Почточу кесиби

Ош облусу

Чыйырчык ашуусу

Кыштын акыркы күндөрүндө Бишкек — Ош жолу Диснейлендге окшош. Жаркырап тийген күн, анын нуруна чагылышкан тоонун чокулары, жылтыраган тоонун боору. Кар нандын бетиндеги ширедей катып, жылмакай кабыгы аса-мусанын түркүн түсүнө боелуп, жомоктогудай сарайлар асман тирейт. Жаздын алгачкы жарчылары жалкоолорду да уйкусунан түртүп ойготчудай: тапталган тептегиз жолдун боюнда чоң, кичине аралаш кишилер — балдар тоодон учуп жылгаяк тепсе, чоңдор казандарды тегеректеп отурушат. Тоо этектеринде чаңырган үн, күлкү, каткырыктар жаңырат. Казандардан эт, пияз, камырдын жыты буркурайт. Жолугушуп, баарлашкан кишилер кышкы уйкудан чыга баштагандай. Оттун тегерегинде бир нерселерди кууруп, демдеп, кайнатып жатышат.

Тоонун боору менен алты жүз километр — жакын жер эмес, биз улам-улам токтоп, теңирчиликтин шарапаты менен тоолорго, күнгө, отко жүгүнүп жаттык. Суриков, Брейгель, Кустодиев ретроспективдүү көрсөтүү уюштурушту, ал эми мен болсо чоң пазлдын бөлүктөрүн чогулта карап, көзүм тойбойт.

Памирдин чоң даңгыр жолунда айдоочубуздун катаал жүзү жумшара түштү. «Эң кооз жол Кыргызстанда», — деди ал котормочунун жардамы менен.

Чыйырчык ашуусу деңиз деңгээлинен төрт жүз метр жогору. Ашуунун аталышында чымчыктын сайраганы угулат, «Чыйырчыкты» орус тилине которгондо «скворец» деген кичинекей чымчыкты түшүндүрөт.

Кезектеги жылуу жай көзгө урунду, отту тегеректеп кишилер отурат, чоң очокто даамдуу тамак бышып жаткандай. Машинадан чыгып, жыпар жыт чыккан тарапты көздөй бастык.

  • — Бул пирожок! — деди казандагы картошканы аралаштырып жаткан эркек киши.
  • — Кайдагы пирожок? — дедим таңдана.
  • — Пирожок — бул камыр!
  • — Пирожок — бул эт менен картошка! — деди ашпоз айтканынан кайтпай.
  • — Кандайдыр-бир таң калыштуу пирожок, — деп каршы болдум.
  • — Бул деген өзгөндүк пирожок! — деп түшүндүрө баштады тиги киши.

Пирожокту күтүп эркектер, аялдар, ак чач, сакалдуу кишилер отурат.

  • — Бардык үй-бүлөсү менен келишкен экен. Тигине балдар баллон менен муз тээп жүрөт, чоң атасы аларды карап кубанып отурат, — деди Өзгөндөн келген аял.
  • — А чоң атаңыз канчада? — деп кызыгып сурап калдым.
  • — Так билбейм. Бирок сексенден ашканы анык.
Чыйырчык ашуусу «Өзгөндүк пирожоктун» аңкыган жыты туш тарапка тароодо

Түштүктөгү борбор

Кыргызстандын маданий борбору — байыркы Ош шаары. Адатта тарыхчылар жана гиддер баянын так ушинтип башташат. Мында байыркы менен азыркы биригип, доорлор менен окуялар чырмалышып, байыркы тилдеги жумшак коңур жана көмөкөйдөн төгүлгөн үндөр жаңырат, мында эң даамдуу тамактарды бышырышат. Такcисттер сизге жылмайып туруп, таптакыр керек эмес жактарга алып барышат; базардагы соодагерлер көпкө соодалашуу максатында товарлардын бааларын ашыра көтөрүп алышат; мейманканаларда жаңы эле башыңды самындай баштасаң, же сууну, же электр арыгын өчүрүп коюшат. Бул шаар кучак жайып тосуп алып, жаныңды сууруп алат. Ысык курут жай жана күн, ал эми аш — гүлдөгөн талаа менен зире жыттанат. Ысык нандар, майда мантылар, тандырда бышкан самсылар, бадамдар жана грек жаңгактары — булардын баарын сүрөткө тартып алып, дүйнө элдерине мактанып көрсөткүң келет.

Сулайман-Тоо — тайынгандар жана сүйүшкөндөрдүн зыярат кылган жайы, азапка кабылгандардын жана оорулуулардын үмүтү, коноктордун көңүл ачуучу жери. Мен тоонун чокусунда турам, алды жагымда мамлекеттик желек желбиреп турат. Кечки азандын үнү шаар аралап жогору көтөрүлдү, түтүн арасынан бүлбүлдөгөн оттор — таза импрессионизм көрүнөт.

Кечке маал котормочу экөөбүз борборду, ээн сейил бактарды, бузулган тротуарларды, бозоргон аянттарды аралап сейилдеп жүрдүк. Советтик Чыгыштын жана жакыр Батыштын миксинен турган стилдердин аралашмасы, жепирейген жер тамдар менен айнектерден курулган заңгыраган имараттардын кошуна турушу — башкы пландын жоктугунун, болсо да аны эч ким сактабай тургандыгынын далили экендиги түшүнүктүү (Бишкектегидей эле).

Шаардын баштан-аяк ар кайсы жерлеринде түштүктөгү негизги университет — Ош мамлекеттик университетинин кочкул кызыл имараттары жайгашкан. Бул имараттар шыр эле көзгө урунат, аларды башкалар менен алмаштырып алууга да болбойт.

— Кайда барба, бул шаарда ОшМУ дайыма жаныңда, — деп күлүшөт жергиликтүү эл.

Ош мамлекеттик университетинин корпустарынын бири

Башкы аянттын жанындагы пролетариаттын түбөлүк жапжаш башчысынын эстелигинен анча алыс эмес жерде сейил багы бар. Сейил бакта православие дининдегилердин чиркөөсү жана мектеби бар. Дагы бул бакта бешикке башын ийип, жүгүнүп турган кыргыз жана өзбек кийимчен таштан жасалган эки аялдын эстелиги турат. Бул эки аялдан бир тамчы көз жаш агып турат.

Биз котормочу экөөбүз шаардын так борборундагы бул эстеликтин жайын алдыбыздан чыккандардын баарынан сурадык. Милиционер да, студенттер да, коляска сүйрөгөн жаш энелер да, жада калса эки пенсионер апа да бул эстелик тууралуу эч нерсе айтып бере алышпады.

— Шаар аралаган экскурсияда бул эстелик тууралуу сураган жокпуз. Шаар конокторуна 2010-жылдагы окуя кызык эмес, жергиликтүү жашоочуларга бул багыттагы сүйлөшүү оор. Ал мезгилде болгондордун баары бүгүнкү күнгө чейин такталган эмес, талдоого алынган эмес, аягына чыгарылган жок, — деди туристтик компанияда гид болуп иштеген Наталья.

Оштогу 2010-жылдагы окуяда дайынсыз жоголгондорго арналган эстелик

Алай өрөөнү

Бирде өрдөп, бирде төмөндөп, соймолоңдогон жол менен живопистик тоо боорун аралай жүрүп отурдук. Күнгөй, кубанычтуу, жеңил. Алай өрөөнү тууралуу билгенимдин баары Курманжан датканын аты менен байланыштуу. Алдыман чыккан кыздардын, аялдардын, кемпирлердин жүздөрүнөн ага окшош нерселерди издей бердим. Жол жүргөнүбүзгө эки сааттай болду, ондогон айылды аралап өттүк, бардык жерден эле жалаң аялдарды гана жолуктуруп жаттык. Челек көтөргөн, араба сүйрөгөн, мал айдаган, кичинекей бала көтөргөн эле аялдар. Эркектер кайда? Кайсы фронтко кетишкен?

Көлдүк — боек менен тартылган чөйчөктүн түбүндөгү чакан айыл. Чөйчөктүн капталдары — Рерихтин пейзажындай. Байлыкка, жашыруун сырга тунган жол боюндагы үйлөр ачык китеп сымал, мына сырты акталган баштапкы мектеп, ага калкты каттоо тууралуу баннер илинген, мечит, эң зарыл буюмдар коюлган жупуну дүкөнчө, тизеге гана жеткен дарбазалар, алар кооздук үчүн гана жасалгандай. Жүздөгөн короолор. Дарбазалар, эшиктер, жан дүйнө эшиги кенен ачылган.

Аялдардын чөнтөктөрүндө күн карама даны салынган. Уучтап алып аны чагып жатып, сүйлөп да жатышат, сага сый көрсөтүп колуңа салып да жатышат. Тигил эң чоң, эң кооз, верандалуу, эки кабаттуу үй — мектеп директорунун үйү. Бул жаңы мечит — азырынча иштебей турат, коңшу айылдан жаш молдо келип жүрүп, көнбөй, акыры өз жолуна түштү. Айылдагы эң кадырлуу адамдар — мектеп мугалимдери. Мугалим келин — кайнененин сыймыгы. Мындай келинге баары уруксат. Анткени ал айлык табат. Мында андан башка жумуш жок. Бүгүн кечке чейин Көлдүктө бир да мугалим жок. Коңшу айылга тушоо тойго кетишкен. Айылдык мугалимдер — айылдын каймагы, көпчүлүктөн айырмаланып турат, өздөрүн көз каранды сезишет.

  • Жабык мектептен анча алыс эмес жерде топтошкон он-он экидей бала турат. Аларды көрүп кыргыз тилимди бир аз машыктырып алайын деп сүйүнүп:
  • — Саламатсызбы! — деп зор ынтаа менен кайрылсам,
  • — Hallo! How are you? — деп жооп иретинде мага кыйкырышты.

Өңгүл-дөңгүл жолдо араба түртүп бир кыз келе жатат. Кыз далысын түз кармап, өзүнө ишенимдүү, менин дарыгердин үйүн көрсөтүп коесуңбу? -деген суроомо тайманбай туруп: «Биздин айылда дарыгер жок. Мен окуп, дарыгер болом» , — деп жооп берди.

Көлдүк айылынын келечектеги дарыгери

Жергиликтүү аял менен тааныштык, ал котормочу экөөбүздү үйдөн- үйгө кыдыртып, өзү тууралуу, айылы тууралуу айтып берип жатты. Жоолукчан, кепич кийген, териси шамалга туурулган, алтын тиштүү, жүзүн бырыш баскан аял. Анын жолдошу Россияда иштеп жүрүптүр, үй-тиричилиги, балдары, кайын атасы баарын анын мойнунда. Мен ага «эже» деп кайрылып, коомдук унаада орун бошотуп берип жаткам. Кетерде анын менден беш жашка кичүү экенин билдим.

Көлдүк айылы

Үч-Төбө

Бул айылда жүз түтүндөн ашык. Мында беш жүздөй бала окуган мектеп, ырчы, куудулдардын концерти өтүүчү клуб бар. Бүгүнкү күндө куудулдар бул айылда аябай күттүргөн коноктор болуп саналат.

  • — Ал куудулдар концерттеринде кандай күлкүлүү нерселерди айтып беришет? — деп Үч-Төбө айылынын жашоочусунан сурап калдым.
  • — Биздин каада-салттар, биздин жашоо тууралуу. Кандай болсо ошондой айтышат. Бул абдан күлкүлүү, — дейт аял.

Айылдын ортосунда кичинекей имарат — почта турат. Качандыр бир мында кыштактын администрациясы туруп, анда «бардык өлкөнү электрлештирүү» жана «беш жылдыкты эки жылда аткаруу» сыяктуу мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселелер талкууланчу экен. Бүгүн бул жерден пенсия, жөлөк пул берилет жана гезиттерди сатып алса болот.

Үч-Төбө айылынын борборундагы почтанын имараты

Почтанын кожойкеси — Нурия, алар — ата-бабасынан бери почточулар. Апасы да ушул жерде почточу болуп иштеген. Нурия апасы жана төрт кичинекей бала менен чакан үйдө жашайт. Эки бала — Нурияныкы, экөөсү — сиңдисиники. Кичүү сиңдиси күйөөсү менен Россияда иштейт. Нурия конок келерин күткөн эмес, биз барган учурда отчет жазып отуруптур. Ай сайын ал канча пенсия, алимент, жөлөк пул берилгендиги тууралуу отчет берет.

Нурия отчет жазып жатат

Ал күнү бою тынбайт, бир күн көз ачып-жумганча өтөт дейт. Эртең менен эрте үйүнөн чыгып кетет, түшкө чейин почтада болот. Бул жакка банкоматтардан акча ала албаган пенсионерлер же мурункудай эле колуна нак акча алгысы келген жөлөк пул же алимент алуучу аялдар келишет. Айыл жашоочулары машиналарга анча ишене беришпейт, андан көрө Нуриянын колунан акча алууну каалашат. Нурия үймө-үй кыдырып каттарды жана гезиттерди таратат, анын эмгек китепчесинде «почточу» деп жазылып турат. Айылдаштары ага ишенишет.

Нуриянын апасы — Кылым эже — бат-бат кыймылдаган, меймандос аял. Эртеден кечке жээндерин карап, үй-тиричилиги менен алек. Бирок, анын кан басымы бат-бат көтөрүлүп турат, ошондуктан Нурия түшкү тамактануу маалында апасын, балдарын караш үчүн үйүнө чуркайт.Биздин саякаттын учурунда көптөгөн үйлөрдө болдук. Булар ар түрдүү үйлөр эле. Деңгээли да ар түрдүү, эреже-тартиби да ар түрдүү. Үйдүн атмосферасы бул жашоочулардын ички дүйнөсүнө окшош. Турмушта майда нерсе жок, баарынын орду бар, баары маанилүү. Бут кийимдер кандай турат, балдар өздөрүн кандай алып жүрүшөт, чоңдор бири-бирине кандай карашат, кандай мамиле кылышат. Бул чакан үйдө жарык, жылуулук, сүйүү, бири-бирине көңүл буруу аябай көп экен, котормочу экөөбүз эмнеге келгенибизди унутуп, чай ичип олтуруп, тай энеси жээнин тизесинде терметип олтурганын, улуу кыздар кезектешип бири-биринин чачын тарап жатышкандарын, сиңдиси эжесинин бетинен өпкөнүн, улуусу кичинекей мешке отун салып жаткан Нуриянын кыймыл-жаңсоолорун кайталап туурап жатканын, анын жүзүндөгү оттун жылуу табынын чагылганын карап эле отурдук. Ушул убакка чейин мындан бир топ бай үйлөрдөн да ушунчалык бактылуу үй-бүлөнү көрө элек элем.

Нурия жарым ставкада иштейт. 2450 сом (35$) айлык алат. Эч нерсеге наалыбайт, арызданбайт. Баарына жетет дейт. Апасы пенсия алат, сиңдиси Россиядан акча салат, картошка айдашат, мал багышат. Жолдошу тууралуу эч нерсе сураган окпуз, Нурия сыяктуулар жеке жашоосу тууралуу эч нерсе айтышпайт. Бул аялда пакизалык менен абийир ушунчалык бийик болгондуктан, андай майда-чүйдө аялдар темасы жөнүндө сүйлөшүүнүн өзү ыңгайсыз.

  • — Менин кызым өзү үчүн эч нерсени сурабайт, дегеле талап кылбайт. Бала кезинен ушундай — уялчаак, жөнөкөй, намыскөй, — дейт Кылым эже.
  • — Биздин айылда аялдардын баары өзгөчө. Баары көз карандысыз, баары күчтүү. Бүт баары аялдардын мойнунда, —деп кошумчалады.

Нуриядан жумуш оорбу деп сурадым. Ал жылмайып, башын чайкады. Татаал эч нерсе жок, негизгиси үйдө апам менен балдар тынч болсо эле болду дейт. Анын менен жумушка чогуу баралы деп сурандык.

Башкысы — үйдө баары жайында болушу Нурия жумушка барууга камдана баштады.

Нурия почтага кадимки жолу менен бара жатты, почта үйүнөн он мүнөттөй жерде экен. Тоңуп калган мекеменин эшигин ачып, жылыткычты иштетип, жумуш ордуна олтуруп, кардарларды күтүп калды. Бир сааттын ичинде үч киши келди, баары гезит алганы келишиптир.

Үч-Төбөдөгү эң таанымал гезит — «Супер-Инфо». Мында жылдыздуу үй-бүлөлөрдүн жаңжалдарына кызыгуу менен байкоо салышат, ким кимге үйлөнүп, качан ажырашкандыгын, канча баласы бардыгын так билишет. «Эркин-Тоо» жана «Кыргыз-Туусу» деген мамлекеттик гезиттер почтада кыймылдабай жатат, бул басылмаларды мектептерге таратышат.

Нуриянын колу тоңо баштады, котормочу экөөбүз кезек-кезек жерди тепкилеп бийлей баштадык. Нурия бир таңгак гезитти көтөрүп, айыл кыдырып келели деп калды. Анын кадамдары ишенимдүү, тез-тез. Биз чуркап-чуркап араң жетип жаттык. Нурия «Супер-Инфо» гезитин алууга жазылган 25 үйдү кыдырып чыгышы керек. Азык-түлүк дүкөнүнө кирдик, гезитин бердик. Сатуучу бир нерселерди тамашалап сүйлөшкүсү келди, бирок Нуриянын ага убактысы жок. Андан ары кеттик. Короосунда жүк ташыган машина токтоп турган үйгө, ылайдан кичирээк дарбаза тургузулган үйгө, айнек верандалуу үйгө, дарбазасы жок үйгө, балдары ызы-чуу түшүп жаткан үйгө, чоң ити бар үйгө, кооз иномаркалуу үйгө, кожоюну мас үйгө, кош бойлуу аял бар үйгө бардык. Баары Нурияны таанышат, жылмайып тосуп алышат, көпчүлүгү чай ичүүгө чакырат, Кылым эженин ден соолугун сурашат. Кээде гана жооп кылып жылмайып койбосо, Нуриянын жүзү калбаат, олуттуу. Эмнени ойлоп баратканын түшүнө албайсың.

Нурия иш ордунда Нурия жумушка барууга камдана баштады.

Күүгүм кире баштады. Тоо башында күлгүн-сыя так турат. Нурия кадамын жайлатып, тээ алысты кыялдана карап калды, күн батып бара жаткан кечки кооздук ага куп жарашып турат.

  • — Сиздин кыялдарыңыз барбы? — жооп аларыма толук көзүм жетпей эле сурап калдым.
  • — Албетте, бар, — деди ал.
  • — Мен үй курсам дейм. Өзүмдүн. Жеке үйүмдү.
  • — А бул үчүн болжолу канча керек? — дедим кызыга.
  • — Болжолу эмес, туптуура бир миллион төрт жүз (20.000$). Мен баарын санап чыккам, — дейт ал.
Нуриянын кыялы бар. Ал үй кургусу келет. Нурия жашаган үйдү чоң атасы салган.

Кылым эже бизди ысык чай, колго бышкан нан, жапайы карагаттын кыямы менен тосуп алды. Убакыттын бат өтүп, балдардын бат чоңоюп жаткандыгы тууралуу сүйлөшүп жаттык. Кылым эже почтанын имаратында администрация болгон учурду эскерип калды, ал кезде айылда үйлөрдүн саны эки эсе аз эле, адамдар бири-бирине өз колу менен кат жазышчу эле дейт.

  • — А азыр такыр кат жазышпайбы? – деп сурадым.
  • — Эки миңинчи жылдын баштарында эле жазбай калышкан, — деди Кылым эже.
  • —Анда почточу гезиттен башка эмне ташыйт?
  • — Банк, соттордун кагазын. Кээде тойлорго чакырууларды ташыйт.
  • — Элүү жылда сиздердин айылда элдер өзгөрдүбү?
  • — Жок, өзгөргөн деле жок. Кандай болсо, ошол эле бойдон калышты.
  • — А эмне өзгөрдү?
  • — Көпчүлүгү Россияга иштегенге кете баштады. Ар бир үй-бүлөдөн сөзсүз бирөө-жарымы кеткен.

Кылым эже бизге жолго деп жаңгак, кымыз, өз колу менен жасаган кыямын сала баштады. Аны менен талашып-тартышуу пайдасыз. Ал менин кимге эмне беришим керектигин да бөлүштүрүп койду. Кыям балдарга, кымыз кайын энеге дейт. Биздин үйгө карай сапарыбыз жеңил жана байсалдуу болсун деп, намазын окуп чыкты.

Кылым эже бизге ак жол каалап жатат

Көпкө коштоштук. Кучакташып, өбүшүп, колубузду кармашып көпкө турдук. Үйгө жеткенге чейин бизге асмандан атайын чырак жанып турду.