Бишкек.26.01.2018.Govori.TV
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчылардын кийинүү стили, чач жасалгасы алардын өз эрки экендигин билдирген кайрылуу таратты.
Буга чейин «Эсимде» ыры менен белгилүү болгон өзгөчө стили бар Кайрат Кыргыз аттуу ырчынын дарегине түрдүү сөздөр айтылып келе жаткан.
«Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчылардын чач жасалгасын өзгөртүүсүн мажбурлап, аларга тыюу салууга укугу жок.
Ар бир ырчы өзү каалагандай жасана алат. Эгерде ырчынын ырдаган ырынын текстинде экстремизмге багытталган үгүт сөздөр камтылган болсо, ага чара көрүлмөк.
Ал эми ырчынын чач жасалгасы, кийген кийими жакпай жатса, аны жеке ырчы катары эске алабы же жокпу, Кайрат Кыргыздын өз эрки»,-деп билдирди маданият, маалымат жана туризм министрлигинин пресс-борборунун башчысы Жийде Зоотбекова .