• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ош-Бишкек жолундагы кырсыктан 9 жаштагы бала менен айдоочунун аялы каза болду

11 Теке 2018 12:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.07.2018. Govori.TV
Ош-Бишкек жолундагы кырсыктан айдоочунун аялы жана 9 жаштагы бала каза болду. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта «Окуя 10-июлда саат 16:00 чамасында Ош-Бишкек жолунун 222-чакырымында болгон. Анда Ош шаарын көздөй бараткан «Лексус RX 400» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу С.С., рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен» -деп жазылат.
Кырсыктын кесепетинен 1958-жылы туулган тургуну С.Г., (айдоочунун аялы) оор абалда Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Ал эми унаада жүргүнчү катары келе жаткан Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну Б.Т., жана анын 2007-жылы туулган кызы М.З., ооруканага жаткырылган. Анын 9 жаштагы уулу кырсык болгон жерден каза болгон.

Учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Сүрөт: Турмуш

Количество просмотров: 1