Жомоктогудай Кыргызстан

Ош облусу

“Жомоктогудай Кыргызстан” – бул Диана Светличнаянын өлкөнүн жети облусун чагылдырган материалдарынын топтому. Бул – шаардык жарандын айыл жергесинин жашоо шартына карата көз карашы. Салттуу үй-бүлөнүн назик дүйнөсүнүн эшигин ачуу, кыргызстандыктардын улуу-кичүү муунун бириктирүүчү тарыхый баяндарды жана жомокторду жазып алуу, алардын баалуулуктарын талдоо аракети.

Түштүк жергесинде

Күн чыгары менен Ош облусун карай сапар алдык. Бишкек менен Оштун аралыгы түптүз жол болсо 300 чакырымдай болмок, бирок серпантиндер, төмөн түшүп, жогору көтөрүлүүлөр, айланып өтмө, ийри-буйру жолдор муну дээрлик үч эсеге көбөйтөт. Орто эсеп менен жолго 14 сааттай убакыт кетет. Навигатор Өзбекстанды аралап өтүүнү сунуштайт, ушундай жакыныраак. Бир мындан, бир тигинден бүдөмүк көрсөтмө тактайчалары менен тикенектүү зымдар көрүнө калат. Зымга карап, бул жер Кыргызстан, тигил жак Өзбекстан экенин баамдайбыз.

Тоонун жантайма, айдөш боору менен курчалган өрөөндөр, түшүмү жыйналган талаалар, берекесин төгүп чачыраган күндүн нуру. Жол бүтпөсө экен деп тиледим.

Ош облусу

Айыл жери таң заардан уйкусунан ойгонот: талаада тракторлор жана комбайндар. Жол жээгиндеги элдер түшүмдөрүн сатыкка чыгарып коюшат. Мында жашылча да бар, мөмө-жемиштер да бар. Баары кооз, баарына күн нуру сиңген. Коон, дарбыздарды таразага тартпай эле дааналап сатышат, ал эми жашылчаларды каптап, анан жашиктеп сатышат. Ушунчалык арзан болгондуктан, баарын сатып алгың келет.

Айыл жергесинде эрте таң атат Жол жээгиндеги соода-сатык иши

Чек арага жакын жерлер – маданият жана каада-салттардын кошулмасы. Имараттардын жасалгасы, жеке үйлөрдүн курулушу, түстөрдү тандоо – булардын бирин калтырбай көрүү жана кошуна жашаган элдердин турмушунан окшоштук, айырмачылыктарды табуу да өтө кызык. Мына чакан кашаалар менен тосулган конуштар, короолордо балдар чуркап ойноп жүрөт, бактарында саргарып кургаган чөп үймөк; мына эч нерсени көрсөтпөгөн асман тиреген дарбазалар, бийик-бийик үйлөр, биринен-бири ашат. Бир жерде дарбазанын алдындагы жолду хиджаб кийген жаш кыз шыпырып жатат, ал эми башка жапыс жыгач кашаалар менен тосулган үйдүн алдында аксакалдар олтурушат. Сакалчан карыялардын жүзүн бырыш баскан, жылуу чапан кийип алышкан, бүркүт кабак менен тээ алыска көз чаптырышат. Мында эч ким эч кайда алдастабайт, убакыт да эч кайда шашпайт. Калк жайгашкан ар бир конуштан жаңы салынган мечиттердин төбөлөрү көзгө урунат.

Ош облусу

Байыркы шаар

Бишкектен келе жаткан жол менен эле Ошко үч жерден кирсе болот. Ар биринде топтолгон унаалар, ызы-чуу, будуң-чаң. Туш тарапта соода-сатык, кичинекей жүк ташуучу машинелерге жылкы, кой, уйларды жүктөп келишет. Унаалар бири-бирине тыгылып, тийишейин деп турат, жол эрежелерин сактаган эч ким жок, адамдар машина жолго күтүүсүз жерден чыга калат. Жол жээктеринен кафе, чайкана, ресторандардын тактайчалары биринин артынан бири көрүнөт; мындагы ар бир талдын, ар бир бастырманын түбүнө тандыр жана чарпаялар орнотулган. Тротуарлар талкаланган, машиналар каалаган жерине токтошот. Эки борбор, эки башка тагдыр. Бирок, бизде окшош нерселер көп экен.

Жандептер

“Чыгыш базары – бул дайыма майрам жана укмуштуу окуялар. Бадам алам деп келип, жарым күндөй кармалып калдым. Жаңгактар сатылган катарга жеткенге чейин, жашылча-жемиш, туздалган азыктар сатылган катардан өтүү керек. Ал аз келгенсип, бул алма, шабдалы, дан куурайлардын баары таптаза Эрмитаж, анан да алар жыпар жыттанат.

  • - Каалабасаң, сатып алба, жөн эле ооз тийип көр! – деп бир жаш жигит алманы шымынын тизесине сүрүп бере калды. Мен үчүн бул адам жалтыраган спорттук кийимин да курмандыкка чалды. Алманы алдым.
  • - Сага окшош шабдаалы! – спорттук кийимчен сатуучунун жолун торой кошунасы кыйкырып калды. Тоголок, түктүү жемишти карап калдым – чындап эле менин көчүрмөм экен. Күнгө күйгөн, элпек колдор тандап салып, таразага тартып шыпылдашат.
  • - Сөөгү жок таттуу кишмиш! – мектеп курагындагы бир кыз кара жүзүмдүн бир сабагын бет алдыма такай калды. Оюма келген эң биринчи нерсе – баланын эмгеги, экинчиси – кооз жүзүм.
  • “Картошка-сабиз” деп кыйкыргандардын жанынан таскактап өтүп кеттим. Бирок, туздалган азыктар жана кыямдардын жанынан анчалык тездей албай жайлап калдым. Оо, кудай! Бочкадагы, өтө туздуу эмес, кытырак козу карындар, помидорлор, татымалдар, капуста, чылаган алмалар... Ар биринен тойгончо ооз тийип алып, толтура баштыктардан колум уюп-талып, колдо жасалган шараптарды көбүрөөк алып алдым окшойт деп ойлоп калдым, тогузунчусун – карагаттан жасалганын даамдап көрүп, биринчисин эле – роза гүлүнөн жасалганын алып, бул жерден тезирээк кетүүгө аракет кылдым. Бирок, колумдагы баштыктар! Таш толтуруп алгандай, ордунан жылбайт! Эптеп-септеп чыга беришке жеттим. “Тамак-аш – чүпүрөк-сапырак” чектешкен жерден өтүп баратып, баягы бадамдарды дагы бир эстеп алдым.
  • - Жоолук сатып алгыла! – Арт жагымдан угуп калдым. – Сатып ал, болбосо белек кылам!”

Менин жандептеримде мындай эскерүүлөрдөн ондоп табылат. Жаңы шаарга барган сайын, ал жактагы базарга сөзсүз барам. Анткени базар – бул жергиликтүү элдин боексуз чыныгы жүзүн көрсөтөт. Мында жан дүйнө жана маңыз, мында нукуралык, мында баары табигый түрүндө болот.

Ош базары

Ыйык тоо

Ош дубалдары Алай тоо кыркаларынын дөбөчөлөрү жана аска-зоолорунан жасалган чөйчөктүн элесин берет. Памир-Алай демин туш-тараптан сезүүгө болот. Так ортодон орун алып, шаарды экиге бөлүп, асман тиреген, беш баштуу Сулайман-Тоо – чубалжыган тоо тилкелеринин бир тизмеги жана Дүйнөлүк мурастарга кирген өлкөдөгү эң биринчи эстелик.

Сулаймандын тоосу же “Сулаймандын тагы” ондогон кылымдардан бери бүтүндөй Азиянын зыяратчыларын кабыл алып келет, аны көптөгөн сыйкырдуу касиетке ээ деп жүрүшөт, анын мусулмандар үчүн маанилүү жайга айланганына көп болду.

Ошко келип, Сулайман-Тоого барбай кетүү шаарды көрбөгөн, аны ичтен сезип-туйбаган менен барабар.

  • -- Ыйык тоонун бийиктиги 150 метрге барабар, -- деп баштады сөзүн жергиликтүү гид, аны тегеректеп оозун жалбактаткан туристтер турат, жаныбыздан өтүп бара жаткан жергиликтүү жашоочу токтоп калып, карап туруп, башын чайкап койду.
  • -- 150 эмес, 200!

Сулайман-Тоого канча жолу экскурсияга барбайын, ар биринде эле сүйлөп жаткан гидди токтотуп, аны оңдоп-түздөгөндөр табылат. Тоонун аталышына байланыштуу уламыштар да толтура, мындагы ар бир жашоочунун өзүнүн баяны бар.

Сулайман-Тоо Сулайман-Тоонун этегиндеги ушундай эле аталыштагы мечит

-- Ата-энеме бир каяша кылып, сөз кайрыган эмесмин, а бирок апам “үйлөнүш керек, үйлөнүш керек” дей баштаганда, жинденип, дегеле таптакыр үйлөнбөйм деп жаалданып кыйкырып салдым. Анан үйдөн чыгып кетип, ары-бери басып, бир аз өзүмө келгенден кийин, ата-энемди эмнеге кактым деп уяла баштадым. Бирок, бирге түтүн булаткым келип жактырган кызым жок эле. Жөн эле жол аралап жүрүп, кантип Сулайман-Тоого жетип калганымды байкабай калыптырмын, анча баргандан кийин тоого чыга кетейин деп ойлодум. Өмүр бою Ошто жашап, тоого бир дагы чыккан эмесмин. Анан эмне болду дебейсизби? Ал жактан болочок жубайымды жолуктурдум, ал курбулары менен шаарды үстүнөн көрүп келгенге бара жатыптыр. Азыр эле эч качан үйлөнбөйм деп жатпадым беле?! Мына чогуу жашаганыбызга 12 жыл болду, -- деп конок үйдүн ээси Алмаз өз окуясын айтып берди.

Тоодон шыпаа болуп, ооруларынан айыгып кеткендердин окуясы миң бир түнгө чейин созулса керек. Ар бир жергиликтүү жашоочунун агасы/кудасы/эжеси/ келини/досу Сулайман-Тоонун урматына жаңы жашоого/экинчи мүмкүнчүлүккө/бактылуу көз ирмемге ээ болгон. Эмнеге экенин билбейм, бирок бул окуялардын баарына ишенем.

Саламаттык чыйыры

Жекшембиде Оштун көчөлөрү ээн жана тыптынч. Эртең мененки саат сегизде Сулайман-Тоонун этектеринде чымчыктардын сайраганы гана угулат. Котормочуга “жүр, тоого барып келели, таңкы көнүгүү жасагандай болобуз” деп калдым. Шаардын спортчу жаштары тоодогу “зыяратчылар жолун” оңой эле “саламаттык чыйырына” айлантышыптыр.

-- Ошто велосипед тебүүчү, чуркоочу атайын жерлер жок, ал гана эмес жөн эле спорттук арыштар менен баса турган жер таба албайсың. Бирок, жакындан бери досторубуз менен эртең мененкисин Сулайман-Тоону аралап чуркай баштадык. Бул бир топ алыс жер, таза аба, тоого чыгып жана түшүп бара жатканда кыйын эле болот, --дейт шаардагы спорттук иш-чаралардын уюштуруучусу Нурлан.

  • -- А бул ишиңер ага табынып-сыйынып келгендердин кыжырын келтирбейби? – деп кызыкканымдан астыртан сурап калдым.
  • -- Ишеними күчтүүлөрдү кыжаалат кылбаш керек, -- дейт ал.

Жан дүйнөсү, ниети таза

Түштүктө күн кышка чейин аябай мээримин төгөт. Эртең мененки тогузда эле Сулайман-Тоодо күнгө күйүп калууга болот. Күндөн калкалоочу кремдерди сүйкөнүп, тоого чыгып келүүгө даярдана баштадык. Тоонун этегинен майрамдагыдай жасанып алган аялдарды жолуктурдук. Алар бактын көлөкөсүнө отуруп алып, акырын сүйлөшүп отурушат, жүздөрү жаркып нурданат. Башкалардын жүзүндөгү кубаныч магнит сыяктуу өзүнө тартат. Өзүнөн өзү эле сүйлөшүп кеттик.

-- Биз бул жакка үй-бүлөбүз менен баарыбыз Улуу күчтөргө ыраазычылык билдиргени келдик. Кичүү инимдин баласы тогуз жыл балалуу боло албады. Ал бул жакка келип табынып, балалуу болуусун тиленген экен, анан эле келинчеги көз жарды. Мына – эркек уулдуу болду, -- дейт Анаркан эже.

Аялдардын жанында кичинекей Умар ойноп олтурат, экиге чыгыптыр, ал баарынын сүймөнчүгү, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары аны көз жаздымында калтырбайт.

Сулайман-Тоонун этегинде Анаркан эже

-- Биз аны тогуз жыл күттүк. Бизде ыйык жайлардан бала суроо ырасымы бар. Мына бизге аны кудай берди, бул жакка кудайга шүгүр келтиргени, ыраазычылык билдиргени келдик. Үй-бүлөбүздүн баарыбыз келдик, Умардын айдар чачын кырктырабыз, ал ушундай айдар чачы менен төрөлгөн. Кой союп, садагага таратабыз. Ошто, Жалал-Абадда ушундай ырым бар. Биз үчүн Сулайман-Тоо аябай ыйык жер, -- дейт Анаркан эже.

Анаркан эженин айтымына караганда, анын ата-энелери да бала сурап жалынып келгенде, ал төрөлүптүр, ошондо да кудайга табынып, ыраазычылык билдиришип, анын да чачын ушул жерден алдырышыптыр.

-- Азыр менин жети балам жана жыйырма бир неберем бар. Алтымыш төрткө чыктым, токсонго чыккан апам бар. Апамдын неберелери толтура, ал он бала төрөгөн, бешөөсү – кыз, бешөөсү – эркек. Апамдын жүздөн ашык небере-чөбөрөсү бар. Кыбыралары да бар, мына – алар деп, Анаркан эже чуркап ойноп жүргөн балдарды көрсөттү.

Көлөкөдө токсон жаштагы Саткын апа отурат, чуркап келген балдардын бетинен өөп, кыздардын көйнөгүн түздөп коет. Биз Анаркан эже менен сүйлөшүп отурган кезде, ал жерге туугандары да топтоло баштады. Бири-биринин ал-акыбалын сурашып, баарынын маанайлары көтөрүңкү. Анаркан эже ар бир жаңы келген адамды тосуп алып, учурашып-көрүшүп, ар бири тууралуу жакшы сөз айтып, сыймыктанып турду.

– Атам балдарды абийирдүүлүккө, чынчылдыкка, ак эмгек менен жашоого үйрөттү. Ал комбайнер болчу. Азыр беш бир тууганымдын баары техника менен иштешет. Буудай чабышат. Баары жөнөкөй жумушта, ак эмгектери менен нан таап, балдарын багып жатышат. Беш кыздын ичинен каалагандар окуп, билим алдык. Кол өнөрчү уз айымдар, мугалим бар, бир сиңдим дарыгер. Биздин туугандардын баары жакшы, ынсап-ыймандуу адамдар.

Күн улам жогорулап, ысый баштады, кийимдер денеге жармашат. Мен кооз көйнөк кийген аялдарды карап, дагы эле алар кантип эле тоого чыга алсын деп, ишенкиребей турам. Бирок, мына күткөндөрдүн баары келип, топтолуп бүтүп, ордуларынан туруп, топ-топторго бөлүнүп, жөнөй башташты. Жайбаракат, шашпай, зор ынтаа, кубаныч менен кетип бара жатышты. Ишенимдин, сүйүүнүн, үмүттүн зыяраты. Баары чогуу. Бир үй-бүлөнүн төрт мууну.

Сулайман-Тоого чыгуу

Адатта жекшембиде Сулайман-Тоого чыгууну эңсеген туристтер өтө көп болчу, бирок дүйнөлүк апаат расписаниенин баарын кыскартып, маршруттарды өзгөртүп койду, бүгүн чочун кишилер дээрлик жокко эсе. Туристтер да, айкырып-кыйкыргандар да жок, жалаң гана жергиликтүү жашоочулар үй-бүлөлөрү менен же жуп-жубу менен жүрүшөт.

– Бала чагымда бул жерде бала тилеп, бешик коюлган жер бар, кийин ал бешик таштай болуп катып калган деп айтышкан эле. Бүгүн ал жер сыйынуучу жерге айланган, -- деп Анаркан эже мага асканын уркуюп чыгып турган жерин көрсөттү. –Тээтиги жерге Куран коюшкан. Элдер ал жакка барып, тар жерге олтуруп алып, куран окушат, зикир чалышат. Жаман киши болсо, кысат, ага дем жетпей, сыртка качып чыгат, ал эми ниети жакшы, жан дүйнөсү таза адам болсо өзүн кенен, эркин сезип отура берет.

Биз бирде өйдөлөп, бирде ылдыйлап жүрүп олтуруп, жогору көтөрүлдүк, маңдайыбызда Ош алаканга салгандай даана көрүнүп турду, Сулайман-Тоо мечитиндеги азанчы мусулмандардын баарын намазга чакырып калды, азандын үнү шаар үстүнөн калкып учуп, мисте багынын бутактарына илинип калгансыды, алар бул жакта бардык жерде жаңырып, акырын абага сиңип тарап кетет экен.

Сулайман-Тоодон көрүнүш

Так чокусуна чыктык, анда мамлекеттик желек илинип турат, чарчаган жолоочулар Бабур мечитине зыярат кылуу үчүн кезек күтүп көлөкөлөрдө олтурушат.

  • -- Ал жакка да барасыңарбы? – деп мечиттин фонунда сүрөткө түшүп жаткан күнгө күйгөн баладан сурап калдым. Башын ийкеди.
  • -- Чын эле жардам береби? – дагы эле жармашып сурай бердим. Түшүнбөй карап калды. Унчуккан жок.
  • – Тилектер аткарылабы? – дагы эле суроо бере бердим.
  • -- Ооба, -- деп жылмайып койду.

Кичинекей Умардын үй-бүлөсү мечитке кирип чыгышты, андан кийин аялдар скамейкаларда көздөрүн жумуп алып, магдырап эс алып олтурушту. Төмөнгө түшөр алдында баары чогулуп сүрөткө түшүштү. Чоң апалар “күнөөкөрдү” кезектешип кучактап, бетинен өөп жатышты. Сүрөткө тартып жаткан киши көз ирмебей тургула деп суранды.

-- Бул күн биздин үй-бүлө үчүн өтө маанилүү, -- бул күн биздин Умардын күнү, ал муну эстеп калса дейбиз, --дейт Анаркан эже.

Сулайман-Тоонун чокусунда

Умар үчүн айтылган жомок

Илгери-илгери аял-күйөө жашаптыр. Күйөөсү мергенчилик кылып, аялы кол өнөрчү экен. Аң өзүнөн-өзү эле жолуна кабылып, жигит дайыма жолдуу кайтчу, аялдын кол иштерине баары суктанып карашчу. Сулуу, жаш жубайларды убайымга салган жалгыз нерсе – алар балалуу болушпаптыр. Бир күнү түшүндө аялына бир дарак: “Күйөөң экөөң чогуу тоого чыгып, асман менен күндөн ырайым сурагыла!” – дейт. Аялы эртең менен күйөөсүнө тоого баралы дейт, ал макул болбойт, иш чачтан көп, кайдагы сейилдөө деп такыр көнбөйт. Аял да оңой менен жеңилбейт: сөзсүз тоого барышыбыз керек дей берет. Аркы-берки деп жатып, күйөөсү акыры көнөт. Күн каарып турган жогору көздөй жөнөп калышат, терлери мөндүрдөй агат, тегеректе же бир тамчы суу жок, же көлөкөлөөр дарак жок. Күйөөсү ысып-тердеп, терин аарчып коюп кетип бара жатып, ичинен ойлойт: күн өтүп, мындай аптапта өлүп калышың деле мүмкүн го, жок дегенде бир терек өсүп турса эмне?! Ылдый жакка чуркап барат да, теректин бир бутагын кыйып келип, дарыядан суу алып, кайра тоого чыгып жөнөйт. Көчөттү жерге сайып, суу куюп, кайра аялы менен төмөнгө чогуу кайтып келишет. Бир жыл өтөт, үй-бүлөнүн жашоо-турмушунда эч нерсе өзгөрбөйт.

Аялы дагы түш көрөт. Түшүндө бир чымчык: “Күйөөң менен тоого чыгып, асман менен күндөн ырайым сурагыла!” – дейт. Эртең менен ойгонгондо, күйөөсүнө айтат, ал адатынча баш тартат, макул болбойт, иш толтура деп жатып, акыры көнөт. Күн ачуу тийген баягы тоого дагы жөнөшөт, терлери мөндүрдөй төгүлөт. Айлана-тегеректен ооз нымдар суу, көлөкөлөр бак издейт. Тээ алыстан бир дарак көзгө урунат, көлөкө тушүп турат. Аял-күйөө бактын түбүндө көлөкөлөп отурат. Бир кезде күйөөсү тикенектүү бадалга сайылып калган куш канатын каккылап жардам сурап жатканын угат, колу көнгөн адатынча жаанын огуп алып, аны атканы калат. Аялы токтотуп калат. Күйөөсү кушка барып, бошотуп коет, ал асманга тик көтөрүлүп, күнгө карай сызып жөнөйт. Анын кооздугуна тан берип, аял-күйөөнүн оозунан сөзү түшөт. Дагы бир жыл өтөт, экөөнүн жашоосу мурдагыдай эле, эч өзгөрүүсүз.

Бир күнү аялынын түшүнө бир аксакал кирип: “Күйөөң менен тоого чыгып, асман менен күндөн ырайым сурагыла!” – дейт. Эртең менен күйөөсүнө айтат, ал макул болбойт: жумуш көп, убакыт жок, мергенчинин кыларга иши жокпу деп жатып, акыры көнөт. Үчүнчү жолу тоого чыгышат, тоодо бак-дарактар чоңоюп, гүлдөр жайнайт, жыпар жыт аңкыйт. Асманда күн чайыттай ачык, бирок дарактардын көлөкөсүндө баягыдай жан чыдагыс аптап жок. Тоо баштарында кооз, канаттары укмуш чымчыктар учуп жүрүшөт, сайрагандары да сонун. Аял-күйөө таңдана асманды, айлана-тегерегин карашат, күндү, асманды карап сүйүнүшөт, жылмайып ыраазычылык билдиришет. Карап турса эле тоонун башынан аксакал карыя көрүнөт, аял-күйөө ага жете барышып: “Оо, Көк асман, колдору мээнет кылган, жүрөгү муң-зарга толгон пенделериңе ырайым кыл!” дегенин угушат. “Чоң ата, сиз асмандан эмне тилеп жатасыз?” – деп сурайт аял. Аксакал үндөбөйт, жылмайып коюп, шашпай төмөн түшүп жөнөйт. Бир жылдан кийин жубайлар тоого баласы менен чогуу чыгышат.

Умардын үй-бүлөсү тоодон түшүп келе жатат

Ыраазы болуу, колдо барын бөлүшүү

Кичинекей Умардын үй-бүлөсүндөгү аялдар узак жол басып, аларга бала бергени үчүн көк асманга ыраазычылык билдирип келгенче, эркектер от жагышып, казанда эт бышырып жатышты.

Умардын эки ата өткөн чоң атасы – Исраил байке ишке баш-көз болуп жүрөт. Казанда куурулуп жаткан этти карап, чоң-чоң тууралган эттерди аралаштырып жатат. Чогулгандардын туугандык мамилелерин сураштырып түшүнүүгө аракет кылдым, бирок майнап чыккан жок.

-- Бул жердегилердин баары биздин балдар, чочуну жок, бири өзүнүн чоң атасы, бири аталаш, биз баарыбыз бир үй-бүлөбүз, кайгы-кубанычыбызды тең бөлүшөбүз, -- дейт Исраил байке.

Исраил байкенин төрт баласы, төрт небереси бар экен. Баары сүйүктүү, баары көпкө күттүргөн балдар. Эң кичүү небереси тууралуу айтып бериңизчи десем, ал күлүп, кичүүсүн эле өзгөчө берилип жакшы көргөн болбойт, ар бир бала ата-энесине, чоң апа-чоң атасына кымбат экенин сезип-туюшу керек.

– Мен келиндеримди да кыздарым дейм. Өзүмдүн бир эле кызым, үч келиним бар, алардын баары менин кыздарым. Баарына ушинтип кайрылам, баары мени карап калганда, атынан айтып чакырам. Алар менин келиним болгондон кийин, демек менин кыздарым да, -- дейт Исраил байке.

Күндүн эң маанилүү окуясы кыска куран окуудан кийин башталды – Умардын чоң чоң апасы баланы кучактап туруп, анын өрүлгөн айдар чачын кести.

-- Бул чачты биз Сулайман-Тоого калтырабыз, бул биздин бактыбызды дагы эле эңсеп жетпей жургөндөр менен бөлүшкөнүбүз. Ыраазы болуп, шүгүр келтирип, башкалар менен бөлүшүүнү билиш керек, --дейт Исраил байке.

Исраил байкени кыйнап сурап жатып мен билген жалгыз нерсе – кичүү небересинин аты Сайкал экен.

--Мени чоң ата десе, жүрөгүм эзилип кетет. Үйдө кичинекей балдар чуркап, ойноп жүргөндөн ашкан бакыт жок, -- деп мойнуна алды Исраил байке.

Умардын үй-бүлөсү дасторкон жээгинде Чач кыркуу ырымы Умардын чоң чоң апасы Туугандар Умарга жана бири-бирине белек беришүүдө

Сайкал үчүн айтылган жомок

Илгери-илгери бир кан жашаптыр. Сулуу, шайыр, бирок зыкым болуптур. Той өткөрөт, конок чакырат, бирок дасторкону бош. Келген меймандар ырдашат, бийлешет, бирок оозго алар бүдүр табышпайт. Бара-бара эч ким келбей баштайт, аны да эч ким чакырбайт. Кан тагында отурат, капаланат, көңүлү чөгөт. Бирок, эмнеге мындай болуп жатканын, ал элге жармашып мамиле түзөйүн десе, эл эмнеге андан оолак качарын такыр түшүнбөйт. Таарыныч да болот. Кеңешчилерин чакырат, алардан акылдуу жооп күтөт. Алар канга чындыкты айтуудан айбыгышат, ал чындыктын артынан эмне болуп кетерин билбей чочулашат. Зыкым, сараң бай деген атка ээ болуу кимге жакмак эле. Акылмандар кезек-кезеги менен аны алдап-соолап, алаксытууга аракеттенишет. Айлана-тегерекке жалаң кем акылдар топтолуп алган, жалгыз эле Сиз күн сымал жарык чачкан асылсыз дешет. Биринен-бири ышкырта калпты айтышат. Жүзүнчү акылманды угат, жүз биринчисин чакыртат. А бул жүз биринчиси жүз бирге чыгып калыптыр, кулагы жакшы укпайт, араң басат. Аны кан бир күн күтөт, эки күн күтөт, үчүнчү күнү чыдабай, өзү акылманга барууну чечет. Акылмандын үйүнө келет, анын үйү көзгө сайса көрүнгүс караңгы экен. Бурчта бүл-бүл жанган чырактагы оттун учкундарын кызыгып карап акылман отурат. Кан акылманга өзүнүн чырагын көтөрүп барып, меникин күйгүзүп бериңизчи дейт. Ал чырагын кучактап алып, отумду сага бере албайм, өзүмө керек дейт. Кандын күлүп жатып боору эзилет. Сен акылман акылыңдан айнып калган окшойсуң. Бул от да, канчалык көбүрөөк бөлүшсөң, ал ошончолук көбөйөт дейт. Акылман жылмайып, сакалын сылап коет.

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан каржыланат. Аталган материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун көз карашын чагылдырбайт.