуусун суранып, ал мезгилде мектепте кантип чогуу окугандарын, ал учур алтын учур экендигин сөз кылып калды.
Алардын кичинекей идиллиясы жылуу жана жайлуу, жаңы бышырылган боорсоктор күн жыттанат, балдар бөлмөдөн бөлмөнү аралап чуркап жүрүшөт. Чай ичкени кирип калган Бегайым эже Азаматтын, Махабаттын кантип төрөлгөнүн, андан кийин алардын кызынын кантип төрөлгөнүн айтып отурду. Жыргалаңдагы бардык балдар менин балдарым дейт. Эшик караңгылай баштады, кайдадыр-бир жакта ит улуп жатты.
Кайтып келе жатып, кыштак башкармалыгына мага барган, бир аз ичип алып, арак жыттанган кишинин айткан сөзүн ойлой бердим:
— Билесиңби, менин үч балам бар — эки эркек, бир кыз. Улуусу кичинекей кезинде бизди аябай кыйнады, мектепте тентек болду, сабак окубайт, эч кимди укпайт. Экинчи балам менен кызым аялым экөөбүздү аябай сүйүнттү: мектепти «бешке» окуп бүтүрүштү, эмгекчил, ак ниеттүү болушту. Бирок, жашоо таң каларлык нерсе экен! Кенжелерим жакшы жумуш таба албай кыйналышты, үй-бүлөдөн жолдору болбоду, батирден батирге көчүп конуп жүрүшөт. Азыр бизди улуу балам гана багат. Анын эле жашоосу бакубат, жакшы болду.
А мен кетип бара жатып, Жыргалаңга жазда сөзсүз келем деп ойлодум. Фотоаппаратсыз. Эч кандай максаты жок эле. Таза абадан дем алуу үчүн. Ушул адамдар менен кучактап көрүшүү үчүн келем.