• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Парламентте транспорт жана жол министрлигинин кышка даярдыгын текшерүү керек деп эсептешет

11 Үчтүн айы 2018 11:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.18 Govori.TV

Жогорку Кеңештин «Республика –Ата Журт» фракциясынын депутаты Талант Мамытов транспорт жана жол министрилигинин кышка даярдыгын текшерүү керектигин бүгүн парламенттин пленардык жыйынында айтып чыкты.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой кыш түшкөндөн баштап, жолдордо оор абал түзүлөт. Өзгөчө бул Бишкек –Ош жолунда анын ичинде Төө –Ашуу, Ала Бел ашууларында абал оорлойт», — деди депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында тиешелүү министрликтин жолду тазалоо иштери көңүл арбытаарлык эмес.

«Өткөндө кар катуу жааганда Төө Ашууда жол тазаланбай айдоочулар кыйналды. Себеби ал жакта болгону 2 гана  жол тазалоочу техника иштейт экен. Алар да иштен чыгып, араң эле иштеп жатат», — деп билдирди депутат.

Талант Мамытовдун айтымында транспорт жол министрилигинин  ишин кылдат карап чыгуусу зарыл.

«Бизге жеткен маалыматтарга алар жок техникага солярканы жаздырып алып жатышат. Мындай көрүнүштү текшерүүгө алуу керек», — деп сөзүн аяктады эл өкүлү.

Количество просмотров: 8