Багбан кесиби

Чуй облусу

Кубанычтын түркүн-түсү

Жазгы күн күркүрөп, темир чатырларды тыпыратып жамгыр жаап, көк чөптөр күнгө чагылышкан муздай жылтырап көздү уялтат, асманга түркүн түстөгү желе тартылат, абада сирендин жыпар жыты аңкыйт. Камакка түшкөндөй, коркунучтагы, ишенимсиздиктеги узакка созулган карантиндик күндөр. Көчөлөр ээн жана жымжырт. 2020-жаз кыямат-кайым жөнүндөгү тасма сымал. Кышында жапжашыл тоонун боору, кызгалдактуу талаа түшүмө кирген эле. Мен календардагы сандарды алмаштырып, бактын гүлдөгөнүн күтүп жүргөм. Кыргызстанда апрель айы жомоктогудай. Жапжашыл өрөөндөр, апаппак тоонун чокулары, көкмөк чексиз асман. Бактардан кубанычтын түркүн түсүн тапса болот – назик зефир өңдөнгөн алмалар, күлгүн түстүү алчалар.

Аба бал даамданат, мөңгүлөрдүн тазалыгы, жаңы ойгонгон жер койнунан оргуган жылуулук. Темир аяз, түрү суук мыкаачылар куйругун түйүп, кыймылдаткычтарын өчүрүп, башын шылкыйтып, муңайган абалда короодо турат. Дем алуу кандай керемет!

Буроолуу оюнчуктай карантиндин айлампасында жүрөм, сары баш какым-кукум, ландыш, коңгуроо гүлүн сүрөткө тартып, телефондун эс тутумун көз ирмемдик кубанычтар менен толтурам. Керемет узакка созулбайт. Какым-кукумдар асманга учуп, ландыштар гүлдөп бүттү. Дегеле жаз болбогондой.

– К-у-р-р-р калд-ы-ы-ың! – дегенсип эртең мененкисин чымчыктар чыртылдайт. – Чыйпылдап жибердиң! – таңкы саат бештен баштап, чогуу кыйкыра башташат.

  • ӨК чейин биз барууга үлгүрбөй калган жападан-жалгаз жер
  • – Талас облусуна барууга уруксат ала алган жокпуз.
  • – Биздеги кар кандай экенин көрсөтөйүнбү? – Таластан Айбек байке телефон түтүкчөсүнө кыйкырат, анан эле видеобайланышты күйгүзөт. Телефондогу сүрөт кыймылдап-титирейт; кадрда агарган-жашыл сымак бир нерселер, кадр сыртында шамалдын үнү, жумшак күлкү. Көзүм так эмес сүрөттөргө көнүп, гүлдүү бурганакты көрдүм. Аягы көрүнбөгөн алма багы гүлдөп, жеңил желекчелери каалгып учуп жүрөт. Керемет. Кадимки керемет.

– Күзүндө келесиң. Күзүндө бизде мындан да жакшы! – деп Айбек байке мени тынчтандырып, сүрөттөрдү таңгак-таңгагы менен жөнөтөт. Сүрөттөрдө тептегиз тигилген алма багы, бирдей жөөктөгү көчөттөр – помидорбу же баклажанбы жакшы ажырата албай турдум. Терезедеги гүлдөр түркүн түстүү көпөлөктөрдөй. Сүрөттөр даана эмес, дарбазага сүйөнүп үй турат, кадрга иттин жарымысы гана илинип калган, үйдүн жанында кимдир-бирөөнүн ийини, колу, чака.

Гүлдөгөн Бишкек. Баарын катарынан сүрөткө тартканда

Бизди чалып жыгылтат, а биз ансайын күчөнүп жатабыз

Карантин учурунда кубаныч көп эмес: сүйүктүү китеп, чоң апаңдын пирог рецеби, онлайн-баарлашуу. Баарынын онлайн болуусуна даяр эмес болчу. Жер көчкөндөй болду. Батирдин ичинде сейилдөө: терезеден терезеге, үстөлдөн муздаткычка баруу. Дүкөнгө барганың – саякатка чыкканың.

Дүкөндө солуп калган райхон, кинза, катыган помидор, жумшарган бадыраңдар. Соодалаша да, сүйлөшө да албайсың. Сатыл алуудан эч кандай ырахат алуу жок. Бизге – ызы-чууну жактырган, тотуккан, киши менен сүйлөшкөндү сүйгөндөргө базар керек. Мөмө-жемиштер жана татымалдар, көк чөптөр жана грек жаңгагы, көп эл кысылышкан, ызы-чуулуу болсо, ар кандай сөздөр, ар кандай тилдер угулуп турса. Бизге ар кандай түстөр жана гүлдөр керек!

Үйүмдүн жанында гүл саткан дүкөн бар. Кичинекей жана көз карандысыз. Кожоюндары – жубайлар. Өткөн жылы жерди ижарага алышып, ага айнектен жасалган кутучаны коюшуп, гүл өстүрө башташкан, андан гүл чамбар жасашат. Өткөн жылы биринчи жолу адам жашабаган аквариумга кирип, атыр гүлдөн гүл чамбар жасап берүүлөрүн суранганым эсимде. Орто курактагы эркек киши чакадан бир нече ачыла элек гүлдү алып, аны “гезит сымал” саркеч кагазга салып ары-бери орой баштады, кооз кылууга аракет кылат, а чоң, шадылуу, кызарган колдору баш ийбей жатты.

  • –Кагазы жок эле бере бериңиз, – дедим мен.
  • – Ой, сиз мени азаптан сактап калбадыңызбы? – сүйүнүп кетти ал.
  • – Жаңы ишпи?– деп сурадым.– Ооба, өмүр бою алыс жактарга каттачумун, гүлдөр менен деги байланышкан жок элем. Муну аялым кайын энем экөө ойлоп табышты... Мен бул дүкөндөн гүл сатып ала баштадым. Бир айдан кийин сапарман гүлдөрдү ийкемдүүлүк менен ороп калыптыр.
  • – Сиз жакшы жасап калыптырсыз! – деп бир күнү аны мактап койдум.
  • – Интернетте баарын үйрөтөт экен, – деди ал.

ӨК алынгандан кийин, гүл саткан дүкөндүн тегерегиндеги кыймылдарды байкап, пиондордун маалы башталгандыгын түшүндүм, а булар – менин жан дүйнөм өзгөчө талап кылган гүлдөр. Дүкөн бозомук тартып, ээн экен, кожойке павильондон токулган корзинкаларды жана вазаларды сыртка ташып жатыптыр.

  • –Иштин баары өлдү! Эки ай токтоп калуу – гүл бизнеси үчүн өлүм коркунучу. Так март-апрелде болгонун карабайсыңбы?! – дейт кожойке түз эле менин жүзүмө карай таңгак кагаздарын силкип.
  • –Жоогазын жана фрезиялар жер семирткичке айланды. Күнөскана деген ушундай. Салык төлө, ижара төлө, а үйдөн чыкпа. Үйдөн чыгууга болбойт, а биздин айылда кимге гүл керек! Эч кимге. Баары өлдү. Белибизди түзөбөй, келесоо чалыштардай иштедик эле, баары асманга сапырылып жок болду.
  • – Баары бүттү, жетишет, деп айта көрбөнүз!
  • – Дагы эмне! Бизди канча жолу өлтүрүшкөн, буттан чалып жыгышкан, көнүп деле калдык. Азыр бир аз оңдоп-түздөө иштерин кылабыз, кийинки жумалардан баштап баарын башынан баштайбыз.
  • – Пион сатып алайын дедим эле.
  • – Сен ал үчүн базарга барышың керек, балким бир чоң апа пион алып баргандыр.
Кол тамга: Бишкектен 10 мүнөттүк жер

Орто-Сай базары

Базар жашырынган жайдан акырындап чыгып жатат. Бакчачылар колдо бар байлыгын аз-аздап чыгарышат. Мына көк чөптөр: пияз, укроп, ашкөк.

– Ала кой, кызым, баары өзүбүздүкү – баары сонун!

Муну, тигини, анан тээтигини алам.

Чоң ата колдо жасалган сыр жана тооктун этин сатып олтурат. Мага кичирээк сырдан кесип берип, жылмаят. Алтын тиши күнгө чагылышып, көзүнүн тегерегиндеги бырыштар күндүн нурларындай тарам-тарам.

– Туздалган, даамдап көрчү, мага ал аябай жагат. Мына көк-сөгүнөн кошуп жеп көр. Даамдуу бекен?

Тандырдагы отко да жеттим. Жаңы башкан нандын аңкыган жыты айланага тарап жатат.

Аш басууга Баткен күрүчү. Сары сабиз – ура-а! Зире жана жаңы бышкан сарымсак. Койдун эти жана куйрук майы. Жашоо өз калыбына түшүп баратат!

Гүл саткан катар – үч сатуучу, бир сатып алуучу. Сатып алуучу менмин. Аябай пион алгым келген. Пион болсо жок.

Аркы-беркини сүйлөшүп турдук, вирусту, карантинди, бийликти жамандадык. Гүлдөр кайдан алынып келгенин сураганыма чейинки сүйлөшүүбүз жөн салды, бирок жагымдуу болчу. Бул суроодон кийин эле, достугубуз аягына чыкты. Сатуучунун көзү алаңдап, маанайы түшүп, алдастап, гүл койгучтарын ары-бери жылдыра баштады. Так эле токсонунчу жылдар тууралуу тасмадагыдай. Алардын фразаларынан менин чыгарган бүтүмүм: гүлдөр азырынча алып келүүгө уруксат берилбеген жактан алынып келинген. Сиз биринчи миллионуңузду кантип иштеп таптыңыз эле? Минтип ким сурамак эле?

Киргизия-1

Бишкектен он мүнөт алыстыктагы менчик сектор. Ар кандай түрдөгү курулуштар. Жер кепеси да, хан сарайлар да бар, таштан тургузулган дарбазалар менен курчалган бак-шактуу үйлөр жана зым торлор менен курчалган чакан үйлөр. Чоң тилкелер, бак-огороддор, дарбазаларга асыла өскөн жүзүм бактары, чай атыр гүлү, жапайы ит мурун. Район туш тарапка чоюлуп кеңейиптир. Эскини жаңыдан айрымалоо оңой. Жаңысы – мрамор, пластик, асфальт.

– Мен бул жакта төрөлүп-өскөм. Бул жерде менин апам чоңоюп өскөн. Тигинде (эки кабаттуу хан сарай тарапты көргөзүп) жүзүм шалбаалары жана кулпунай талаасы бар болчу, — деп калды Ирина.

Киргизия-1ге карай жол Үйдүн жанында балаты жана чай атыр гүлү – сөзсүз болушу керек Ирина өз бакчасында Жумушчу инвентарь Ирина менен Александрдын жер тилкеси

Биз анын тилкесин аралап жүрдүк, Ирина мага байлыктарын көрсөтүп жатты. Ар бир жөөккө токтоп, ар бир өсүмдүк тууралуу айтып берди.

– Алар баарын сезишет, баарын түшүнүшөт. Муну түшүндүрүп бере албайсың, бирок алар адамдын маанайын, айткан сөзүн, үнүн сезишет. Гүлдөргө мен классикалык музыка коюп берем. Ишенесиңерби, алар аны угуп жакшы өсүшөт, – Иринанын жүзү тамылжый түштү.

Жыйырма жыл мурун Ирина жумуштан бошоп калат, ошондо гана мындан кийин башкалардын жетекчилигинде иштегиси келбей калганын түшүнөт. Биринчи жолу өзүм үчүн иштеп көрбөйүмбү деген ой келет. Алгач бул ойдон чочулайт, ошол эле учурда толкунданат. Жолдошу аны колдойт.

– Мен анда келечекте эмне күтүп турганын да билген эмесмин, – деп күлдү Александр.

Жыйырма жыл мурун Ирина менен Александр өз тилкесине күнөскана орнотуп, биринчи гүлдөрдү отургуза баштаган. Алар гүлдөгөндө, базарга алып барышып, бир-эки сааттын ичинде бир машинедеги гүлдүн баарын сатып коюшат.

– Апам жерге иштегенди үйрөткөн, биз дайыма өзүбүз остүргөн жашылча-жемиштерди жечүбүз, терезе алдында ар түрдүү гүлдөр жайнап турчу. Ал жерде биз билген гүлдөрдүн баары бар эле: атыр гүлдөр, жоогазындар, лилиялар жана хризантемалар. Менин айланамдын баары гүлдөп, баш алып турчу. Мунун баары мага опоңойдой сезилчү. Эмнеси кыйын: отургуздуң, сугардың, үзүп алдын. Кийин гана, өзүбүз күнөскана койгондон кийин мунун баары оңой эмес экендигин түшүндүм. Ар бир гүл өзгөчө кам көрүүнү, өзгөчө сугарууну, өзгөчө температураны талап кылат. Муну биз кийин үйрөнө баштадык. Азыркыга чейин үйрөнүп жатабыз. Ар күнү, –дейт Ирина.

Ирина менен Александрдын күнү таңкы беште башталат. Гүлдөрдү күн чыкканга чейин сугарган жакшы. Аны мурун алып коюп койгон суу менен, акырын тамчылатып сугаруу керек.

  • – Жайында негизгиси – сугаруу, кышында – жылытуу. Ноябрдан мартка чейинки убактымдын баарын ушул мештин жанында өткөрөм, –чоң темир агрегатты көрсөттү Александр.
  • – Күнөсканадагы температура жана нымдуулук дайыма бирдей болушу керек, кышында бул 15 градустун тегереги. Күнөскананы биз жыгач отун жана көмүр жагып жылытабыз, түнкүсүн жылуулукту кармаш керек, ымыркайдын бешигинин жанындагыдай эле түнү менен мештин түбүндө отурасың.
Ирина менен Александрдын күнөсканасы Үнөмдүү сугаруу. Эч кандай түтүксүз! Гүл ачайын деген лилиялар Ирина менен Александрдын күнөсканасында бир нече мындай меш бар. Кышкысын Александр бардык убактысын ошолордун жанында өткөрөт Жашоо гүлгө айланганда

Ар бир гүлдүн түбү оюлуп, жөөктөр отолуп, ичке сабактары атайын торлорго тирелген.

  • – Мунун баарын Александр жардамчыларсыз өзү жасайт. Бир күнү биз отоо үчүн кишилерди чакырып келдик. Алар гүлдөрдүн жарымын өлтүрүп кетишти. Тебелеп салышкан, жулуп алышкан, басып кетишкен. Мен аз эле жердей ыйлайын деп калдым, – дейт Ирина.
  • – Бул жерде өспөй турган өсүмдүктөр барбы?
  • – Андайлар жок. Кээде мага куурап калган сабагы менен гүлдү көтөрүп келишет, мына өлүп калды, жер семирткич да бердик, баары бир өскөн жок, жок дегенде идишин алып ал дешет. Мен тамырын алып, топурак сээп, башка идишке отургузам, күнгө алып чыгам – бир жумадан кийин жаңы жашоону самаган желекчелер өнүп чыга баштайт. Бардык тирүү нерселер көңүл бурууну, сүйүүнү каалашат.
  • – Сиз өзүнүздүн гүлдөрүңүз жөнүндө ушундай мээрим менен айтып жатасыз, киреше тууралуу сураган да ыңгайсыз болуп жатат.
  • – Киреше көп эмес, бирок баарына жетет. Чындыгында адамдын бактысы үчүн көп деле нерсе керек эмес. Үстөлгө койчу нерсе болот, сентябрь айында бир нече күнгө Ысык-Көлгө барып эс алып келебиз.
  • – Бир жылда бир нече күндүк эс алуубу?
  • – Бизде дагы жекшемби күндөрү иштебейбиз деген эрежебиз бар. Жумасына алты күн иште, бир күн эс ал деп айтчу менин чоң апам. Биз ушул эрежени карманабыз.
  • – А соода-сатык ишин ким жүргүзөт?
  • – Өзүбүз эле жүргүзөбүз, базарга барып, дүңүнөн берип келебиз. Туруктуу сатып алуучулар бар, алар үйгө келип алып кетишет. Карантин учурунда элдердин гүл сатып алууну каалагандары мени таң калдырды. Эртең эмне болору түшүнүксүз болуп турган учурда, көпчүлүгү айлык маяна албай, акчасыз, корунган, чочуган абалда отурган кезде, мага күнүгө кимдир-бирөө телефон чалып, гүл чамбар алсам болобу деп сурап жатты. Түшүнөсүзбү? Тирүүлүк үчүн нан эле керек эмес. Кооздукту да каалашат.
  • –Кесипкөй катары гүлдөргө кандай талаптарды коесуз?
  • –Гүлдөр көз кубантып туруш керек, балким, силер деле желим сыяктуу эч кандай жыты жок атыр гүлдөрдү көрсөңөр керек, үзүп алып вазага саларың менен эле соолуп калат. Мында таарынасың, бардык акчаң асманга сапырылгандай болот. Сатып алуучу гүлү эки жумага чейин турганын айтса, аябай сүйүнөсүң.
  • – Сиздин бизнестеги жагымсыз нерселер жөнүндө айта аласызбы?
  • – Жагымсыздары толтура, – жылмайымыш этип Ирина. – Жер семирткичтер дайыма кымбаттай берет, биз аларды Кытайдан сатып алабыз, чындыгында өзүбүз деле өндүрсөк болот, мына Бажы биримдиги ишти кысат. Кошуна Казакстан бизге көп өлчөмдөгү гүлдөрдү алып келет. Бул өндүрүштүк көлөмдө келет, биздин чакан бизнестин гиганттык өндүрүштөргө атаандаштык кылууга чамасы жетпейт, ошондон улам көптөгөн жергиликтүү өндүрүүчүлөр шалдайып үмүтсүз отуруп калышат.
  • –Анан эмне кылыш керек?
  • –Мында эмне десе болот... Өз иши менен алектенүү керек. Эч нерсеге карабаш керек.

Шаар-бакча

Чүй өрөөнү – жер иштетүүчүлөр жашаган жер. Бул жакта жер түшүмдүү, климаты жумшак. Борбордон сыртка чыксаң эле, бактуу чарбаларды, дачалык конуштарды, күнөсканаларды көрөсүң. Адамдар жер казып, жер менен жашап, жерге таазим кылышат.

Борбордон алыс эмес жерде Арашан айылы жайгашкан. Март айынын башынан ноябрга чейин дача тилкелеринде иш кызыйт. Ар бир жашоочу – бакчачы-багбан. Эгер үйлөрдүн арасындагы тар кайрылыштарды араласаң, күрөк, кетмен, секатор көтөргөн кишилерди көрөсүң. Алар күндөп-түндөп шаар-багында иштешет, күндөп-түндөп жан аябастан, тынбай иштешет.

Мындагы тоо этектеринде атыр гүлдөр жакшы өсөт. Майдын аягы – гүлдөр ханышасынын маалы. Мен айтылган убактан бир аз эртерээк келдим, гүлдөрдүн ача элек баштарын карап өттүм. Эки жумадан кийин атыр гүлдөрдүн жыты аңкып, көз сүйүнтүп калат.

Сары түстүү беде деңизинде уй жайылып жүрөт. Мен анын чөп оттоп жатканын карап туруп калдым. Уй кепшегенин токтотуп, мени сулуу, жоодураган көздөрү менен карап туруп калды, үнсүз тиктешип көпкө турдук.

Курчалган бир тилкеде дан куурайдын жанында кетменин көтөрүп бир киши жүрөт. Учурашып, таанышып алдык. Эрнис шаарда өскөн экен, мурун колуна кетмен кармап көрбөптүр. Бирок, иштеп көрөйүн деп чечиптир.

–Ижарага жыйырма соток жер алдым дейт. Элдердин баары эле ушинтип өстүрүп жатышат да. Аракет кылып көрөм, балким, жакшы болуп кетер.

Эрнис багбан болом деп ойлогон эмес, бул анын биринчи түшүмү болот Бедедеги уй Тоо этектеринде атыр гүлдөр өзгөчө жакшы өсөт. Эки жумадан кийин гүлдөй баштайт Дачалар жана дачанын жашоочулары