Учкуч кесиби

Бишкек — Ош — Бишкек

— Силер учкучтар өтө ырымчыл болорун билбейт болушуңар керек?— деп жергиликтүү авиакомпаниялардын учкуч директору менден сурап калды.

  • — Жок, билбейм, — дедим мен.
  • — Алардын эч кимиси учуунун алдында сүрөткө түшүүгө макул болушпайт, — өтө ишенимдүү сүйлөдү.
  • — Эмнеге?— деп сурап калдым мен.
  • — Жаман жорук, жаман белги, — деп жооп берди ал.
  • — Чындап элеби!— таң кала сурадым.
  • — Ал эми кабинасына дегеле эч кимди киргизбейт! — деди ал шыктана сүйлөп.
  • — Эмнеге?— кыйкырып жибере жаздадым.
  • — Жаман белги!— деди ал кайталап.

Уйкусуз өткөн үч күн, көп кофе, авиация тууралуу бир нече китеп — асманды багындыруучулар жөнүндө баян, аскердик сыноочу учкучтун эскерүүлөрү, люфтваффе офицеринин күндөлүгү, Ил-2 самолетун эксплуатациялоо боюнча учкучтар нускамасы, көп тамак, сүйүктүү «Мимино» жана «В бой идут одни старики» тасмалары, «Как управлять самолетом», «Как посадить самолет в тумане», «Что делать при захвате самолета» роликтери. YouTube — коркунучтуу нерсе!

Биз баарыбыз төрөлгөндө эле канатчан төрөлөбүз, эгер биринчи жолкусунда иш оңунан чыкпаса, андан да жакшыраак даярдануу керек. Мен ушинтип ойлойм.

Терең чөмүлүүдөгү үч күн өткөндөн кийин, экинчи айлампага жөнөйм.— Башка авиакомпаниянын башкы директоруна түптүз кайрылам. Босс менен сүйлөшүүгө даярданам, бюрократиялык түйшүк, машакаттарды күтөм. Ил-2 самолетун эксплуатациялоо нускамасын окуу өз ишин жасадыбы же Air Manasтын директору Талгат Нурбаев башкаларга караганда бошураак жана ишенимдүурөөкпү? Айтор, ал съемка тартууга көмөктөшөрүн убада кылды. Жана жардам берди.

Кооз кийимчен, денесин аскерче тыкыйта кармаган узун бойлуу мурутчан киши. Биринчи эле мен оюмда ушундай элес келди. Тасма тартуу— искусстволордун ичинен өтө маанилүүсү!

— Саламатсызбы? Мен — Каныбек, — деп жаш жигит мага колун сунду. Сөөгү ичке, үнү жумшак, адептүү жана кыймылы, көз карашы, кийими жеңил. Он бир жылдык учкуч стажы бар экен. Бишкек учкучтар окуу жайын бүткөндөн кийин эле, жыйырма жашында өз алдынча жалгыз учкан. Алгач аэропортто инструктор болгон. Кийин борттогу адамдар менен Ошко каттаган. Андан кийин дагы окуу. Жарым жыл сайын окуу. Ар бир жаңы күн — окуу. Учкучтар географиясы — дүйнөнүн картасы.

Жаңы жылдын алдында Каныбек менен бирге Ошко учуп, кайра артка кайттык. Бул Air Manas авиакомпаниясынын 2019-жылды жыйынтыктоочу каттамы. (Түшүнүп жатасыздарбы? “Жыйынтыктоочу” же “акыркы”! “Акыркы” деген сөз авиацияда колдонулбайт).

Учуунун алдында Каныбектин үйүндө түштөндүк. Каныбектин апасы “иш өз орду менен боло берет, алгач тамактанып алгыла” деп мажбурлады.

— Үйдө жасалган килкилдекти жүз жылдан бери жей элекмин! — деп болгон чындыкты мойнума алдым.

  • — Келиним жакшы чыкты— Айзаданын колунан баары келет! — деди Каныбектин апасы.
  • — Негизгиси, баламдын кесибине түшүнүү менен мамиле кылат, өзү да кытайлык авиакомпанияда иштеген. Ошол жерден таанышыптыр.
  • — Менин келишиме карата атайын борщ жасадыңарбы? — кызыгып сурадым.
  • — Сиздин келишиңизге карата Каныбек атайын икра сатып келди. Учкучтардын үстөлүндө дайыма икра турат деп ойлоп калышсын деди, — деп күлүп калды Римма эже. Анын таптаза күлкүсүнөн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине жасаган жылуу мамилелеринен улам, мен да өзүмдү жагымдуу, жайдары абалда сезип отурдум.
Каныбек, анын апасы, жубайы

Ар үй-бүлө ар түрдүүчө тамактанат. Айрымдар бат-бат жешет, айрымдар жай тамактанышат, кээ бирлери тамак учурунда бир да сөз сүйлөбөйт, кээ бирлери жыргап каткырып отурушат, башкалары катуу түйүлгөн кабактары менен табагын тиктеп отуруп жейт. Кандай тамактансак, ошондой жашайбыз.

Каныбектин үй-бүлөсү Каныбекти өтө сыйлашат. Каныбек тамак жеп жатканда, апасы жана жубайы аны суктануу менен карап отурушат. Бул жерде атаандашуу жок. Көңүл бурдуруу үчүн кыйналышпайт. Баарына баары жетиштүү. Эрежелер такталган, ролдор бөлүштүрүлгөн. Сыртынан караган кишиге дароо байкалат.

— Ар бир адам үчүн аны сүйөрүн, үйүндө дайым күтүп жатканын билүү маанилүү. Ал эми учкучка бул өтө маанилүү. Ал дайыма эл алдында, эл арасында жүрөт, ал өзүн тыкан алып жүрүшү керек, өзүн жакшы сезиши керек. Жубайы үйдөгү бардык милдеттерди өз мойнуна алган, балдарын карайт, үйдү жайгарат, баарын өзү жасайт. Мен да учкучтун жубайы болгом — деп калды Римма эже. Мен чындап таң калдым. Каныбектин ата-энеси тууралуу эч нерсени билбейт элем. Римма эжеге суроолорду жаадыра баштадым. Мага баары кызык. Ал эч нерсени жашырбай айтып жатты. Жөнөкөй, кызыктуу, чын дилден сүйлөдү. Балдарынын атасы — мурунку күйөөсү жөнүндө жылуу маек курду. Ажырашкандан кийин кээ бир эле айымдар өткөн жашоосу тууралуу жагымдуу эскерүүлөрдү сактап кала алат.

Римма эже мени залдагы үй-бүлөлүк сүрөт салынган алкакка алып барды.

— Мында биздин үй-бүлөнүн баары бар. Биз мына күйөөм экөөбүз, жапжашпыз. Күйөөм учкуч, мен инженер-конструктор. Менин жумушум кызыктуу болчу. Ленин атындагы заводдо иштечүмүн. Мындай заводду билесиз да, ээ? Бул завод өлкөнүн сыймыгы да, күчү да эле. Азыр үстүнө бомба жарылгандай абалда турат, — деди Каныбектин апасы.

  • — Сиз ал жерде көп иштедиңизби?
  • — Жок, төрт эле жыл. Балдар төрөлгөндөн кийин эле, өзүмдү үйгө, балдарга арнап салдым. Үч балабыз бар. Ар бирин ийримге, спорттук секцияларга алып барып, ар бири менен иштедик. Улуусу — Каныбек, бала чагында эле атасын тартып учкуч болууну каалачу. Алгач Бишкекте окуду, кийин Литвадан окуп келди. Максатына жетти — учкуч болду. Азыр биздин үйдөгү негизги эркек. Баары анын мойнунда. Баарын колдоп, баарына жоопкерчиликти тартат. Ортоңку уулум — Эркин, ал да авиацияны кыялданып жүрүп, учкучтун окуусун окуган. Автокырсыкта каза болуп калды... Каныбек инисинин үй-бүлөсүнө да каралашат. Эч качан кароосуз калтырбайт... Кичүү балам — Кайрат, дарыгерликке окуп жатат. Биздин үй-бүлөдө дарыгерлер жок эле. Дарыгер керек, — Римма эже жылмайып койду.

Үй-бүлөлүк сүрөттүн жанында Эркиндин самолеттун моделинин алдында түшкөн сүрөтү салынган алкак илинип турат. Эркин бул сүрөттө жаш жана сулуу экен.

Каныбектин иниси — Эркин да учкуч болууну самачу

— Биздин жашообуз аскердегидей эле. Күйөөм өзүнө да, тегерегиндегилерге да талапты катуу койчу. Майрам болсун, дем алуу күндөрү болсун, тартип баарынан жогору турчу. Биз дайыма бир учурда жатып, бир учурда турчубуз, балдар сөзсүз спорт менен машыгып, жакшы окууга тийиш эле. Бул талкууга да алынчу эмес. Биздин эреже-тартиптерди укканда, туугандарыбыз казармадагыдай жашайсыңар дешчү. Римма эженин ачык, назик жүзүнөн биздин аялдарга таандык бардык жакшы сапаттарды: мээримдүүлүктү, берилгендикти, жан аянбастыкты жана акылмандыкты көрүп турдум.

  • — А сиздин жолдошуңуз азыр пенсиядабы? — акырын кызыгуумду билдирдим. Жеке мейкиндикти бузгум келбейт, эгер эч нерсе айткысы келбегенин сезсем, кыстап-кыйнабайм. Бирок, Римма эженин жообу мени таң калтырды.
  • — Менин мурунку жолдошум — борттун номур биринчи учкучу. Ошондой болгон, пенсияда болсо да ошол бойдон калат,
  • — ал муну корунуп-кыйналбай эле жеңил айтты. Мен сөзүн бөлүп:
  • — Ал президенттик самолеттун учкучубу? — деп сурадым.
  • — Ооба, бай тажрыйбалуу учкуч, — деди Римма эже.
Каныбектин апасы үй-бүлөлүк сүрөттөрдү көрсөтүп жатты Каныбектин КРдин бардык президенттеринен сыйлыкка алган сааттары

Каныбек учууга үйүнөн эле даярдана баштады. Анын иш планшетинде учууга байланышкан маалыматтардын баары — убактысы, күйүүчү май, аэропорт аймагындагы метеошарттар, багыты, каттамы, аэропорт аймагындагы чектөөлөр, машинанын даярдыгы тууралуу маалыматтар бар. Каныбек мага кандайдыр-бир сандар, белгилерди көрсөтүп калды, мен түшүнгөн кишидей баш ийкеп койдум. Ил-2 самолетун эксплуатациялоо нускамасында жаңы технологиялар тууралуу бир да сөз айтылган эмес.

Каныбек үйүндө учууга байланыштуу маалыматтарды окуп жатат

Учууга үч саат калганда, Каныбек менен үйдөн чыктык. Каныбекти үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары: апасы, жубайы, кичинекей баласы, кызы узатып чыгышты. Мага көңүл бурган киши жок. Мен буга ыраазымын.

Каныбекти үй-бүлөсү жумушка узатып жатат

Каныбектин үйүнө жумушка ташыган унаа келди. Анда 2-учкуч Азамат, улук борт көзөмөлдөөчү Эльзат, борт көзөмөлдөөчүлөр Данияр, Махабат, Ырыс бар экен. Каныбекти «Саламатсызбы,командир!» — деп шаттуу кабыл алышты. Каныбек өзүн кандай сезди билбейм, мен кандайдыр-бир ички канааттанууну сездим.

Биздики кечки каттам. Бишкектин жолдорунда тыгын. Каныбек учкучка учуу алдында тынчтыкты сактап, оюн бир жерде топтоо өтө маанилүү экендигин айтты, алардын авиакомпаниясында ар бир экипажды аэропорттогу каттамга өздөрү ташышат дейт — бул өтө ыңгайлуу.

— Биздин мындай тыгындарда унаа айдап барчу болсоң, чарчап, алсырап каласың. А биз сергек, эс алган абалда барабыз. Бул маанилүү.

«Манас» аэропортунун кызматтык жайлары

«Манас» аэропорту — журналисттер ушинтип айтууну жактырышат эмеспи — өлкөнүн аба дарбазасы, жолугушуу жана коштошуулардын орду». Мында кубанычтуу да, кайгылуу да канча окуя болду дейсиң... Каттамга шашкан кишилер, жолугушуудан ырахат алып бактылуулуктан эсин жоготкондор, бир ордунан козголбой күткөн роза көтөргөн жаш жигит, чарчаңкы таксисттер, сапардан кайткан апасын тосуп чуркаган бала, жаш жигиттин мойнуна асылган кыз. Күлкү жана көз жаш, чоң жана кичине окуялар. Булар сыртынан байкалган, көзгө урунган нерселер. А мен андан тереңирээк сүңгүп көрүүнү каалачумун. Кирүү тыяу салынган жактарга киргим келчү.

— Биз бул жерде чоң үй-бүлөдөйбүз. Бири-бирибиз жөнүндө баарын билебиз, урушабыз, табышабыз, жардам беришебиз.

Каныбек күлүп калды, ал эми менин эсиме Артур Хейлинин «Аэропорт» деген китеби түштү, журналистика факультетинин 1— курсунда окуп жүргөн кезде колума тийген, бул өзүнчө эле бакыт эле! Аны бир түндө окуп бүттүм, эртең менен кезектеги кийинки кишиге өткөрүп бергем. Аэропорт тууралуу баянды курсташтарымдын баары сүйүп калышты, китепти колдон колго өткөрүп талашып окудук. Кийинчерээк бирөө анын үстүнө майга бышкан нанды коюп койгон экен, бул жылдын эң кайгылуу окуясына айланган.

Кызматтык өткөрүү жайынан менин техникаларымды — фотоаппарат менен диктофонду кылдат текшеришти.

  • — Силер таарынбагыла, — деди камуфляж кийинген жигит — ушундай болуш керек.
  • — А мен таарынган жокмун, — дедим мен.
  • — Текшербесеңер таң калыштуу болмок.

Андан кийин унаа менен «Башкаларга кирүүгө болбойт» деген жазуусу бар мекемени көздөй жөнөдүк. Бул жерден Каныбек аба ырайы тууралуу акыркы маалыматтарды тактап, бардык экипаж менен чогуу медициналык текшерүүдөн өтөт.

Мында учкучтарга аба ырайы тууралуу маалымат берилет Каныбек медициналык текшерүүдөн өтүп жатат

Аэропорттун бул бөлүгүндө кызматкерлер ортосунда таптакыр башка мамиле. Алар бири-бирин сөзү жок түшүнүп жатышты. Көз караштар менен сүйлөшүп, жылмаюу менен маектешет. Баары бирин-бири көптөн бери тааныйт. Баары туугандардай. Биздин аэропорт кымындай болуп кичинекей экенин түшүндүм, кандайдыр-бир баш-аягы жок туюк система, ички микроклимат өтө маанилүү. Жеке суроолор, кирип келген майрамдары менен куттуктоолор, ийгиликтүү учууну каалоо.

Аэропорттун бул бөлүгүндө кызматкерлер ортосунда таптакыр башка мамиле. Алар бири-бирин сөзү жок түшүнүп жатышты. Көз караштар менен сүйлөшүп, жылмаюу менен маектешет. Баары бирин-бири көптөн бери тааныйт. Баары туугандардай. Биздин аэропорт кымындай болуп кичинекей экенин түшүндүм, кандайдыр-бир баш-аягы жок туюк система, ички микроклимат өтө маанилүү. Жеке суроолор, кирип келген майрамдары менен куттуктоолор, ийгиликтүү учууну каалоо.

Учуу алдындагы чогулуш

Учуучу курамды учуу талаасы аркылуу самолетко алып жөнөдү. Карарган асман, кызарып баткан күн, бүлбүл жанган миңдеген жарыктар, тептегиз учуу тилкеси. Кооздуктун формуласы болбойт, сулуулук — бул көзгө жагымдуу нерсе.

Учуу алдындагы самолет

Карарган асман алдындагы аппак кооз лайнер — бул шайкештик! Самолет азырынча бош. Мына ага жүктөр — чемодандар, баштыктар, таңылчактар келе баштады. Мына жүргүнчүлөрдүн буюм-тайымдары темир куштун курсагына түштү. Экинчи учкуч ар бир дөңгөлөктү, ар бир канатты фонарик менен текшерип, тосмо менен бөлүнгөн жерлерди карап, кайсы-бир винттерди бурап, зор машиненин түзүлүшү тууралуу бир нерселерди айтып берип жатты. Мен кытай кеп жыгачы сымал башымды эле ийкегилеп, сүрөтүмдү тарта бердим. Кыймылдаткычтардын күрүлдөгүнөн улам бутум титиреп чыкты. Физикадан берген сүйүктүү мугалимим Людмила Афанасьевна, анын аэродинамика боюнча жөнөкөй нерселерди башыма киргизүүгө кылган аракеттери эсиме түштү. Мунун баары кантип иштээрин акылым менен туюп жаттым, бирок дайыма эле темир куштун денеси жерден көтөрүлгөндө, жүрөгүм токтогонсуп, бир чети коркуп, бир чети толкунданам. Кантип ушундай болсун?

Экинчи учкуч — Азамат учуу алдында самолетту текшерүүдө Самолет текшерүүдөн өттү

Каныбек кабинага кирди, мен ага жолтоо болбоого аракеттендим, суроолор менен алаксытпай, иш ордуна, техникага жасаган кылдат, аяр мамилесин сыртынан байкап турдум. Бортко жүргүнчүлөр көтөрүлгөнгө чейин, экипаждын командири учкучтар кабинасын жапты. Өзгөчө кырдаалдар пайда болсо, улук борт козөмөлдөөчүгө эшикти ача турган код берилет.

Каныбек жана Азамат — биринчи жана экинчи учкуч учууга даяр

Улук борт көзөмөлдөөчү Эльзат — салондун кожойкеси, кирери менен тегерегин жандандырат, жылмайып жүрөт, командага буйрук берет. Баары өз ордунда. Жүргүнчүлөрдүн кирүүсүнө баары даяр. Эльзаттын учуу стажы — 15 жыл. Анын көз карашы терең жана жагымдуу жылмаят. Анын жанында өзүңдү тынч сезесиң. Бул чыныгы кесипкөйлүкпү же табиятыбы билбейм, бирок ал эс алдырып, тынчтандыра алат деп ишенимдүү айта алам.

Андан татаал каттамдары тууралуу сурадым, ал жооп иретинде жылмайып койду. Узак каттамдар жана кыска каттамдар, болгон айырмасы ушул дейт. Самолеттун бортунда президент болгон каттамдар бир аз татаал болорун мойнуна алды. Ал Кыргызстандын эки президентин — мурунку президент Алмазбек Атамбаевди жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду бир нече коштоп учкан экен (аларга чейин мамлекет башчылары кадимки каттамдар менен учушчу эмес).

— Учуу учурунда президенттердин өздөрү менен көйгөй деле жаралбайт. Алардын өзгөчө талабы деле болбойт. Болгону учуу алдындагы иттер менен текшерүүлөр көп убакытты алат, — дейт Эльзат.

  • — А жүргүнчүлөр бортто президенттин болушун кандай кабыл алат? – деп сурадым.
  • — Тынч эле. Эч ким адаттан тыш таң калбайт деле. Президент бортко эң акыркы болуп, сакчылардын коштоосунда кирет. Биздин элдерди президент менен чогуу учуу таңдантпайт, — деп айтты Эльзат.
  • — Биздин жүргүнчүлөр менен чет элдик жүргүнчүлөрдүн айырмасы барбы? -деп сурадым. Биздикилер сырткы кийимдерин чечпей отурушат, — деди.

Салон жүргүнчүлөргө толду, бош орун калган жок. Жаңы жыл алдында элдердин маанайы жакшы. Ар бир экинчи киши алдына бала алып отурат, отургучтардын алдында жер-жемиш, белек-бечкек, таттуулар салынган коробкалар, текчелерге араң батырылган баштыктар, чемодандар. Сырткы кийимин бир да киши чечкен жок.

Экипаждын командири үн көтөргүч аркылуу чоңдор менен өзүнчө, балдар менен өзүнчө саламдашты. Air Manas авиакомпаниясынын мындай учурашуу салты түрк авиалинияларынан өздөштүрүлгөн нерсе экен. Менин оюмча, өтө таасирдүү болду.

Самолет учуу тилкеси боюнча жылып жөнөдү, беш мүнөттөн кийин сыйкырдуу нерсе болду — экипаждын 6 кишиси, 168 жүргүнчү чемодан, коробка, баштык, колундагы балдары, куртка, тондору менен жерден алыстап, булуттарды көздөй жөнөдү. Буга эч таң калып бүтпөйм. Кандайча?

Улук борт көзөмөлдөөчү Эльзат жүргүнчүлөрдү тосуп алууда Жүргүнчүлөр орун алышты

Бишкектен Ошко чейинки учуу убактысы — 35 мүнөт. Мен жерден көтөрүлгөндөгү учурду кармап калгым келди, бирок жетишпей калдым. Аэродромдун оттору көзгө илинбеген белгилерге айланып калды. Иллюминаторлордо космос тууралуу укмуш тасма тартылууда, горизонтто кызыл тилке. Кыргызстандыктар көп нерсенин жоктугуна чыдашы мүмкүн, бирок чайсыз биз жүдөп калабыз.

— Чоң кыз, дагы чай берип коесузбу? — деген соболдор бирде тигил катардан, бирде бул катардан чыгып жатты.

Борт көзөмөлдөөчүлөр Эльзат менен Данияр учуу учурунда

Самолет жаңы эле конуу тилкесине кирди, кээ бир жүргүнчүлөр жүк коюлган текчелерди карай баштады, коопсуздук курунун чечилгендеги үнү угулууда.Эльзат кыймылдаткычтар толук токтогонго чейин, жүргүнчүлөрдөн ордуларында отурууларын суранып бир нече ирет кайрылды. Самолет дагы эле учуу талаасында бара жатат, а эки эркек чыгуучу жайды көздөй жөнөдү. Эгер самолет учуп бара жатканда секирип кетүүгө мүмкүнчүлүк болсо, биздикилер шыр эле ошентишмек.

Көтөрүлгөндөй эле жумшак, жеңил кондук. Кол чабуулардын жумшак толкуну салондун ичин аралады. Каныбек менен Азамат бул кол чабууларды угуп жатат, бирок Эльзат бул ыраазычылыкты учкучтарга сөзсүз жеткирет. Эльзат жүргүнчүлөрдү шамал урган жерде туруп алып узатып жатты. Учуу талаасын бубак басып, самолеттун капталдарын кыроо баскан. Эльзат ар бирине жылмайып, бирге учканы үчүн ыраазычылык билдирип, Жаңы жылда бактылуулук каалап жатты.

Эң акыркы жүргүнчү самолеттон чыгып кеткенде гана, учкучтардын кабинасы ачылат. Андан Каныбек жана Азамат чыгып келди, көздөрү жайнайт.

Ар бир учуунун алдында толкунданарын айтты. Биринчи жолку учуудагыдай өзгөчө сезимдер болбой калгандыгын, бирок ошол эле учурда таштай катуу ишенимдүүлүктүн да жоктугун айтты. Толкундануу сезими жоголгон күнү эле жумуштан кетерин айтты.

Ар бир учуунун алдында толкунданарын айтты. Биринчи жолку учуудагыдай өзгөчө сезимдер болбой калгандыгын, бирок ошол эле учурда таштай катуу ишенимдүүлүктүн да жоктугун айтты. Толкундануу сезими жоголгон күнү эле жумуштан кетерин айтты.

«Мен учкучтар ишениш керек болгон ырымдар тууралуу айтсам, Каныбек каткырып күлдү. Улуу кесиптештерден көптөгөн табышмактуу окуялар тууралуу уккандыгын айтат, бирок өзү ырым-жырымдарга ишенбесин кошумчалап, тумарларды алып жүрбөсүн билдирди.

Учкуч болуу үчүн эркектер кандай сапаттарга ээ болуш керек? — деген суроомо, Каныбек күтүлбөгөн жоопту берип, таңдандырды.

— Биринчиден, — дейт ал, — эркектер эле эмес, аялдар да учкуч боло алышат. Аял учкучтар дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө — Россияда, Казакстанда бар экендигин айтат. Бизде да бирөө бар эле, бирок турмушка чыккандан кийин, авиациядан кетип калды дейт.

Каныбектин ою боюнча, Кыргызстан бүгүнкү күндө аялдар менен эркектер ортосундагы тең укуктуулук жаатында алгачкы кадамдарды жасап жатат, жакынкы аралыкта авиациядагы аялдар көбүрөөк боло баштайт дейт.

Ал эми учкучтарга зарыл сапаттар боюнча, кыскача мындай деди: жоопкерчилик жана адептүүлүк.

— Ар бир штурвалга отурган сайын, аркамда адамдар бардыгын ойлоном. Көп адам. Ар бири үчүн жоопкерчиликти сезем. Кээде өзүм жүргүнчү катары кетип бара жатканда, самолет жүткүнүп кетсе, штурвалда ким олтурат болду экен деген ой келе калганын байкайм. Ал жакта алар эмне кылып жатышат? Анан тынч алып, мен жөнүндө да бирөөлөр ушинтип ойлошорун эстеп алып күлкүм келет.

Каныбектин сөзү боюнча, кайсы жерде болуп, кимдин башынан өтпөсүн, ар бир учкуч жеке кайгысы катары кабылдап, кайгырат.

— Мындайларды айтпаш керек, бирок ар бир кырсык — авиация менен байланышы бар адам үчүн катуу сокку. Анткени биз ар түрдүү компания, өлкө, континент менен иш алып барсак да, асманыбыз бирөө.

Оштон Бишкекке чейинки учуу көз ирмемдей эле өттү. Самолетто дагы бош орун жок. Жүргүнчүлөр адаттагыдай чай сурашып, адаттагыдай кыймылдаткыч толук токтой электе эле чыгууга шашышат.

Жарым сааттан кийин кайрадан Бишкекте болобуз

«Манас» аэропорту жаңы жылдык шарлар, кооздуктар менен жасалгаланган, асмандан бүртүктөп майда кар жаап жатты. Экипаж дене-боюн бошотуп, себепсиз эле күлүп жатышты. Үйгө барчу жол кыскараак жана жагымдуураак. Унаада жай музыка ойноп, көшүлткөн абал.

— Каныбек, сиздин кыял-тилегиниз барбы? — деп сурадым.

— Албетте, жооп берди Каныбек. — Airbus А380 учууну кыялданам. Бул жүргүнчүлөрдү ташыган эң чоң самолет. Андан кийин ракетаны башкаргым келет.