Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV
“Салык кызматынын башчысынын орун басары Кубаныч Кумашевди иш токтоп калган үчүн кызматтан алдым”. Мындай сөздү ЖКдагы оппозициялык азчылыктагы фракциялардын Өкмөттүн отчету боюнча жыйынында Өкмөт башчы Сапар Исаков айтты.
Анын пикиринде, кошумча нарк салыгын кайтаруу боюнча коррупциялык схемалар ачыкталгандан кийин бир топ адамдарга кылмыш иши ачылган. Бирок, айрымдарынын күнөөсү так ачыктала электигинен улам, кызматтарын улантууда.
“Чынын айтканда, мен деле бул кылмыш иши боюнча кимдин канчалык күнөөсү бар экенин толук билбейм. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерсени айта албайм. Бирок, кылмышы далилденип, анын үстүнө сурактардан улам негизги ишин жүргүзө албай калгандарды кызматынан алууга туура келди. Бирок, баары жоопкерчиликке тартылат”,-деди ал депутат Тынчтык Шайназаровдун суроосуна жооп берип жатып.
Эске сала кетсек, учурда Кошумча нарк салыгын кайтаруудагы коррупциялык схемага катышы бар деп, ондогон мамлекеттик кызматчылар менен ишкерлерге кылмыш иши ачылды.