• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Москвадагы жол кырсыгынан 24 жаштагы кыргызстандык жаран каза болду

13 Теке 2018 17:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.07.2018 Govori.TV
Москва шаарында оор жүк ташыган автоунааны айдап келе жатып кырсыктаган 24 жаштагы кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, элчиликтин консулдук бөлүмүнө 12-июлда маркумдун тууганы кайрылып, кайниси каза болгонун кабарлаган.
Окуя 10-июлда кечки саат 23:40 чамасында Балашиха шаарындагы Волга трассасында жол кырсыгынан улам болгон. Анда кыргызстандык жаран башкарып келе жаткан оор жүк ташуучу автоунаасын артынан келе жаткан оор жүк ташуучу унаа сүзп кырсыктан кыргызстандык жаран каза болгон.
Учурда Элчилик анын ким экендигин документалдык жактан тактап, сөөктү мекенине жөнөтүү иштерине уруксат берүүчү документтерди топтоо менен алектенип жатат.
Количество просмотров: 14