• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Навальный талапкер катары каттала алган жок

26 Бештин айы 2017 9:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.12.17.Govori.TV

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын талапкерлигин каттоодон баш тартты. Дүйшөмбүдө жыйынга чогулган комиссия мүчөлөрү бул чечимди активисттин буга чейин шарттуу соттолгону менен түшүндүрүштү.

Чечим белгилүү болгондон көп өтпөй Алексей Навальный видео кайрылуу жасап, анда жарандарды 2018-жылдын 18-мартында өтө турган шайлоону бойкоттоого чакырды. «Жалгыз Путин жана ал кол менен бирден тандаган талапкерлер шайлоого катышканы жатат», — деди Навальный.

Жекшембиде оппозициячыл саясатчыны колдогон жүрүштөр Орусиянын 20 шаарында өтүп, анын жыйынтыгы менен Навальный президенттик талапкер болуу үчүн жетиштүү колдоо тапканын жарыялаган. Ал 24-декабрдын кечинде Боршайкомго тиешелүү документтерди тапшырган.

Бул шайлоого өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышарын жарыялаган президент Владимир Путин Орусиядагы оппозициячыл топторду өлкөдөгү туруктуулукту бузгусу келет деп 15-декабрдагы жылдык маалымат жыйынында сындаган.

Орусиянын Киров шаардык соту 8-февралда Навальныйды «Кировлес» компаниясынан акча уурдаган деп таап, беш жылга шарттуу кескен.

Количество просмотров: 3