• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Мегакомго» кызыккан Медведевдин жакындары

7 Бирдин айы 2018 9:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.02. 2018. Govori.TV

“Мегаком” компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууну каалаган швейцариялык ALF Consulting SA компаниясынын артында Орусиянын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин жакын адамдары турушу ыктымал”. Мындай маалыматты, журналист Эльнура Алканова жеке иликтөөсүнөн кийин жазып чыкты.

Анда ал 400дөн ашык оффшордук компанияларга ортомчу болгон бул кампания Орусиялык олигархтардын катарын толуктап, Forbes журналынын жыйынтыгы менен 700 млн. АКШ долларына ээлик кылып, орус байларынын тизмесинде 142 орунда турган бир тууган Зингаревичтерге тиешелүү болгондугун жазат.

“А деген биз интернеттеги дареги боюнча компанияга байланышка чыкканыбызда эле телефонду Татьяна аттуу орус ысымдуу кыз алды. Ал дарек ALF Consulting SA компаниясыныкы экенин тастыктап, директорунун эс алууга кеткенин, башка юридикалык кызматчылардын да жоктугун, кеңседе 10 кызматкер иштээрин гана айтып, башка суроолорубузга жооп берүүгө укугу чектелгенин түшүндүрдү. Андан соң биз интернет аркылуу бир топ маалыматтарга ээ болдук”,-дейт журналист.

Ал көрсөткөндөй, женевадагы коммерциялык уюмдардын каттоосуна караганда, ALF Consulting SA Орусиялык миллионерлерлер Борис жана Михаил Зингаревичтерге таандык болот. Себеби, аталган комания катталган Женевадагы дарекке  Ilim Holding SA жана Ilim Timber Trading SA деген эки компания дагы катталган. Ал эми өз кезегинде Ilim Holding SA  Зингаревичтерге таандык “Группа Илим” ААКсынын 92,84 % акциясына ээлик кылаары маалм болгон. Ошондой эле эки компаниянын дареги менен кошо алардын жетекчилери да бир болуп чыга келген. ALF Consulting SA жана  Ilim Holding SA компаниясынын документтеринде тең администратор катары бир адамдын-Биттель Патрик (Bittel Patrick) деген ысым жазылса, ал эми эки компаниянын тең директору катары Альбина Бьюикель (Boeckli Albina) деген айым катталып турат.

Андан ары журналист Эльнура Алканова бир тууган Зингаревичтердин орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жакындыгына токтолгон. “Орусиялык ММКлар Борис жана Михаил Зингаревичтердин Дмитрий Медведев менен жакындыгын тууралуу бир канча жолу жазышкан. Мисалы, Ведомости гезитинин жазганына караганда, Медведев 90-жылдары Зингаревичтердин “Илим палп” компаниясында корпоративдик юрист катары иштегени белгилилүү. Ал эми Rosphoto.com интернет-порталы 2015-жылдын мартында Орусиядагы эң кымбат 16 сүрөттүн тизмесин жарыя кылат. Анда Медведевдин “Тобольский кремль” аталышындагы сүрөтү 11-орунга чыгып, кайрымдуулук аукционунда Михаил Зингаревичке 1,7 млн. АКШ долларына сатылганы да жазылган.

“Албетте, Зингаревичтер капыстан эле чай сатуудан мобилдик байланыш тармагына өтүп кетүүнү чечкен Нагорная эмес. Бирок, чындап эле бир ага-ини Зингаревичтер өлкөдөгү эң ири байланыш компаниясы болгон“Мегакомду” сатып алуу максатка ылайык десе, анда Кыргызстандын бийлиги тарабынан айтылган компаниянын чыгашалуулугу, киреше бербей турган, келечеги жоктугу тууралуу сөздөр өтө эле ашыкча айтылган болуп калат”,-дейт журналист Лейла Назгуль Сейитбек менен биргелешип жазган макаласында.

 

Количество просмотров: 8