Сасык булак деп кайсы уламыштан
улам айтылып калган?
Бабалар мурасы.Укмуштуу Кыргызстан.
Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттиги Талас облусуна болгон сапарында бир нече жерди кыдырып, айтылып келген уламыштарды социалдык тармак аркылуу сиздер менен бөлүшүп турду. Окурмандарыбыздын бири Талас районунда "Сасык булак" деген айыл бар. Кайсы уламыштан улам сасык деп аталып калган же ал жакта чын эле Сасык булак барбы деп бизге кайрылды.
Чын эле ал жакта Сасык булак барбы? Эмне үчүн айылдын аты мындай аталарына кызыгып Бабалар мурасы.Укмуштуу Кыргызстан долбоору менен Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Сасык булак деген айылына сапар алдык.
Айыл Бишкектен Таласка келе жатканда жолдун боюнда. Айылдан Таласка чейин 25-30 мүнөттүк жол. Жол кире жеңил унаа менен 30 сом.

Айылда бүтпөгөн көйгөйлөр көп. Алардын эң негизгиси таза суу маселеси. Айылдын алдынкы үйлөрү үйдүн ичинен суу чыгарып кудук орнотуп алышкан. Ал эми калгандары өзөндөн ташып ичишет. Жаз келип суу тартылганда баягы кудугу бар үйлөрдөн да суу чыкпай өзөндөн ташып ичип калышат.
Жолдун боюнда салынган кудуктар эскирип жарабай калыптыр. Ал эми айыл өкмөттүн таза суу алып келгенге кудурети жетпейт. Айыл Сасык булак деп аталса да бул жерден сасык деле суу чыкпайт экен, бирок айылдын тургундары таза суу менен камсыз болууну самап өйдө жактагылардан үмүттөрүн үзбөй күтүп келишет.
Ар бир айылдын аталышынын өзүнүн тарыхы бар.
Союз учурунда жөн жерден эле айылга ат берип коюусу мүмкүн эмес эле. Окурманыбыздын айтуусу менен бизге дагы Сасык булак айлынын аталышы кызык болду. Айылдын тарыхын аксакалдар жакшы билет эмесби. Ал үчүн Сасык булак айылынын аксакалы Жетиген атанын тоодогу сарайына
сапар алдык.
Айыл жергесиндегидей эле бул жакта да уй саап сүт төгүшөт.
Күнүнө 5 уй саалып айылдын сүтчүсү 1 литр сүтүн 14 сомдон алып кетет.
Биз барганда сарайда уй саалып, эшикте самоор жагылып Жетиген ата малдарын жайгарып неберелери менен таңкы чайга камынып жаткан кези экен. Сарайда жаңы тууган уйду саап жаткандыктан жанында байланып турган музоосу бизди, биз тартып жаткан камераларды карап "булар кайдан келгендер" дегенсип улам чоочуркаган баладай мөөрөп жатты.
Айылдагыдай эле тоонун да жумушу бүтпөйт. Күндө эртең менен туруп уй саап, музоолорго сүт берип, уйларды жайытка айдап, аттарды бошотуп, сүтчүгө сүт төгүп, нан жаап, тамак жазап айтор күндөгү эле бир көрүнүш күн сайын кайталана берет.
Биз барган сарайдын ээси Жетиген ата 16 жашында чабан болуп, 49 жылдан бери мал чарбасы менен сарайда жашап айылды сырттанкелген жырткыч жаныбарлардан сактап турат.

Айылдын Сасык булак деп аталып калышы убакыттын өтүшү менен унутулуп, кийинки урпактарга жетпей калышы толук мүмкүн. Ал үчүн улуу муундардын кеби маанилүү.

Жетиган ата көзгө атар мергенчи. Өмүр боюу тоодон жашап айылдын элин тоодон түшкөн жырткыч жаныбарлардан сактап келген. Айылдашы акын Кенжетай Атагуловдун айтымында ал жаныбарларды эмес, жырткыч карышкыларды аткан. Аткан карышкырдын саны болжол менен 170ге жетет.
Сасык булак деп айтылып калгандын да өзгөчө тарыхы, уламышы бар. Ооздон-оозго айтылып, бирок кагаз бетине жазылбай келген Сасык булактын аталышы боюнча маалымат алуу үчүн Сасык булак деген тоого жөнөдүк. Чын эле суу сасыкбы деген ойлор да келди.
Сасык-Булак сарайдан анча эмес жердеги дөңсөөдө экен. Ал жака унаа менен да жөө да барса да болот. Оператор экөөбүз унаага батпай калып ал дөңгө жөө барууга туура келди. Дөңгө чейинки жол саз болуп жерден чыккан суудан жолдор баткак болуп калыптыр. Бирок, эмнегедир сасык жыт жыттанган жок. Анын оордуна таза абадагы талаа гүлдөрүнүн жыты, жаз менен жарышып чыккан жашыл чөптөрдүн жыты аңкып, мээлүүн шамал беттерибизди аймалап биз менен учурашкандай амандашып турду.
Айылдын аты Сасык булак болсо демек бул жактан чыккан суу сасык деген ой баарбызда эле болсо керек. Бирок, булак сасык болбой эле суу менен кошо чыккан нефтинин өңү союз маалында элдерге былгып сасып жаткандай көрүнсө керек. Жерден чыккан сууга аралашып чыккан нефти булактын атын гана эмес айылдын да атын сасык кылып айыл дагы Сасык булак деп аталып калыптыр.


Булактын суусунун үстү жылтырап майланышып күндүн нуруна чагылышып турат. Бирок суудан эч кандай сасык жыт жыттанбайт.
Сасык булак айлынан чыккан акын Кенжетай Атагулов айылынын кереметине, кооздугуна арнап чыгарган ырын толкундануу менен Сасык булактын жанынан окуп, бизге батасын берди.

Өлкөбүздөгү ар бир айылдын аталышы анын тарыхы айтылып келген уламышы менен Укмуштуу Кыргызстаныбыз Бабабалардын мурасына
бай экенинен кабардар болуп сыймыктана алабыз.Улуу муундун учугун улап, келечек муунга бабалардын бизге калтырып кеткен мурасын аздектеп келечек муунга жеткирип берүү ар бир кыргыз атуулунун милдети. Кыргызстаныбыз кереметтүү өлкө!
Бул материалдар Интерньюс-Кыргызстандын колдооусу менен даярдалды.
"МИА" Govori.tv
Автор
Акылай Маратова
Фотограф
  • Бектен Бегимкулов
Made on
Tilda