Москвада 21-март Нооруз майрамына карата «Мундуз»коомунун өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен көк бөрү оюну уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду.
Мында жалпысынан 10 команда ат салышып, көк бөрү тартышты. Бул тууралуу маалыматты Москвадагы «Мундуз»коомунун мүчөсү Буланбеков Уланбек биздин агенттикке билдирди.
Аталган оюнга Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги жана КРнын миграциялык кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлдөрү келип, жалпы кыргыз элин жана кыргыз мигранттарын нооруз майрамы менен куттуктады.
Оюнда төмөнкү командалар жеңишкеээ болушту.
1-орун«Сузак» командасы 2-орун«Кара-Кулжа»командасы 3-орун «Зергер» командасы болду