Медайым кесиби

Жалал-Абад облусу

Бишкек — Джалал-Абад

Дайыма ушундай: иш сапарына даярдана баштасам эле, аба ырайы сөзсүз бузулат. Эки жума бою чайыттай ачылып, күн тийип, январда март айына окшоп, бак-дарактар шыбырашып, канаттуу-куштар таранып, мышыктар үн кубулта «ырдоого» даярданып жаткан. Жолго чыгар күнү бозоргон булут каптап, асман жарылып кеткенсип, шыбыргак жаай баштады. Жолдор ала шалбырт, Бишкектин үстүндө кара түтүн коюуланып, ӨКМ кар көчкү түшөрү тууралуу коркунучтуу СМСтерди жөнөтө баштады.

  • — Кандай музыканы жактырасыңар? — деп айдоочу Бишкектен чыга берерде котормочу экөөбүздөн сурап калды.
  • — Эң мыкты музыка — жымжырттык! — биз жарыша жооп бердик.

Жымжырттыктын 600 километри. Живопистик пейзаждын 12 сааты. Бишкек-Жалал-Абад жолу кыш айларында өтө кооптуу, бирок жылдын бардык мезгилинде кооз. Адатта ал күйүүчү май ташыган фураларга толуп турчу, бүгүнкү гидрометборбордун жана ӨКМдин эскертүүлөрү өз ишин кылган экен — мында трасса дээрлик бош. Бул кандай бакыт!

Беловодскиден өткөндөн кийин эле, абанын жыты жана даамы өзгөрдү. Чоң айнек идиш алып, ушул шамалды салып, оозун бекем жаап алгың келет. Дем алуу ушунчалык жеңил! Цивилизация, сураныч, биздин тоолорго келбей эле койчу! Жок дегенде ушул таттуу абага тийбечи!

Бозоргон асман артта калды. Алды жак жапжарык, көпкөк, таптаза. Адамдын карааны азайган сайын, агарган нерселер көбөйө баштады. Дөңгөлөктүн асты, алды, арты, тоо-таш, бүтүндөй дүйнө аппак кар. Күн чайыттай ачык, түпсүз. Көздөр эки кичинекей жылчыкчага айланып, беттер алоолонуп жанат.

Суусамыр өрөөнү (жылуу мезгилдерде — бул ачык асман алдындагы курорт) кышкысын таттуу уйкунун кучагында. Бир нече айдан кийин эле бул жерлерде боз үйлөр туруп, жылкылар оттоп, казандардан буу, түтүн булоолоп, кайнаган эттин жыты буруксуп, Кыргызстандын ар кайсы бурчунан келген адамдар кымыз ичип дарылана башташат.

Суусамыр өрөөнү

Бийиктик өзгөрүп, климаттык аймактар алмашат. Кызгылт темгилдүү тоо кыркалары бордуу тоолорго, кумдак эшилме жар дөбөлөргө айланып кете бердик. Тоолор терең дем алып, балатыларын булгалап, саякатчыларды телмире тиктейт. Жолдогу серпантиндер, ашуулар, тоннелдердин кара тешиктери, булуттуу тасмалар, дарыялардын көк кан тамырлары. Карап-карап көзүң тойбойт, кере-кере дем алып, абасына моокумуң канбайт.

Бишкек — Жалал-Абад жолу

Акырын, туман!

Күн ылдыйлап, тоонун артына жашынып бара жатты. Түн муздак. Караңгылык. Болжолдоп эле бараткандайбыз.

Мына агымы күчтүү Нарын дайрасы, мелт-калт толгон Токтогул суу сактагычы, ГЭСтин гиганттык каскады. Мына белгилүү авангардисттин кара тагы — көзгө сайса көрүнгүс караңгылык. Кара жолдор, тоо боорундагы үйлөр да караят, коркунучтуу, жарыктандырылбаган тоннелдер (шам чырактардын төртөөнүн бири гана күйүп турат).

Таш-Көмүр караңгылыкты жиреп чыга калган чоң сейилдеме лайнердей болуп бет алдыбызда пайда болду. Оттой жайнаган балаты жарыктарына сиңип аралашып кеткендей. Мен терезеге жармашып бала сымал шамдардын жарыгына сүйүнүп жаттым. Жалал-Абадга чейин болбогон 130 километр калды. Бул 130 километр биздин сапарыбыздын эң оор учуру болду. Тумандын кичинекей үзүмү уламдан улам коюуланып, салмактанып, ишенимдүүлүгү артып жаткандай. Акыр аягы нымдуу катмар тыгыз аппак кездемеге айланып так маңдай тараптан көрүндү. Туман ушунчалык коюу, машинадан чыгып эки метр ары бассаң эле адашып, жоголуп кетчүдөйсүң. Жол тегиз эмес, белгилери, тосмолору жок, дегеле анын чеги кайда экенин түшүнүп болбойт. Сүткө кулап түшүп, акырындап чөгүп бара жаткандайсың. Кээде гана кайдандыр бир өлүп бара жаткан киттердей алдыдан фуралар чыга калып, алардын күйүп жанган жарыктары жардам сураган жан дүйнө жаңырыгындай жымжырттыктын үстүнөн каалгып өтүп, кайра эле сүт дайрасына чөгүп кетип жатты. Мен машиненин ылдамдыгын азайтып, аны токтотуусун сурандым. Бир нече жолу сыртка чыктым. Аппак дубалдарды көздөй кетип, кайра артка кайтып жаттым. Чыкыйдагы кандын дабышын угуп жаткандаймын, жерге жантайып кантип тумандын жай агып жатканын сезип турдум. Бардык нерседен жадайт экенсиң. Коркунучтан да жададым. Көзүм бирине-бири жармашып жатат, бардыгынан жададым, каалаган жерге жетебизби же ушул аппак туңгуюктун янтарында чымын сымал жоголуп кетебизби мага эми баары бир эле. Айдоочу газды басып, а мен Жалал-Абаддын кире беришиндеги тааныш арканы көрдүм.

Токтогул суу сактагычы Жарыктандырылган тоннель Жалал-Абадга кире бериштеги туман

Жалал-Абад. Мейманкана

Мейманканадагы таң суук жана нымдуу. Ашканада жогорку жыштыктагы диалог. Аялдардын бири ак халатчан, жоолукчан, экинчиси норка шубачан, топучан аябай кол жаңсашып, коюу кара каштарын серпип, ак чоң баштыкты бир орундан башка жакка тарсылдата жылдырып, катуу-катуу дем алышат. Мен котормочудан бул жандуу сүйлөшүүнүн маанисин сурап калдым.

  • — Бирин-бири тилдеп жатышат.
  • — Эмне үчүн?
  • — Боорсоктор үчүн.

Жылдыздуу мейманкана ата-бабалар ыкмасы менен эле жылытылат. Эртең мененки беште от жагуучу өз ишин баштайт. Короонун артына челектеп күл ташып төгөт, күрөк менен кырып, ширеңке жагат. Үнү концерт залындагыдай жаңырып жатат. Саат алтыларда менин бөлмөмдөгү жылыткычтарга жан кирип, жылый баштады. Кабылдамадагы сары чачтуу Гүлнара электр жылыткычына колун жылытууда.

  • — Бизде кандай экен, баары жактыбы? — уставга жараша сурап койду.
  • — Баары жакшы, рахмат! — дедим мен.
  • — Келип туруңуз! — Гүлнара жандана түштү.
  • — Жолуңар жаман экен, — дедим.
  • — Биздин жолубуз жакшы! — Гүлнара мекенин коргой баштады.
  • — Жалал-Абадга кире бериште жол өтө жаман экен! — эмнегедир талаша кеттим.
  • — Билбейм, — ал макул болгонсуп калды.
  • — Сиз Жалал-Абаддан эч жакка чыккан эмессизби? — таңдана сурадым.
  • — Эч качан, — деди ал.

Ууружар

Кечээги туман ошол эле жерде ошол эле калыбында турат. Анын калбаат денесин ак сызык болуп күн нуру тешип өтөт. Кечээ биз кыбырап келе жатканыбыз кенен, бирок толук бүтө элек даңгыр жол экен, жээктеринде эскертме белгилер турат. Жолдун кырында тикенектүү зымдар жатат, аны утурлай Өзбекстанга жол кетет.

Бак-дарактар, талаалар, айылдар терең уйкуда жаткандай, бир да киши көрүнбөйт. Твин Пиксти ушул жерде тартышмак. Ууружар айылынан чыга берерде жөө каттамда картон милиционер турат, бул кептен алыс эмес жерде патрулдук машина жана чыныгы тирүү милиционерлер турат.

  • — Картон милиционери эмнеге коюлган? Видеорегистраторду кыса кармап үшүп турган милиционерден сурадым.
  • — Мектепке жакын жердеги жөө каттамга жакындаганда, жайлап акырын өтүүлөрү үчүн, — эриндери көгөрүп кеткен милиционерлердин бири жооп берди.
  • — Анан жардам береби? — кызыга сурадым.
  • — Эми биз бул эле жерде турсак, жардам берет да, — деп күлдү да, Бишкекте мындайлар жокпу деп таңдана сурады. Мен терезе көзөнөгүнө жетип алган пенсионер өңдүү кечээ түндө ушул жол менен кыбырап келгенибизди, туманда өтө коркконубузду көркөмдөп айтып бере баштадым.
  • — Бул жакта туман дайыма болот. Туманда жергиликтүүлөр да машина айдашпайт! — тиги киши дагы күлдү.
  • — Бир нерсе ойлоп тапса болбойбу? Жолдун жээгине жарыкты чагылдыруучу нерселерди орнотуп, белги тартып? — мен акылдуусуна сүйлөдүм.
  • — Балким, болор, — менин курулай сөзүмдөн жадаган милиционер башын ийкеди. Мен бул жакта он жылдан бери иштейм. Он жылдан бери эле аракет кылып келе жатышат. Мына жолду дагы оңдоп жатышат...
  • Машинага кайтып келдим, айылдын аталышынын маанисин түшүнмөйүнчө, эс алалбаган котормочу сөздүктөрдү тытып жатыптыр.
  • — Ууру жар, зоо, жээк. Балким, бул жер товарлар жашырын алып өтүлгөн жер болгондур, — деп боолголоду ал.
Тумандуу таң Тикенектүү зымдын аркы бети Өзбекстан Ушундай ыкма менен милиция мектептин жанындагы жөө каттамга айдоочулардын көңүлүн бурууга аракет кылат

Алдабагыла, сураныч!

Кафеге тамактанууга кирип калдык. Манты, лагман, чайга буйрутма бердик. Чоң кафе экен, керме шыптар, кырдалган айнектен жасалган асма шамдар. Кире бериште кол жуугуч турат.

  • — Кечирип коюңуз, даараткана кайда?
  • — Тээтигил сол жактагы эшик.

Эшикти ачсам, короодо бош будка турат, ичинде үшүп тоңгон кыз отурат. Көзөнөгүндө «Даараткана 10 сом» деп жазуу.

  • — 10 сомду чыгып бара жатканда берсем болобу? — сурап алып, уялганымдан тайсалдай түштүм.
  • — А сиз алдабайсызбы? — кыз суроого суроо менен жооп берди?
  • — Жок, — араң айттым.
  • — Иши кылып алдабасаңыз эле болду, сураныч! — деди кыз.

Балдар жана бадыраңдар

Чоң жолдон ылай жолго бурулдук. Калктуу конуштардын аралыгы алыстап эле баратат. Тоолор жакын жерде эле турат. Дарбазалар бирин-серин гана. Элдин жашоосу алаканга салгандай. Көчөдө балдар көп. Катардагы бир айылга кирип бара жатканда, ылайлуу жол жээгинде бирден-экиден топтошуп баштык көтөргөн балдардын кетип бара жатканын көрдүк. Ала кеткиле деп көпчүлүгү кол көтөрүп жатты. Кыйкырып токтотууга аракеттенген баланын жанына токтодук. Жанында эч ким жок, эки айылдын ортосу бир топ алыс. Машинага отурду. Кийингени жөнөкөй, өзүн ишенимдүү алып отурат, суроолорго чоң кишидей жооп берүүдө.

  • — Бейтааныш кишилердин машинасына отуруудан коркпойсуңбу?
  • — Жок.
  • — Күнүгө мектепке ушинтип барасыңбы?
  • — Ооба.
  • — Ата-энең эмне жумуш кылат?
  • — Күнөсканада иштешет. Апам көчөт өстүрөт, атам от жагат.
  • — Эмне көчөттөр өсөт?
  • — Бадыраң.

Мектепке баруучу жолду көрсөтүп бара жатты. Ала келгенибизге ыраазычылыгын билдирип, дарбазанын алдына жеткенде машинадан ыргып түштү. Мектептин алдында көңүлү куунак балдардын ызы-чуусу. Жаңы кирип келген ар бир бала дарбазага баштыгын иле салып, ойногонго чуркайт. Кыйкырык, ышкырык, күлкү. Чүкө ойномой, кубалашмак, жашынмак. Жашоо пленкасын отуз жыл аркага түрдүрүп койгондой.

Балдар ойноп жатышат Ар биринин иши бар

Дейрес-Сай

Эки жолдун айрылышында айылдын аталышы жазылган тактайча. Багыттамасы сынып жанында жатат. Биз такыр шашкан жокпуз. Болжолдоп эле бара жаттык. Талаа аралап жети километр жол жүрдүк. Туманга көнүп деле калдык, ал бизге азыр жолтоо боло алган жок. Дөбөчөлүү жерлер, камыштар, тынчтык өкүм сүрөт.

«Сай» кыргыз тилинде «дарыянын соолуп калган нугу» дегенди түшүндүрөт. Эгер бир аз көзүңдү жумсаң, тоодон ылдый кулаган, албууттанган суунун агымынын күр-шар добушун, толкундардын жана балыктардын шарпылдаган үнүн угууга болот.

Катардагы дөбөчөдө «Мектеп» деген тактайча турат. Талаалардын ары жагындагы аралчадан акталган үйлөр көрүндү. Аларды астыртан карап, кантип оңой жетүүгө болот деп ойлонуп келе жаттык. Тумандан суурулуп чыккан атчан киши бизге жол көрсөтүп берди.

Катардагы дөбөчөдө «Мектеп» деген тактайча турат. Талаалардын ары жагындагы аралчадан акталган үйлөр көрүндү. Аларды астыртан карап, кантип оңой жетүүгө болот деп ойлонуп келе жаттык. Тумандан суурулуп чыккан атчан киши бизге жол көрсөтүп берди.

Мектептин алдында турдук, бирок эмнени күтүп жатканыбызды түшүнбөдүм, жөн гана балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп жаттык.

  • — Дейресте кайсы кесиптин ээлери жашашат? — бир нече сабактан кийин үйүнө алып кетип жаткан кичинекей кыздын атасынан сурап калдым.
  • — Мугалимдер, айдоочулар, мал багуучулар, — деди эркек киши. Дагы бир нерселерди эстөөгө тырышып, жан-жагын каранды. Жүзү кубанычка толо түштү. Медайым бар! Тигине, ал келе жатат! — туман тарапка кол шилтеп көрсөттү.
Дейрес-Сай айылы Дейрес-Сай айылындагы мектептин имараты

Медайым

Кубаталиева Гүлсара — отуз жылдык стажы бар медайым. 1400 кишиси бар айылда ал абдан кадыр-барктуу адам. Дейресте дарыгер жок, айылдаштарына кам көрүү — анын мойнундагы иш. Таң эртеден кечке чейин Гүлсара эже тикесинен тик турат. Кош бойлуу аялдарды жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды күн сайын карап, кабыл алып, жардам берип келет. Ал бул жердегилердин баарын тааныйт, бул жердегилердин баары аны тааныйт. Гүлсара эженин ушак айтууга убактысы жок, ооруларды эртең мененки кыдыруудан кайтып келе жатыптыр. Үйүндө түшкү тамакка күйөөсү, балдары күтүп жатат.

Гүлсара эже

— Азыр барып үч ымыркайды көрүп келдим. Баарынын абалы жакшы, талаптагыдай чоңоюп жатышат. Келе жатып эки оорулууга кайрылдым, укол сайдым, — бизди күтүп жаткандагыдай жолдон эле айтып кирди.

  • — Дегеле бул жакта жаңы төрөлгөн ымыркайлар көппү?
  • — 2019-жылы 30 бала төрөлдү. Азыр каттоодо он кош бойлуу аял турат.
  • — Төрөттү сиз кабыл аласызбы?
  • — Жок. Төрөткө чейин гана карайм. Бизде төрөткөнгө шарт жок. Төрөй турган аялдарды ооруканага чейин алып барам. Бул 80 километрдей жол. Менин милдетим — аларды дарыгерге чейин жеткирүү.
  • — Жолдон эч кимиси төрөп койгон жок беле?
  • — Жок. Мен баарын туура эсептегенге аракет кылам.

Гүлсара эженин жүзү жарык, мээримдүү экен, аны менен оңой эле тил табышып кеттик. Ал туман арасында жолго көтөрүүчү баштыгын бекем кысып алып, бир нерселерди ойлоп ылайлуу жол менен кетип бара жатты. Жанындагы мага кыжаалаттанып, ыңгайсызданган жок.

Гүлсара эже ооруларды кароодон кайтып келе жатат Дөбөлөрдөгү үйлөр

Дейрес-Сай океандагы аралчалар сымал дөбөлөрдүн арасына чачыраган айыл экен. Бир дөбөчөдө эки-үч, экинчисинде беш-алты үй. Гүлсара эже бир дөңсөгө чыгып, кайра түшүп кетип бара жатты. Дөбөлөр туманга сиңип, бир аралдан экинчиси көрүнбөйт. Иттердин үргөнү жана формачан тигил-бул жакка мезгил-мезгили менен кыймылдаган кишилер гана катып калган пейзажды жандандырууда.

  • — Биздин айылдын атын укканда адатта чек аралык застава деп ойлошот, анткени биз Өзбекстан менен чектешкен жерде жашайбыз, — деп айтты Гүлсара эже.
  • — Чек арачылардын жанында жашоо тынчыраакпы? — деп сурадым. Гүлсара эже байкаларлык жылмайып койду.
  • — Биз суу маселесин чечип алсак жакшы болот эле.
  • — Ар бир жаңы депутат суу көйгөйүн чечүүнү убадалап кетет да, кайра эле эч нерсе өзгөрүүсүз калат. Ичүүчү сууну бизге ташып келишет. Жайында суу суугарууда дайыма кыйналабыз. Жамгырдын суусун чогултуп, кир жууганга, тамак бышырганга колдонобуз. Кыргызстандын дарыяларынын суусу бизге Өзбекстан аркылуу келет. Совет мезгилинде ушундай чечилип калган экен, дагы деле ошол бойдон.

Үйүндө Гүлсара эжени жолдошу жана балдары күтүп жатышыптыр. Күтпөгөн жерден биз кошулуп калдык, бирок аларды коноктор кооптондурган жок, алар үйүнө дайыма кишилердин келип турушуна көнгөн. Жаңы эле чай ичип баштаганда, Гүлсара эжеге кошунасы келди, анын башы айланып, көзү караңгылап жатыптыр. Гүлсара эже анын кан басымын текшерип, баштыгынан дары алып чыгып, көрсөтмө берип, үстөлгө олтургузду.

Гүлсара эженин жолдошу үйгө кишилердин келип-кетүүсүнө көнгөн Балдар дагы келип-кеткендерге көңүл бурбайт

Үстөлдүн үстүндө колго бышырылган нан, бадам, грек жаңгагы, алмалар турат. Баары өздөрүнүкү, баары Дейресте өсөт.

  • — Биздин айылыбыз жакшы. Мында жакшы адамдар жашайт. Суу эле чыкса, эч кандай көйгөй болбойт эле, — дейт Гүлсара эже.
  • — А сиздин айылдын эмнеси жакшы? Менин түшүнгөнүмө караганда, жумуш жок, барып эс ала турган жер жок, — дедим, түшүнүүгө аракет кылып. Гүлсара эже үлгүргөнчө жолдошу жооп берип калды.
  • — Биздин айылда элдер каалагандай жашайт. Совет доорунда баары иштеш керек эле, иштебегендерди түрмөгө да отургузуп койчу, ал эми азыр ар ким эмне менен алектенерин өзү чечет, кааласаң эртеден кечке шыпты карап жата бер, кааласаң бизнес кыл.

Гүлсара эженин жолдошу — мелиоратор. Мезгил аралык иштейт. Айылда сууга жооп берет. Кышында үй чарбасына каралашат. Ошондой эле телевизор — спорт каналдарын көрөт.

  • — Жумуштун жоктугунан көпчүлүгү иче башташат го, силерде кандай?
  • — Мурун ичишчү, азыр ичишпейт, -деди эже.
  • — Арак түгөндүбү?
  • — Жок, болгону көбү мечитке бара баштады.

Кыз ала качуу боюнча да сүйлөштүк. Ооба, болуп калат дейт. Келишим боюнча. Билим алуу боюнча баарлаштык. Мугалимдер, адистер, китептер жетишпейт экен. Аялдардын укугу, тең укуктуулук боюнча да маектештик. Алардын айылынын аялдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо керекпи? — деп сурадым. Гүлсара эже түшүнүүгө аракет кылып, көпкө тиктеп турду да, анан чарчагандай оор үшкүрүп койду.

— Ишти аялдыкы, эркектики деп ким бөлөт, мен түшүнбөйм, — дейт. Мисалы, мен камыр жууруп, манты түйүп жатканда, бирөөнүн дене табы көтөрүлүп телефон чалып калат, баарын таштап бейтапка жөнөп кетем, күйөөм, балдарым менсиз эле баарын бүтүрүп коюшат.

Түшкү тамактан кийин Гүлсара эже ФАПка жөнөдү. Ал жакта ал оорулууларды кабыл алып, алардын баарын журналга каттап туруу керек. Адатта ал жакка жөө барат, бирок бүгүн жумушка машина менен жөнөдүк. Дөбөлөр, камыштар аркылуу үйлөрдү, абалап үргөн иттерди аралап бара жаттык. Балдар мектептен кайта башташыптыр. Узак жүрдүк. Али балалыгы кала элек чек арачылар жол бойлоп кетип бара жатышат. Туман али тарай элек.

ФАП жана чек аралык застава бир дөбөдө жанаша турат. Чек аралык застава дарбаза менен курчалган, ФАПка келгенде Гүлсара эже эшикти ачып койду.

— Менин мында экенимди эл билсин, — Гүлсара эже бутундагы кепичин кире беришке чечип кирди да, башка бут кийимди кийип алып, от жага баштады. Эшиктин артындагы меште от чатырап күйө баштады, бөлмөнүн ичи жылыгансып калды.

Гүлсара эже үстөлдөн журналын алып чыгып, бүгүнкү баргандарын, алардын диагноздорун жаза баштады. Бир аз убакыттан кийин, уколго деп аялдар келе баштады. Алар эч нерсе сурашкан жок, Гүлсара эже деле ашыкча сүйлөбөдү. Учурашуу, укол саюу, коштошуу, журналга жазуу; учурашуу, укол саюу, коштошуу, журналга жазуу.

Гүлсара эже иш ордунда

Кайсы бир дөбөчөдөн ит үрүп, койчумандар малын үйүнө айдап келе жатканы угулат. Туман козголуп да койгон жок, ал чек арачыдай эле бир ордунда турат.

Күн батканда Гүлсара эже үйүнө камынды. Мештеги отту өчүрдү. Баштыгын чогултуп, бут кийимин алмаштырып, ФАПтын эшигин жапты. Үйүнө алып баруучу жол — дөңсөлөрдү, камыштарды, талааларды туманда аралап өтөт.

— Мен бул жолду жакшы көрөм, — дейт күлмүңдөгөн Гүлсара эже.

Үйгө карай жол