• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Пирамида» телеканалынын жетекчиси Нурзада Токтогулова кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

19 Бештин айы 2017 14:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-декабрда «Пирамида» телеканалынын жетекчиси Нурзада Токтогулова кызматтан кетүү боюнча  жазды. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна билдирип, бирок себебин коомчулукка жарыялоону каалабай турганын белгиледи.

Ал эми аталган каналдын жетекчисинин орун басары Аскат Алагөзов  Токтогулованын арызы боюнча төмөндөгүдөй жооп берди:

«Биздин каналга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат. Азырынча эч кандай  чечим кабыл алына элек»-деп билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөдө  туңгуч эркин телеканал катары таанылган «Пирамида» мурдагы бийликтердин тушунда колдон-колго өтүп келсе, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин улутташтырылган.

Количество просмотров: 8