Социалдык тармактарда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин 18-январда жарыяланган видео кайрылуусу талкууга жем таштады. Интернет колдонуучулар Назарбаев өз өлкөсүндө эместигин, ал Казакстандын Орусиядагы элчилигинин имаратынан кайрылуу жасаганын божомолдоп жазып чыгышты.
Бирок, Назарбаев Казакстандын Нур-Султан шаарынан кайрылуу жасаган.
Интернет желесине желдей тараган сүрөт Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин Нур-Султан шаарына болгон иш сапарынын алкагында тартылган.
Белгилей кетсек, Назарбаев кайрылуу жасаган кеңседеги жасалгалар буга чейинки расмий жолугушуулар өтүп жүргөн иш бөлмөнүкүнө дал келет.