Сот кесиби

Баткен облусу

Муз менен оттун ыры

— Тигил жакта кандай өрүктөр бар, билесиңби? Мына мындай! — кошунам муштумун түйө менин мурдума такап көрсөттү. — Ал эми бактарычы? Билесиңби, ал жактын бактары кандай?

  • — Кандай? — деп сурадым мен.
  • — Абдан…— кошунам сезимдерине чакап.
  • — Ал жакта кышында да пальто кийбей жүрсөң болот. Чоң апам кышында көйнөкчөн жүрүшкөнүн жана так терезелеринин түбүндө анарлар өсүп турганын айтып берген.
  • — А сен өзүң Баткенге бардың беле? — кызыга сурадым мен.
  • — Бала кезимде баргам, — мойнуна алды кошунам.

Түндүктөн түштүккө карай кеткен жол бирөө гана — тоодогу ашуулардагы серпантиндер, тешкен тоолор аркылуу булуттурды аралап өткөн жол. Бишкектен Баткенге чейин миң километрге жакын. Өйдө-ылдый кеткен алыс жол. Бирде деңиз деңгээлинен 2500 метр жогору асман тиреген бийиктикке көтөрүлсөк, бирде 400 деген белгиге чейинки төмөн жакка түшөбүз. Ушул эле каттам боюнча күн сайын ары-бери каттаган фуралардын айдоочулары учкучтардай эле болуп калыптыр.

Тоолор дале кар кандыгынын жана муз сепилдеринин кучагында болсо, ойдуңчаларда бактар гүлдөп, элдер жеңил кийимчен жүрүшөт. Баткендин кире беришинде тегереги курчалган жемиш бактары көбөйгөндөн көбөйө берди. Аларды тегеректеп аялдар, жаш балдар жүрүшөт: бутактарды байлап, таңып, эски бутактарын кыркып жатышат.

Жол боюнда эркектерди көрүүгө болот. Алар көбүнчө үйлөрдүн алдында топ-топ болуп отурушат. Көңүлдөрү жайында, курсактары ток, кебелбейт.

Кезектеги токойчонун жанына токтодук. Бир кылка тептегиз өскөн жаш көчөттөр шартуу түрдө курчалгандай. Бактардын арасында кол араасын көтөргөн жалгыз аял жүрөт. Бирде мындан бир кургак бутакты араласа, бирде тигинден ашыкчасын кесип салып жүрөт.

  • — Сиз багбансызбы? — деп сурадым.
  • — Мен дарыгермин! — деп жооп берди.
  • — Араа менен жеңил иштейт экенсиз…
  • — Үйрөнүп алдым. Негизги кесибим менен көп акча таба албайсың. А мөмө-жемиштер абдан кирешелүү.
  • — Өзүңүз сатасызбы?
  • — Жок, мен өстүрүп гана берем. Жайдын аягында аларды Бишкекке, Россияга алып кетишет.
  • — Бул жылы түшүм кандай болот?
  • — Азырынча белгисиз. Кыш жылуу, жакшы болду, бирок жаз баарын өлтүрүп коюшу да мүмкүн. Көп жолу ошондой болду да.
Бишкек — Баткен жолу Иш күндөрү бул аял дарыгер болуп иштейт, ал эми дем алыш күндөрү багбан Эркектер клубу

Баткен

Баткенге кире бериште бизди Эркиндик — кыргыздардын эркиндигинин эстелиги тосуп алды. Арык чырай, канатчан аял шар үстүндө турат, колунда үй очогунун эн белгиси — түндүк.

  • — Бул мурун Бишкек шаарынын борбордук аянтында турган эстеликпи? — деп жаныбыздан өтүп бара жаткан улгайган сакалчан кишиден сурап калдым. Ал шыр токтоп, ээрдин кымтып, башын чайкады. Биз тим эле көптөн бери тааныш адамдай, анан эле мен таарына турган жаман бир нерсе айткандай түр көрсөтө:
  • — Жок, бул биздин эстелик! —деди эркек киши. Аны жасаган скульптор биздин жердеш — баткендик, биринчи эстеликти өзүнүн шаары үчүн, андан кийин Бишкек шаары үчүн жасаган. Биздикин Бишкектегиден мурун койгон.
  • — Бишкектегисин алып салганына көп болду, — дедим мен.
  • — Ооба, билем, — деп кол шилтеди.
Баткендеги Эркиндик статуясы

Мага бул сүйлөшүү жагып калды. Баткендиктин ордунда болсом, мен да келгиндерге ушинтип жооп бермекмин деп ойлодум. Чындыгында кандай болгону маанилүү да эмес.

(Бишкекке кайтып келгенде, Көркөм сүрөт музейине Эркиндик статуясынын тарыхын тактоого шашылыш бардым. Эркек киши туура айтыптыр. Чындыгында ошондой болуптур. Чын эле эки статуя бар экен. Борбордогусун сезимтал эркектердин (көпчүлүгү парламенттен) суранычы менен алып салышкан: «Аянтта аялдардын турганы — бир, улуттук эн белгини көтөрүп турганы — эки — туура эмес нерселер экен». Музейден мага борбордогу мурунку статуя азыр кайсы жакта экендигин билбейбиз деп жооп беришти).

Статуядан алыс эмес жердеги кафеде шишкебек, самсы, манты, лагман бар. Кире беришинде салттуу тандыр турат. Нандын жана куурулган эттин жыты мурун өрдөп, багытыңдан адаштырат. Узак жол баскан биз — айдоочу, котормочу үчөөбуз жапайылардай эле тамакка үйрүлө түштүк. Тегерегибизде жалаң эле эркектер отурушат, шашпай тамак жешип, бизге үстүртөн карашат. Кафеге сасык тумоого каршы — түтөгөн арчаны көтөрүп киришти.

  • — Даамдуу бекен? — мени карап түтүн арасынан бир эркек сурап калды.
  • — Бул, балким, Баткендеги эң мыкты ашкана чыгар? — деп жооп кайтардым.
  • — Жок, мыктылары да бар. Бизде бардык жерде даамдуу, — деди эркек мактаныч менен.

Рим мончолору

Борбордон алыс эмес жерде топтошкон элди көрдүк. Элдер желим вагондун алдында котолоп турат. Вагондун эшигинде: «Даараткана — 10 сом. Жуунуучу жай — 50. Жуунуу убактысы — 20 мүнөт» деген кулактандыруу илинип турат. Вагондун тегерегинде совет мезгилинде бышкан кыштан курулган 4 кабаттуу бекем хрущевкалар турат. Элдер андан дагараларды, мончого керектүү буюмдарды көтөрүп чыгып жатышат. Котормочу экөөбүз барып кезекке турдук. Анда эркектер, аялдар, кары-картаңдар, балдар турат. Баары бири-бири менен сүйлөшүп турушат, баары тааныш, баарынын маанайы жакшы. Акыркы жаңылыктарды талкуулашып, бири-бирине кеңеш берип жатышат, айтор вагондун тегерегиндеги жашоо кызуу.

  • — А бул батирлерде жуунуучу бөлмөлөр жокпу? — деп түстүү халат кийген аялдан сурадым.
  • — Жуунуучу бөлмөлөр бар, — аял күлүп калды.
  • — Суу жок.
  • — Көп өчөбү?
  • — Дайыма.

Кызыл-Кия

Баткенден 3 сааттык аралыкта шахтерлук бай тарыхка ээ шаар жатат. Качандыр-бир бул жакта көмүр казышчу. Шаар жабык жана бай эле. Ал ар түрдүү эл жана салттар үчүн эритүүчү чоң казанга айланган. Бул жакка Кавказдан да кишилерди жөнөтүшчү зор сталиндик көчүп-конуулардын учурунда. Мында авантюристтер, кылмышкерлер, кыялкечтер качып келишкен. Кире беришинде коңтормо балкасын көтөргөн металлдан жасалган шахтер турат. Анын жүзү мага тааныш көрүнөт.

Кызыл-Кыянын кире беришиндеги шахтер

Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя советтик пайдубалдагы чыгыш фасады. Салттуу блок үйлөр тыгыз кошуналыктын доорун чагылдырат, бир жагына кыйшайган, бийик, жаңыүйлөр, ээн жердеги жан киши жашабаган, коммуникацияларга кошулбаган чоң үйлөр. Тротуарлар бузулган, жол чырактары кээде гана көзгө урунат. Жападан-жалгыз мейманкана — бул жылуулук берилбеген чоң-чоң бөлмөлүү совет доорундагы имарат.

Шаарга караңгы киргенде жеттик. Мейманканадан орун алып жайгашкандан кийин, котормочу экөөбүз сейилдегени чыктык. Көчөлөр коменданттык сааттагыдай бопбош. Биздин мейманканага жакын эң жарык жер — борбордук оорукана. Оорукананын жол чырактарынын алдында сейилдеп жүрдүк. Бир айландык, эки, үч. Бул мезгил аралыгында бир-эки сүйүшкөн жуптарды, анализдерин кызуу талкуулаган эки аялды, эки үн-сөзсүз кетип бара жаткан кары адамды жолуктурдук.

Мейманканага караңгы, жарыктандырылбаган көчө менен кайтып келе жаттык, бут алдыбызды телефон менен жарыктандырып жаттык, кээде өз көлөкөбүздөн чочуп, секирип кетебиз. Мейманканадан алыс эмес жерде терезелери аңырайган жарым-жартылай бузулган имарат турат. Бул жерде коркунучтуу тасмаларды тартса болчудай.

  • — Өспүрүмдөр кечкисин кантип жүрүшөт, элестетсеңиз? — дедим котормочуга.
  • — Бул шаардын бардык өспүрүмдөрүнүн уктаганына көп болсо керек, — деди котормочу. Бузулган үйдүн жанындагы кичинекей дүкөнгө кирсек, он жашар бала сатуучунун ордунда турат. Жападан-жалгыз. Жүзү эч сыр бербейт,көзү чоң кишиникиндей. Бизге шоколад, чай, токочту берип, акчанын калганын кайтарып берди. Кетерибизде бейпил түн каалады.

Шаардык сот

Телефон аркылуу сот Махабат Бекишова менен жолугушуу тууралуу макулдашып жатканда, жакшы баарлашуу болоруна анчалык ишенген деле жокмун. Көпчүлүк соттор өз жашоосуна бөтөн кишилерди киргизбей тургандыгын, журналисттерди дегеле жактырбасын жакшы билем.

Мен Махабаттын үйүнө таң эрте келдим. Ал кызын мектепке жөнөтүп, өзү ишке даярданып жатыптыр. Чай ичип олтуруп, бир нече мүнөт сүйлөшкөнгө үлгүрдүк. Махабат меймандос кожейке катары тамашалап, күлүп жатты, бирок бир да көз ирмемчелик кайратын жоготкон жок. Мени изилдеп, каалоомду түшүнүүгө аракет кылып, пазлдарды орду-ордуна коюштурууга аракет кылып жатканын сезип турдум. Сот менен сүйлөшүүдөгү негизги эреже — чындыкты айтуу! Мен ошентип жаттым. Ойлогонумду ойлогонумдай, көргөнүмдү көргөнүмдөй айтып жаттым. Бир аз убакыттан кийин, оңой сүйлөшүп калдык.

Махабат Ошто төрөлүптүр, бирок жашоосунун көп бөлүгүн Жалал-Абадда өткөрүптүр. Сот болуп дайындалгандан кийин, Кызыл-Кыяга көчүп келип, иштеп жатканына үч жыл болуптур. Бул жакта өзүнүн үйү жок, Махабат батирге төлөп жашайт. Батирде баары жөнөкөй жана жупуну. Залда иш үстөлү жана компьютер, кызынын электр пианиносу, мөмө-жемиш, бышкан тамак-аш коюлган кичинекей үстөл. Махабаттын күйөөсү аскер кызматкери жана көп убактысын гарнизондо өткөрөт, балдары мектепти бүтүшкөн, бири Россияда, экинчиси Бишкекте окуйт. Кечкисин Махабат кызы менен фитнеске барат. Анан экөө чогуу англис тилин окушат. Көбүнчө скайп аркылуу. Үй-бүлөсү тууралуу айтып жатканда, Махабаттын үнү жайлап, жүзү жумшарып, көздөрү жана түшөт экен.

Махабат үйүндө

Сотто иш күнү 8.30да башталат. Махабат экөөбүз үйдөн 8.00дө чыктык. 20 мүнөттөй ал машинесин жылытты. Түштүктүн жылуу аба ырайы тууралуу жомокторго карабай, анын машинесинин терезеси түндө тоңуп калыптыр. Махабат тамашалап, айнекти кездеме менен сүрүп жатты. Маңдайкы терезедеги муз эрип, кошуна үйлөрдүн чатырынан күн нурунун мурду көрүнө баштады.

Машина түндө тоңуп калыптыр

Жолду катар Махабат ири эл аралык уюмдагы жетекчилик кызматтан кийин, мамлекеттик кызматка келүү оңой болбогондугун айтып отурду. Фонддо иштеп жүрүп, офистин майда-барат керектөөлөрү: канцелярдык же дааратканалык керектөөлөр тууралуу эч качан ойлонгон эмес экен, ал эми сотто алгач иштей баштаган учурларда эң зарыл нерселер да жок эле. Картридж жана кагазды да өз акчасына алчу, ал да мурунку жумушуна салыштырмалуу аз болчу.

«Эл аралык фондуда мен юридикалык бөлүмдүн башчысы болуп иштечүмүн. Биздин Кыргызстан боюнча 13 филиалыбыз бар эле. Тогуз жыл катары менен аймактардагы юристтердин соттордун акыйкатсыз чечим чыгаруулары тууралуу чечимдерди угуп келдим. Буга менин ачуум келип, кыжырым кайначу. Эмне үчүн мындай деп дайыма ойлончумун. Эмнеге? Эмне үчүн? Бир күнү мындай нерселерге мындан ары чыдай албасымды түшүндүм. Мен тажрыйбалуу юристмин, менин билимим эл аралык уюмга эле пайда келтирбестен, өз өлкөңө да пайда келтириш керек деп ойлодум. Бул өтө катуу угулушу мүмкүн, бирок мен чындап эле ушинтип ойлодум».

Соттун имаратына кирип бардык. Махабат үчүн мындагылардын баары маанилүү, ал кантип оңдоп-түзөө иштерин жасаганы, ар кабатта өз-өзүнчө дааратканалар болуусун талап кылгандыгы, унаа токтотуучу жайды кантип уюштургандыгы, кире беришине өзү кантип гүл отургузгандыгы тууралуу айтып берди. Соттун имаратынын жаңырышына — Махабат өз баласындай сыймыктанат. Желек өзгөчө коюлган, герб тийиштүү ордунда турат. Бөлмөнүн ортосунда акыйкаттыктын негизги атрибуту — Конституция коюлган. Бүгүн сот Бекишованын жугүртмөгө ылайык үч сот процесси бар — 10.00дө, 11.00дө жана 14.00дө. Баары жазык процесси.

Сот Бекишова жумушка бара жатат Жумалык процесстердин тизмеси Кызыл-Кыя шаарынын шаардык сотунун башчыларынын портреттери

Махабатка кагаздарды алып келишет, телефон чалышат, ал буйрук берет, иш кагаздарга кол коёт, иш арасында биз сүйлөшүп жаттык.

«Өз талапкерлигимди конкурска коердун алдында жолдошум менен кеңештим. Биз бардык чечимди чогуу кабыл алабыз, анын пикири мен үчүн өтө баалуу. Сот кызматында аз айлык алып, жумушта көп убакыт болорумду ал жакшы түшүндү. Анан ал мага сот кызматын аябай каалап жатсаң, айлыгы тууралуу ойлонбо, үй-бүлөнүн бардык чыгымын өз мойнума алам деп айтты. Ошол учурда аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөн эле. Жолдошум мени аябай колдоду».

Онго он беш мүнөт калганда, Махабат мантиясын кийип, кагаздарын алып, отурум залына барды. Саат ондогу иш айыпталуучу келбегендигине байланыштуу, кийинки күнгө жылдырылды, аны Ош шаарынын СИЗОсунан алып келишпептир. Махабат иш бөлмөсүнө келип, мантиясын чечти.

«Көптөр мени байдын кызы, ошондуктан тааныштары, таасирдүү колдоочулары бар деп ойлошот. Андай эмес. Мен жөнөкөй үй-бүлөнүн кызымын, менин таасирдүү туугандарым жок. Ата-энем 2003-жылы Казармандан Жалал-Абадга кайтып келе жатканда жол кырсыгынан каза болушкан. Апам 44, атам 51 жашта болчу. Биз жети бир тууганбыз. Мен эң улуусумун. Ата-энем каза болгондо мен жыйырма беш жашта, эң кичүү иним 11де эле. Кичүүлөргө кам көрүшүм керек болчу. Көп иштешим керек болду. Анан мен иштей баштадым. Жолдошум, албетте, жардам берип жатты. Ал дагы жөнөкөй үй-бүлөдөн, иштегенге көнгөн».

Сот Бекишованын кабинети

Он бирге он беш мүнөт калганда, Махабат кайрадан мантиясын кийди. Отурумдар залына түштүк. Баарыңар тургула! Сот келе жатат! Процесс бир сааттан ашыкка созулду. Батирлерге байланыштуу алдамчылык. Аял айыпталууда. Мен аны арт жагынан көрүп олтурдум, ал ийинин диртилдетип, башын чалкалатып, көкүрөк тереңинен чыккан үн менен сүйлөп, чачын оңдогулап отурат. Күбөлөр кыйкырып-өкүрүп, кол шилтегилеп жатышат. Соттун үнү токтоо, көз карашында эмоция жок. Бир гана каштарынын ортосундагы кабатталган бырыштар кара мантиячан адамдын канчалык чыңалып отургандыгын далилдейт. Бир нече күбө келбей калды. Кийинкисинде келет.

Сот Бекишова отурумга он мүнөт калганда Сот процесси

Орточо эсеп менен Махабат айына 30 ишти карайт. Кызыл-Кыяда эң кеңири тараган укук бузуулар — бул уурулук.

«Менин ишимдеги эң татаал нерсе — мыйзам менен келишпеген адамды түшүнүү. Менин милдетим жазык иштери боюнча мыйзамдуу, негиздүү, акыйкат жана жарандык иштер боюнча мыйзамдуу, негиздүү чечим чыгарышым керек». Өткөн жылы Махабат бир нече мектептеги жана ЖОЖдордогу укук таануу сабактарына катышкан. Анын сөзүнө караганда, азыркы жаштар өз укуктарына аябай кызыгышат, бирок милдеттери тууралуу сөз кылгылары келбейт. А укук милдеттерсиз болбойт. Муну жаш муундун өкүлдөрүнө түшүндүрүү керек.

Он үчтөн кырк беш мүнөт өткөндө, Махабат үчүнчү жолу мантиясын кийди, биз кайрадан отурум залына кирдик. Башкалардын жашоосуна дагы бир жолу чөмүлүү. Жаңы жүздөр, жаңы сезимдер. Күчтүүсү алсызын таарынтып койгон. Алсызы жардам сурап кайрылууда. Соттун алдында күчтүүнүн күчү кайдадыр житип жоголуп, алсызы анчалык алсыз сезилбей калат. Сезимдин баарын артка түртүп, Мыйзамдын гана жетекчилигинде ар бирин угуп, ар биринин жан дүйнөсүнө үңүлө кароо зарыл. Куралдуу адамдар, кол кишендер, кулакты тундурган үндөр. Отурум залынан алсызданып, жан дүйнө ээнсиреп, энгиреген абалда чыктык.

«Мен эч качан унутпай турган сот процесси жабылды. Мен аны өмүр бою эркинен ажыраттым. 1981-жылы туулган эркек киши, эки баланын атасы, беш жашар кызды зордуктаган. Кыздын ата-энеси ажырашып кетишкен. Апасы Россияга иштегени кеткен. Кыз таенеси менен базардан алыс эмес жерде жашаган. Киши мас абалында базар аралап жүрүп, ойноп жаткан кызды көрүп калып, мойнуна отургузуп алган, муну көргөн кишилер анын тууганы деп ойлосун деген, андан кийин таксиге отуруп, шаардын сыртына алып кеткен. Талаадан толук курулуп бүтө элек үйгө кирип, аны зордуктаган. Ал каршылык көрсөткөн, аны уруп, бетин жарып таштаган. Кыз аман калган, бирок өмүрүнүн аягына чейин майып болуп калган. Жатыны айрылган, башка да жаракаттары болгон. Ал болгону беш гана жашта болгон. Россиядагы апасы дагы деле билбейт. Таенеси кызына айткандан коркуп жүрөт. Андан кийин тиги киши кызды кайра базарга алып келип таштаган, ал ордунан тура алган эмес. Киши качып кетүүгө аракет кылган... Өмүр бою эркинен ажыратуу өтө кыйын, бир тарапта бир адамдын өмүрү турса, экинчи тарапта башка кишинин өмүрү турат. Мен бул ишти карап жатканда, 12 кг арыктадым. Уйкусуз түндөрдү өткөрдүм. Өз кызым үчүн коркуп жүрдүм. Буга чыдоого мүмкүн эмес эле. Ошол акмак болгон ишти майда-чүйдөсүнө чейин айтып берген бир отурумда мен өзүмдү кармай албай, ыйлап жибердим. θкүм чыгарылган күнү кечинде тааныш соттордун баары телефон чалышып, ар бири так ушундай чечим чыгармакмын деди».

Ортодо жымжырттык. Күн батып бара жатат. Сот имаратында тынчтык өкүм сүрүүдө. Жарым сааттан кийин сот Бекишованын иш күнү аяктайт. Ал кагаздарды папкага салып жыйнай баштады. Иш үстөлүн тазалады. Кызына телефон чалды. Каштарынын арасындагы бырыштар жайыла баштады. Телефондогу үндү тыңшап жатып, эриндеринин бурчу жогору көтөрүлө баштады.

«Сот кандай чечим кабыл албасын, дайыма бул чечимди жактырбагандар табылат. Бирок, Карнеги айткандай, «Өлүк итти гана эч ким теппейт». Кээде ушул учкул сөз аябай жардам берет».

Талапты катуу кое билген сот Бекишова сот имаратынан чыгары менен татынакай, күлкүчү Махабатка айланат. Алдыда аны кызы менен кечки тамак, фитнес, жолдошу жана балдары менен скайп аркылуу баарлашуу күтүп турат, ал мага кол булгалап, бир нерселер үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал эми мен сот имаратынын кире беришинде ал тиккен гүлдөрдүн жанында титиреп-калтырап турам. Так мына азыр жакындарымды бекем кыса кучактап, эч качан-эч качан кое бергим келбей турду.