• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сапар Исаков Бишкек ТЭЦке бир да жолу барган эмес. Ош базарда 118 соода түйүнү күйүп кетти Соңку жаңылыктар 31.01.18.

31 Үчтүн айы 2018 13:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.01.18.Govori.TV

Сапар Исаков Бишкек ТЭЦине бир да жолу барган эмес

“Мен премьер-министр болуп дайындалгандан бери Бишкек ТЭЦине бир да жолу басып барган эмесмин…” Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков парламентте депутат Курманкул Зулушевдин сөзүнө жооп берип жатып айтты. “Жылуулук, кышка даярдык боюнча бир канча жолу штаб өткөргөмүн. Бирок, абалдын мындай болуп кетээри эч кимибиздин оюбузга келген эмес. Эми болсо бул аварияга күнөөкөрлөрдү табуу боюнча мен катуу талап коюуп, сунуштарымды бердим. Комиссия карап чыгып, кылмыш ишин иликтегенден кийин жооптуу жетекчилер кызматынан сөссүз алынат”,-деди Исаков. Белгилей кетсек бүгүн парламент Бишкек ТЭЦинде болгон вариялык абалды талкуулап жатат.

Бектур Асанов «кургак ачкачылык» кармап баштады

«Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деген айып менен камакта отурган Бектур Асанов бүгүнтөн тартып үй-бүлөсү, туугандары менен көрүшүүгө уруксат берилбей жатканына каршылык иретинде «кургак ачкачылык» кармай баштады. Ошондой эле саясатчы соттук териштирүү адилетсиз болуп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу «Саясий туткундарды коргоо комитети» бейөкмөт уюмунун мүчөсү Зулфия Марат кабарлады. Бул маалыматты Асановдун туугандары да ырасташты. УКМК азырынча бул боюнча комментарий бере элек. Зулфия Мараттын айтымында, ачкачылык акциясына 31-январда ушундай эле айып менен камакта отурган Эрнест Карыбеков менен Кубаныч Кадыров кошуларын билдиришкен.

Ош базарда 118 соода түйүнү күйүп кетти 

Учурда Ош базарында чыккан өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдары такталууда. Бул туурасында ӨКМнын басама сөз борбору билдирди.«Учурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн келип чыгуу себебин жана чыгымдарын иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы 10 күндүн аралыгында белгилүү болот.» -дейт басма сөз борбору. Эске салсак, 30-январда “Сейтек” жана “Берекет плюс” базарында өрт чыгып анын кесепетинен 118 соода түйүнү күйүп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

 

 

Количество просмотров: 6