Урмат Өмүрбеков

Жайыттарды майнаптуу башкаруу жолу

Байыркы көчүү салтын заманбап дүйнөнүн шарттарында кайра жандандыруу

2009-жылы Кыргызстан «Жайыттар жөнүндө» мыйзам кабыл алган, анда башкаруу системасын борборлоштуруу каралган. Бул мыйзамдын жана концепциянын негизинде жергиликтүү институт – Жайыт комитеттери түзүлгөн.

Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт колдонуучулар коомунун башчысы Урмат Өмүрбеков, «Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын институту» коомдук фонду («ИСУР» КФ) Кыргызстандын «Кыргыз Жайыты» жайыт колдонуучулардын Улуттук ассоциациясы менен биргеликте бир нече жыл мурун, бир канча дубандын жайыт комитеттеринин өкүлдөрү үчүн кеңири иштерди жүргүзө башташкан. Чолпон жайыт комитети үчүн да бир топ салым кошушкан.

Урмат Өмүрбеков «ИСУРдун» колдоосу менен Кочкор районунда «Табигый жайыттар жана этномаданий салттар» долбоорун ишке ашырды. Долбоордун жыйынтыгы боюнча Өмүрбеков тарабынан жайыттарды башкаруу боюнча улуу муундун тажрыйбасын жаштардын энергиясы менен байланыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү, алыскы жайытына көчүүнүн байыркы «Байсалдуу көч» салттары кайра жандандырылып, 9500 гектардан ашык «Кызарт» жайытын калыбына келтирилди.

Салттуу билимдердин негизинде жайыттарды коргоо «ИСУР» КФнун Чакан гранттар программасынын эң негизги багыттарынын бири болуп саналат. «Жаштар Демилгеси» - туруктуу келечек үчүн жаштар демилгеси», салттуу жайыт колдонууну кайра жандандырууга жана сактап калууга багытталган, ошентип жергиликтүү уюмдарга биомаданий ар түрдүүлүктү өнүктүрүү жана аны кайра жандандырууга колдоо жүрүп жатат.

Биргелешип иштөө – сонун

Жайыт комитеттери 10 жылдан бери иштеп жатат жана Чолпон жайыт комитетинин тажрыйбасы, жайыттарды эффективдүү башкаруу айыл тургундары менен бирге аракет кылууга мүмкүн экендигин далилдейт. Урматтын командасында бухгалтер Капасов Айтбай, инспектор Токтомушев Тунук, салык боюнча адис Асыранкулова Рыскүл.

Бардыгы Урматтын компьютеринде: эсептер, салыктар, тизмелер. Малга салыктардын суммасы мындай: майда мал башына 15 сом, ири малга 75 сом, топоздорго 150 сом. Баардык суммалар анализдөө жана жайыт колдонуучулар менен макулдашуу аркылуу аныкталган. Айыл өкмөтүнүн территориясындагы жайыттар 49 380 гектарды түзөт, территория чоң жана аймак мал жандыктуу болуп саналат.

Территория өзүнө 8 айылды камтыйт, ал 62 000 гектар жерди түзөт, анын ичинен 3 500 га жерди айдоо ээлейт жана көпчүлүк бөлүгү бул – жайыттар. Атактуу Чоң-Туз дарылоо-шахтасы айыл өкмөттүн территориясында жайгашкан, аны жеке ишкер иштетип жатат, ишкер жергиликтүү бюджетке салык төлөйт жана ар жылы малчыларга туз берет. Айыл өкмөтүнүн бюджети – 11млн сомду түзөт, 48 пайызын мамлекеттик дотациялар түзөт жана 52си коргоолуучу статьялар – билим алуу, калк үчүн медкызматка сарпталат. «Бул жылдар аралыгында көптөгөн кыйынчылыктар болду»,- деп оптимизм менен Урмат сөзүн улады.

Кыйынчылыктар

«Башында жалпы эл жайыттарды кудай берген байлык катары кабыл алышып, акча төлөгүлөрү келген эмес, ал эми кийинчерээк биз түшүндүрүү иштерин жүргүздүк жана эффективдүүлүктү иш жүзүндө көргөзө баштадык, айрыкча инвестицияларды тарта баштаганда, бардыгы биздин иштин маанисин түшүнө башташты. Жаныбарларга паспорт берүү ошондой эле жергиликтүү деңгээлде жаратылыш ресурстарын башкарууга айылдаштарды тартуу дагы процессти тездетти. Биз 14 млн сом инвестиция тарттык, анын ичинде 1 млн 200 миңи элден келди»- деп баса белгиледи Урмат. Азыркы күндө жайыттардын 70%дан көбү жерди туура эмес колдонуудан, малдын санынын көбөйүшүнөн, жайыт чарбачылыгын рационалдуу эмес жүргүзүүдөн деградацияга дуушар болгон. Малчылар эмне кылышты билишпейт, ата-бабаларыбыздын билимдери унутулган, заманбап методдор менен тааныш эмес.

«Биз «ИСУР» коомдук фонду менен бешинчи жылы бирге иштеп жатабыз. Жайыт жергиликтүү элге, бизге жана бала-бакырабызга керек экенин түшүнүп башташты, ал жердин ээлери – өздөрү,- дейт Урмат, бул мезгилде эмнелерге жетишкендиктерине токтолуп. – Биз тренинг, фестиваль, семинарларды өткөрдүк тажрыйбалык эксперименттерди көрсөттүк жана жайыттарды эс алдыруунун натыйжалары менен жыйынтыгын көрдүк. Жайыттарды 5 жыл ичинде жакшыртуу боюнча акыркы долбоорду биз 30 гектардан баштадык, жайыттарды эс алдыруу керектигин көрсөттүк, ошондон кийин адамдар ишенип, бизди колдой башташты. Азыр 3 жылга айылдык кеңештин чечими менен салттуу билимдер менен тажрыйбалардын негизинде 9570 гектар жайыттарды консервация (жайында эс алдыруу) кылууну чечтик. Бул жылы баардык жайыт колдонуучулар өз малын алыскы жайыттарга жайышат. Кыргыз илим-изилдөө институтунун мал чарба жана жайыт адистери менен демонстрациялык эки участокто эксперименталдык иштерди жүргүзүп жатабыз».

Долбоордун жетишкендиктери жана натыйжалары КРнын Айыл-чарба министрлигинин мал чарба жана жайыт боюнча Кыргыз илим-изилдөө институтунун жайыт жана тоют бөлүмүнүн башчысы Наталья Килязова тарабынан бааланып, мындай деп белгиленген: «Кыска убакыт ичинде жайыттарды рационалдуу башкарууда реалдуу натыйжалар ишке ашырылды жана жайыт колдонуучулар менен жайыттарга аяр мамиле жасоо жөнүндө, жергиликтүү уюмдардын жайыттарды башкаруу боюнча планына унутта калган салттуу билимдерди жана тажрыйбаларды колдонуу боюнча кеңири маалымат иштери жүргүзүлгөн. Жайыт комитетинин башчысы жана анын командасынын жардамы менен ар кандай уюмдар менен алакалашуу аркылуу Чолпон ЖКУда деградацияга учураган жайыттарды салттуу консервациялоо ыкмасы менен 2015-жылы «Кызарт» жайытында 30 гектардан башталып, 9 000 гектарга чейин жеткен ийгиликтүү тажрыйбалар ишке ашкан.

Ошентип, отчеттук жылда, бул жайытка жер тилкесинин акыбалын баалоо жүргүзүлгөндө, жайыттар жакшы абалда экендиги белгиленген, жайытта кургакчылыкка чыдамдуу буудайык жана жалтыркан сыяктуу тоют чөптөрү өсө баштаган, бул жайыттардын эң мыкты артыкчылыгы болгондугун билдирет, бирок алардын толук калыбына келиши үчүн дагы убакыт талап кылынат».

Азыркы учурда Урмат Өмүрбеков Кочкор районундагы дагы 4 пилоттук жайыт комитеттери менен иш алып бара башташты.

Чет элдик тажрыйба

Жайыт комитетинин ишин уюштурууда Урмат Өмүрбековдун тажрыйбасы ийгиликтүү болгондуктан, биздин өлкөнүн өкүлү катары ар кандай иш-чараларда өзүн көрсөтө баштады. Урмат Италия, Бразилия жана башка өлкөлөргө биздин жетишкендиктер тууралуу тааныштырып, чет элдик тажрыйбаларды дагы билүүгө ынтызар. Италияда мал чарбасын тоолуу райондордо жаратылыш, социалдык-экономикалык жана экологиялык аспекттерди эске алуу менен уюштуруу жана өнүктүрүү өзгөчөлүктөрү боюнча маселелер козголгон. Урмат климаттын өзгөрүүсүнө көнө турган механизм катары салттуу билимдерди интеграциялоо жана жайыттарды рационалдуу башкаруу боюнча тажрыйбалар жөнүндө кеңири айтып берди.

Күнүмдүк иштер

Бул убактарда инфрастуктуралык өзгөрүүлөр болду. Биз коомчулук менен бирге Чоң-Туздун жана Соң-Көлдүн жанындагы киши өтө албаган жерлерге көпүрө курдук, жайыттарга суу жеткирүү үчүн атайын курулмаларды курдук. Малды кыркуу жана вакцинациялоо жүргүзүү үчүн ветклиника курулду. Керектүү жабдуулар менен толук жабдылган тоют цехи бар.

«Биз маданий иш-чараларды жергиликтүү тургундар менен көп өткөрөбүз, андан сырткары окуучулар менен өзүнчө дагы өткөрөбүз. Ал жерде салттуу билимдердин маанилүү экендиги жөнүндө жана жаратылышты көздүн карегиндей сактоо керектиги тууралуу айтып беребиз. Климаттын өзгөрүүсүнө калыптануу боюнча борбор ачтык, бул жерде жергиликтүү калкка климаттын өзгөрүүсү, кайра калыбына келүүчү энергияны, айрыкча күн энергиясын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат беребиз. Азыр жергиликтүү чабандардын 100% көчүү маалында күн энергиясын колдонушат»,- деп өз командасынын ийгиликтери жөнүндө Урмат кеп кылды.

Урматтын мойнунда көптөгөн милдеттер жана зарыл иштери бар. Мисалы, январдын башында малды инвентаризациялоо жүргүзүлөт, комиссия түзүлүп, ар бир мал башына акча төлөнөт.

«Бирок ишмердүүлүгүбүздүн негизги бөлүгү – жайыттарды башкаруу жана алыскы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу, малдын башын, жердин түшүмдүүлүгүн жакшыртуу болуп саналат. Элге көп мал кармагандын ордуна, породасы мыкты бир нече малды кармаган оң экендигин түшүндүрөбүз. Ошондой эле тоют базасын чыңдоо боюнча дагы жардам беребиз. Бүгүн байкалып турган иштин бардыгы – көп жылдар бою жасаган ишибиздин жыйынтыгы. Эң башында жайыттарды башкаруу боюнча жылдык жана күндүк графикти, андан кийин 5 жылдык планды бекитебиз. Жайыттарды тынымсыз мониторинг кылабыз. Өз бюджетибизди өзүбүз түзөбүз. Мыйзам өтө ийкемдүү болгондуктан, экономикага жараша, жайыттарды жакшыртуу боюнча активдүүлүктөргө жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды түзүүнү жаратылыш мүмкүнчүлүктөрүнө карата жөнгө салууга болот. Бааны жазында кеңеште түшүндүрөбүз жана бекитебиз. Бюджеттен кийин, алыскы жайлоолорго жайында көчүүнүн графиктеринин планын бекитебиз»,- деп Урмат сөзүн жыйынтыктады.

Тынымгүл Эшиева

Справка

«Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын институту » («ИСУР») коомдук фонду (КФ) – 2012-жылы түзүлгөн, өкмөттүк эмес уюм, Кыргызстанда туруктуу өнүгүү концепциясын өркүндөтүүгө карата иштерди алып барат. Фонддун ишмердүүлүгүнүн негизги фокусу салттуу билимдерди сактоочулардын жана тажрыйбалардын аракеттерин колдоого багытталган, алардын ролу: кам көрүү, тааныштыруу, билимдерди түшүндүрүү, мамиле кылуу, биологиялык түрлөр, искусствонун формалары жана муундан муунга өткөн биомаданий ар түрдүлүк