Сафед-Булан- кыздын тагдыры....
Кыргызстандын түштүгү кооз жаратылышы көптөгөн тарыхый эстеликтери, байыркы маданиятты чагылдырган мавзолейлери менен белгилүү. Алардын бири Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылы. Бул айылдагы Шах Фазил тарыхый мемориалдык комплекси Борбордук Азияда ислам дүйнөсүнүн жайылышынын чөйрөсү гана болуп эсептелбестен Карахандар мезгилинен тарта маданияттын, искусствонун жана архитектуранын борбору болуп эсептелет. Бул жолу Govori.TV мультимедиалык маалымат агентигинин журналисттери түштүкө болгон сапарында Бабалар мурасы.Укмуштуу Кыргызстан долбоору аркылуу дал ушул орто кылымга таандык уникалдуу Сафед-Булан мазарына багыт алды.
Сафед-Булан мазарынын тарыхында башы кыйылган мусулмандардын баштарын 500 метр аралыкта бирден көтөрүп келип жууган Булан кыздын тагдыры жүрөктү оорутуп көзгө жаш алдырбай койбойт. Комплекстин баяндамачысы айтып жаткан тарыхты угуп кыйылган башттарды жууган кыздын элеси көз алдымда элестетилип ага боорум ооруса, экинчиден анын эркинин күчтүүлүгүнө баа берип, эч ким анын оорунда мындай ишке барганга эрки жетперин ойлонуп жаттым.
Исламдын пайда болушу
Борбордук Азияда айрыкча Кыргызстанда Ислам дининин таралышы өзгөчө тарыхчылардын көңүлүн бурат. Мында кооздугу жана тарыхый мааниси жагынан кайталангыс "Сафед-Булан, Шах-Фазл" тарыхый-мемориалдык комплексинин өзгөчө орду бар. Азыркы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун чек-арасында, Падыша ата жана Чанач-Сай өзөндөрүнүн куймасында жайгашкан бул айыл Ислам дининин Борбордук Азияда жана Кыргызстанда таралышынын алгачкы этабында эле чоң мааниге ээ болгон. Сафед-Буландагы тарыхый окуялар анын Ислам динин таркатуунун белгилүү бир борбору болуп эсептелүүгө негиз боло алат. "Сафед-Булан" деген ат арабдардын Фергананы басып алгандыгы жөнүндө XIII кылымда көрүнүктүү тарыхчы Жемал Каршинин, ошондой эле Фергана калкын мусулмандаштыруу окуялары чагылдырган жергиликтүү көрүстөндөрдөн табылган таштардын бетиндеги XII-XV кылымга таандык жазууларында эскерилет. Кийинки доордо, айрыкча Карахантддер мамлекетинин гүлдөгөн мезгилинде X- XII кылымда Сафед-Булан белгилүү диниий борбор катары сакталып келет.
Азим Касымов- гид
Мусулмандардын башын алуу
Орто кылымдарда ислам динин таркатууну көздөгөн Мухаммед пайгамбардын небереси Мухаммед Жарир азыркы Фергана өрөөндөрүнө келет. Азыркы Ала-бука районунун аймагына. Ал Ферганага келээри менен исламды орнотуу үчүн өзү менен ала келген 20000ге жакын аскери менен Мухаммед -Жарир жергиликтүү калкты ислам динине үгүттөй баштайт. Ошол учурда Зороастризм динине сыйынган жергиликтүү калк арабдардын аскеринин көптүгүнөн дили менен эмес тили менен ислам динин кабыл алышат. Ал динди кабыл алдык дешип жашыруун түрдө аларды өлтүрүүнүн жолун издеп мусулмандар бир гана намаз учурунда гана алсыз болушарын аныкташат.
Исламды бул жерде да орноттук деп кубанган арабдар куралдарын чечип, жума күнү намаз окууга киришкенде жергиликтүү тургундар аскерлердин башын кыя баштайт. Жума намазын окуп жатканда исламга өтө берилген Мухаммед -Жарир менен анын аскерлери намаздан башын көтөрүшпөй намаз окуганды улантышат. Жума намазда 2772 аскерди башы кыйылып ал жер кыргынга айланат. Жеңилип калган арабдар мединанын көздөй артка кайтышат.
«Сафед-Булан» уламышы
Алланын амиринен коркпой, жеңишине сүйүнгөн акимдер Кыргын мечитинде майрамдап, душманды кордоо максатында ошол денесинен бөлө чабылган 2772 арабдын башын көмдүрбөй итке жем болсун бул бизге каршы чыккандар үчүн сабак деген өкүм чыгарышат.
Мухаммед Жарир менен кошо келген 12 жаштагы кара денелүү Булан деген кызматчы кызы баштары кыйылган аскерлердин арасынан өзүнүн башчысы Мухаммед Жарирдин денесин канга жуулган аскерлердин арасынан издеп баштайт. Булан 2772 мусулмандын башын жууп бирок өзүнүн кожоюнун башын таппай коет. Кийин кыз тарабынан жуулган баштарды ошол жерге чуңкур каздыры баарын көмдүрүп салат. Азыркы учурда мусулмандардын башы жуулган таштын үстүндө кызыл такттар бар. Арыктын суусу агып барган жер кызыл топурак болуп "Кызыл кесек" деп аталып калган.
Жоокерлер каза болгон жерден 300 метр алыстыкта турган жерге 2772 мусулмандын башы коюлат. Кийин ал жер «Каллахана» деп аталып калат.
Ула эми уламыштарда 2772 мусулмандын башын жууган кызга Алла тарабынан кызга сыйлык катары кара денелүү кыз агарып ак кызга айланган деп айтылып калат.
Сафед - фарси тилинен алганда ак дегенди түшүдүрөт. Сафед-Булан өмүр бою турмушка чыкпай күмбөздөрдү карап гүлдөтүп Аллага берилип жүрүп көп өтпөй каза болуп калат. Анын сөөгү Каллахананын жанына коюлган. Ошону менен бул чөлкөм бара-бара Сафед-Булан аталып калган. Сафед-Булан бул дүйнөдөн турмушка чыкпай никесиз өткөндүктөн анын күмбөзүнө аялдар гана кирип куран окууга болот.
Намаз окуп жатып башы кыйылган мусулмандардын башы Софед-Булан күмбөзүнө коюлса 2772 шейит кеткендер мусулмандардын денеси алар намаз окуп жаткан жерге коюлуп ал жер "Дене" мүрзө деп аталат.
Жума намаз учурундагы кыргын болуп жаткан маалда тирүү калган атасы менен уулу исламдын туусун алып качышат. Тууну көтөрүп баратканда атасына жаанын огу тийип жаракат алат. Жаракат алган атасы тууну баласына берген, баласы да жаракат алып, атасына кайрылып "Мен өлүп калсам бул тууну эмне кылам?"- дейт.Анда атасы "бул тууну Аллага аманат кылып тапшыралы" деп айтат. Уулу колундагы тууну абага ыргытканда туу көктө калкып жерге түшпөй калаган деген уламышта айтылып келет. Каза болгон атасы менен уулунун сөөгү бул тоого коюлуп,"ата-бала" күмбөзү тургузулган.
Кыргын маалында аман калган Мухаммед Жарир аскер топтоп келиш үчүн мединага чегинет. Кандайдыр бир себептен улам аскер бөлүнбөй калып ошол убакытта Муххамед Жарир Фазл аттуу уулду болуп көп өтпөй каза болуп калат. Шах Фазл эр жеткенче атасы жөнүндө билбей чоңойот. Кийин атасынын ордун басып, аскер башчылыгына жеткенде тагыраагы Кыргын-Мечиттеги окуядан туура 40 жылдан кийин атасы туурасында энеси айтып берет. Ал Фергананы басып, Ала-Бука, Аксы тарапка жортуул жасап жергиликтүү бийликти жеңип, Касан шаарын байырлап ислам динин таратуу менен 16 жыл бул чөлкөмдү башкарат.
Жергиликтүү аймактын башкаруучусу Фазилди конокко чакырып, уулантып өлтүрөт.Шах Фазилдин сөөгүн өзүнүн осуяты менен баштар коюлган жерге исламдын шартында ардактап көмүшүп ылайдан чакан күмбөз тургузушат кийин ал күмбөз бузул жок болуп кетет. Бул окуялар болжол менен биздин эрага чейинки VIII кылымдарга туура келет.
II- III-кылым өткөндөн кийин Карахандар доорунда (Х-ХII кк.)Орто Азия ислам динин кабыл алгандан кийин динин орнотулушуна кошкон салымдары үчүн деп азырык музейди тургузушкан.
Жалпысынан Сафед-Булан аталган бул мазарда биртоп тарыхый инсандардын сөөктөрүнүн жаткандыгы жана орчундуу окуялар болгондугу менен да белгилүү. Тактап айтканда, кадимки Султан Бабурдун атасы Омар шейхтин сөөгү да ушул Шах Фазл күмбөзүнөн жай тапкан. Ал эми Коконду Мадали хан башкарып турган маалда аксылык Нүзүп Эсенбайдын жардамы менен Шерали хан 1842-жылы ушул мазардан ак кийизге салынып хан көтөрүлсө, кийинчерээк 1873-жылдын жазында өзүн Полот хан деп атаган кыргыз жигити Исхак Асан уулу да ушул мазардан хан таажысын кийген.
Бүткүл ислам журтчулугунун кабары бар Фергана түздүгүнүн бир учу болгон Ала-Букадагы Сафед-Булан мазары, андагы Шах Фазл күмбөзү 1999-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк тарыхый эстеликтерди каттоого алуу тизмесине киргизилген. Өлкөдөгү тарыхый уникалдуу мемориалдык комплексине бүгүнкү күндө бир топ өлкөлөрдөн атайын туристтер келип кетишет. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар бул жерди экинчи Мекке деп аташат.
Баарынан маанилүүсү бул жерде легендарлуу мурасттардын сакталып калгандыгында. Жер жүзүндө жүздөгөн жылдан бери жашаган кыргыз жергесиндеги бул мурас мындан ары атадан балага өткөн мураскатары өткөрүлүп, тарыхта бурамаланып айтылбай өзүнүн уникалдуулугун жоготпой сактап калат деген терең ишенимдемин. Сафед-Булан келечек муун үчүн сабак болуп калтырылган тарыхый жай!
Материал Интерньюс Кыргызстандын колдоосу менен даярдалган
© All Rights Reserved. Tilda Publishing Design Co.
Авторлор:
  • Кайыргуль Урумканова Акылай Маратова Жээнбек Сагыналиев Адилет Жумакадыров
Made on
Tilda