ТюркПАнын жалпы жыйынына келген кортежи өтмөйүнчө, өрт өчүрүүгө бара жаткан машинаны жол кайгуул кызматкери өткөрбөй койгон видеосун Instagram баракчасынын колдонуучусу maksim_zo жайгаштырган.
Анда Абдрахманов менен Киевский көчөсүнүн кесилишинде ТюркПАнын бүгүнкү жыйынына келе жаткан конокторунун кортежи үчүн өрт өчүрүүгө бара жаткан машина өткөрбөй койгонун жазган. Айдоочу өрт өчүрүүгө бара жаткандыгын айтса, ТюркПАнын кортежинен кийин өтөсүн деп жол кайгуул кызматкери уруксат бербей койгондугун жазып, видеого тартып алган. Белгилей кетсек, Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтүп жатат.