• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мирзиеев менен Шойгуга суктандык. А өзүбүздө андай уулдар жок беле?

27 Бештин айы 2017 17:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.2017.Govori.TV

Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык, парламенттик башкарууга багыт алган, жарандык коому күчтүү өлкө катары өзүн сыпаттайт. Кыргызстандын эгемендүүлүк алган жылдардан берки саясий окуялары дагы коңшу мамлекеттерге караганда жыш жана түрдүү. 2005-2010-жылкы эки революцияда эки президенттин сыртка качуусу, бир эмес эки президенттин өз ыктыяры менен кызматтан кетүүсү, курч атаандаштыкта өткөн парламенттик, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, Кыргызстандагы саясий процесстер коңшу өлкөлөрдөн бөлүп турат.

Бирок, Кыргызстанда башка өлкөлөрдүн башчыларына, министрлерине суктануу карапайым калк арасында дагы, депутаттар арасында да бар.

Премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абаддагы студенттер менен жолугушуусунда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти суроо узатып жатып, аны өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдей иштөөгө чакырды. Студент Миризиёев жыйналыш учурунда татыктуу жооп бербеген бир топ министрлерди ошол замат кызматтан алганын, ушундай мүнөз кыргыз башчыларында да болушу керек экендигин айтты.

Өз кезегинде Исаков коомчулук алдында жана өкмөт аппаратында катуу болбогону менен, жабык эшик артында баарына катуу талап коюп, керек болсо ошол замат иштен алып жатканын кошумчалады. Бирок бул жагдайларды коомчулукка жарыялоону туура көрбөстүгүн айтып жооп берди.

Өкмөт башчы Сапар Исаковду ӨЗбекстан президентиндей иштөөгө чакырган студенттен соң Жогорку Кеңеш депутаты Акылбек Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду Россиянын мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, азыркы коргоо министри Сергей Шойгудан өрнөк алууга чакырды.

Экс-президент Роза Отунбаева мындан бир канча ай мурда кыргыз чиновниктери коңшу мамлекеттердин чиновниктери менен салыштыра келгенде өтө чала-сабат экендигин, Кыргызстанда кадр саясаты талкаланып, мышык ыйлар абалга жеткендигин айткан.

Студенттин жана депутаттын башка өлкө президенти менен министрине суктанып жатканынан соң Кыргызстанда Мирзиеевдей, Шойгудай адамдар жокпу деген суроо келет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Количество просмотров: 18