Бишкек.18.01.2018.Govori.TV
Фэйсбук социалдык тармагына Бишкектин жакасындагы Чуңкурчак кышкы эс алуу жайындагы турист менен эс алуу жайдын жетекчилигинин кыргыз тили тууралуу талашкан видео жарыяланды. Видеодогу Казакстандын желегин жамынып турган Огуз Доган кыргызча кызмат көрсөтүүнү талап кылган. Ал эми эс алуу жайдын жетекчилиги Кыргызстанда орус тили расмий тил болгондуктан, орусча жооп берсе боло тургандыгын билдирген.