Бишкек 10.06.18 Govori.tv
Мындай чечим Ташкент шаарында болгон Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан мусулман аалымдарынын чогулушунда кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма-сөз кызматы билдирди.
Кыргызстан тараптан Муфтияттын өкүлү Абибилла Кадырбердиев катышты. Жыйындын аягында Орозо айт 15-июнга, Кадыр түн 11-июнга белгиленди. Тараптар мындан ары тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөшүштү.