• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мэр боюнча чечим Өкмөткө жете элек

16 Теке 2018 11:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.07.2018.Govori.TV
“Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө, аны кызматтан алуу боюнча Бишкек шаардык Кеңешинин чечими Өкмөткө келе элек”. Бул сөздү Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов Govori.TVга билдирди.
“Азырынча бизге, Өкмөттүн тиешелүү бөлүмүнө Бишкек шаардык кеңешинин мэр Албек Ибраимов боюнча кабыл алган чечими кат жүзүндө келип түшө элек. Келген соң аны Өкмөт башчы  карап чыгып, мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алат”,-деди ал.
Эске сала кетсек, эки күн мурун Бишкек шаардык кеңеши жыйын өткөрүп, анда бир добуштан шаар мэрине ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынган.
Количество просмотров: 4