Бишкек. 12.12.2017. Govori.TV.
Бүгүн Бишкекте эки кишини поезд тебелеп кетти. Бул туралуу «Кыргызтемиржолу» мамлекеттик ишканасы билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең менен саат 7лер чамасында “Бишкек I” жана “Бишкек II” станцияларынын ортосунда 30-35 жаштагы азият улутундагы киши жүрүп келе жаткан тепловоздун алдына боюн таштап каза болду. Азыр окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары териштирип жатат.
Мындан тышкары, бүгүн “Токмок” бекетинин темир жолунда 19-20 жаштагы кыз поезд алдында калган, ал бутунан жаракат алып ооруканага түшкөн.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын темир жолдорунда жыл башынан бери адам өмүрүн алган 29дан ашык учур катталды.