• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Медиа коомчулук өкүлдөрүнүн Болот Темировдун иши боюнча ачык кайрылуусу

26 Аяк оона 2022 18:36 Бишкек Govori.TV

“Медиа полиси институту” уюму баштаган медиа өкүлдөрүнүн иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштуу ачык кайрылуусу бүгүн 26-сентябрда жарыяланды.

Анда эгер Темировдү өлкөдөн чыгарса мамлекет анын коопсуздугун чоң тобокелге салган болору белгиленди.

Эске салсак, Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров үстүбуздөгү жылдын 23-январында кармалып, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошотулган

Темиров менен Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Ошондой эле журналистке “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене кошулган. Болот Темиров айыптарды четке кагып, журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет.

.

Количество просмотров: 180