• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Сентябрь» жылдын телеканалы деп табылды

27 Бештин айы 2017 10:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.2017.Govori.TV

Сөз эркиндигин коргоо комитети салтка айланган жылдын мыктыларын аныктоо иш чарасын өткөрүп комитет “Жылдын телеканалы” деп оппозициялык “Сентябрь” телеканалын тапты. “Сентябрь” каналына сыйлыкты Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев тапшырды.

“Сентябрь” телеканалы 2016-жылдан баштап санарипте жалпы Кыргызстан боюнча көрсөтө баштаган. Телеканал оппозициялык ишмердүүлүгү менен таанымал. Телеканал иштеп жаткан учурдагы иликтөө боюнча телеканал бир жыл ичинде эң көрүмдүү 10 каналдын ичине кире алган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына бийлик тараптан миллиондогон сом доолор коюлуп жаткан чакта, “Сентябрь” каналын эфиринде экстремисттик сөз айтылган деп Биринчи май райондук соту жапкан. Ал эми телеканалдын жетекчилиги бул саясий куугунтук экенин, телеканал оппозициялык көз карашы үчүн мыйзамсыз жабылгандыгын айтып келишет.

“Сентябрь” телеканалы райондук соттун чечиминин үстүнөн арызданып иш Жогорку Сотто бүгүн, 27-декабрда каралат.

Эске салсак, “Сентябрь” телеканалы быйыл экинчи жолу жылдын мыкты телеканалы деп аталып жатат. Буга чейин фэйсбук колдонуучулардын добушу менен жылдын мыкты маалымат булагы деп табылган.

Количество просмотров: 6