• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мүлк фонду бүгүн «Бешинчи каналдын» жабдууларын каттоого алат

28 Бештин айы 2017 17:11 Бишкек Govori.TV

Каржы маселесинен улам кызматкерлери жапырт жумуштан кетип жаткан «Бешинчи каналдагы» жабдууларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бүгүн каттоого алат деп жазды Азаттык.

Телеканалды мындан ары ким жетектей турганы белгисиз. Учурда каналга ээлик кылып турган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин орунбасары Бекболот Алиев бул маселе чечиле электигин, бирок канал ишин токтотпой турганын айтты:

— Бүгүн телеканалдын иш кагаздарын, жабдууларын тактап, инвентеризация кылышат. Жетекчилиги жана бир топ кызматкерлери кетип жатат. Техниканы тейлегендер, жабдууларга жооптуулар иштей беришет. Каналдын жумушу токтобойт.

Бирок жамааттын иштен кетүүсүнө негизги себеп болгон каржы маселеси кандай чечилери анык эмес. Алиев бул жаатта өкмөткө сунуш жиберилгенин айтты.

Каналдын жамааты иштен кетип жатканы тууралуу 27-декабрда жарыялашты. Жетекчиси Евгения Бердникова 15-декабрда кызматын тапшырууга арыз жазып, жагдайга каржы тартыштыгы себеп болгонун айткан.

Количество просмотров: 2