• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Мүлк» ишканасы өткөргөн күмөндүү тендерлер (видео)

18 Чын куран 2018 17:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.04.2018.Govori.TV.
Мамлекеттик ишканалардын дээрлик баардыгы «дотацияда», айрымдары банкроттун алдында турат. Алыс кетпей атагы чыккан “Мегакомду” алсак, 2010-жылы 600 млн долларлык компанияны, азыр 200 млн долларга дагы эч ким албай жатат. Мына ушул сыяктуу  мамлекет мыкты менеджер эмес экендигин далилдеген фактылар көп.
 “Караван” соода борбору, “Ак Кеме” мейманканасынын кожоюнундары татынакай кылып иштетип, салык  төлөп, имаратты оңдоп-түзөп, элди жумуш менен камсыз кылып келген.
Анан эле соттун чечими менен бул обьектилер мамлекетке конфискация болду. Эми буларды ким иштетет?- деген маселе жаралды. Ошондо  Өкмөт 2017-жылы атайын токтом чыгарып,  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдына “Мүлк” мамлекеттик ишканасын түзгөн.  Ишкананын негизги милдети конфискация болгон имараттарды иштетип, салык гана төлөбөстөн мамлекетке киреше алып келүү болгон.
Ошентип “Мүлк” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери “Караван” соода борбору  менен “Ак Кеме” мейманканасынын кожоюндарын кууп чыгып,  иштете баштады.
Ишкана “Караван” соода борборунан айына мамлекетке 5 млн сом киреше түшүп жатканын маалымдаган. Бирок отчетторун карасак ал сумманын 30 пайызы эле салык иретинде түшүп жатыптыр. Калган  3.5 млн сом кайра эле ошол ишкананын чыгымдарына кетет экен.
Кызыктын баары  алар өткөргөн тендерде экен.
2017-жылдын 9-июнунда “Караван” соода борборундагы эскалатор менен лифтерди оңдооого жана тейлөөгө 500 000 сомго тендер өткөрүлгөн. Албетте соодагерлер менен кардарларга шарт түзүү үчүн ал нерсе керек.
Бирок он күн өтпөй 22-июлда  кайра эле  эскалатор менен травалаторлорду тейлөөгө жана тетик сатып алууга 1 млн 562 мин 860 сомго тендер жарыяланган. Эскерте кетсек 9-июнда өткөрүлгөн тендерде тейлөөгө акча төлөнгөн. Бирок бул тендер ар түрдүү себептер менен артка кайтарылган.
Кайра 13 күн өткөндөн кийин эле 5-июлда тендер жарыяланып, эскалатор менен травалаторлорго тетик сатып алуу жана тейлөөгө 1 млн 562 мин 860 сом бөлүнгөн.
Эми бул сумма кимге кеткенине көңүл бөлсөк. Үч тендерге тең “Еврлолифт” деген бир компания катышкан.  Мыйзам жагынан алганда бир компания эки жолу тендерге катышууга укугу жок экен. Бул жерде үч жолу катышып жатат.
Тендерге катышкан экинчи компания “БМУ” жоопкерчилиги чектелген коом экен.
Эң кызыгы эки компания тең бир юридикалык даректе катталган. “БМУ” жоопкерчилиги чектелген коому дагы, “Евролифт” жоопкерчилиги чектелген коому дагы Бишкек шаарындагы   Кулатов көчөсүнүн  №1 үйүндө жайгашкан экен.
Макул бул юридикалык дареги бир болгону жөн гана дал келүү дейли десек, эң кызыгы андан кийин чыкты.  “БМУ” жоопкерчилиги чектелген коомдун негиздөөчүсү Чо Чон Хаг деген адам экен. Ал эми “Евролифтин” негиздөөчүсү Чо Максим Чонхагович экен. Фамилияларынын окшоштугу бул экөө ата бала окшойт деген ойго түртөт. Балким атасы менен баласынын атаандаш компаниясы бар? Же тендердик комиссия менен суйлошулуп “БМУ” компаниясын жөн эле сан үчүн кошуп койгон.
Бул “Мүлк” мамлекеттик ишканасы өткөргөн тендерлердин бирөө эле. Кийинки иликтөөбүз “Караван” соода борборундагы желдеткичке, “Ак Кеме” мейманканасына алынган азык-түлүкө жарыяланган тендерлер тууралуу болмокчу.
Количество просмотров: 23