• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков: Үй-бүлөлүк же кландык башкарууга жол бербейм

6 Чын куран 2018 0:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.04.02. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу Элдик апрель революциясынын курман болгон баатырларынын элесине арнап куран түшүрүүдөн башталды.

«Апрель окуяларынын катышуучуларына кайрылып, Мамлекет башчысы алардын каармандыкты жана эрктүүлүктү көрсөткөнүн белгиледи.Сиздер өз өмүрүңөрдү аябастан өлкөнү кыйроодон сактап калдыңыздар. Сиздер мөндүрдөй жааган октон жалтанбай Ала-Тоо аянтында өлүмгө бетме-бет каршы турдуңуздар. Силердин эрдигиңер Кыргызстан элинин эсинде түбөлүккө сакталып калат», — деди президент.

Мындан сырткары президент  «Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан Президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеймин деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот», — деп баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча жарым жыл сайын ушундай жолугушууларды өткөрүп турууну чечишти. Андан тышкары, Мамлекет башчысы бүгүнкү жолугушуунун катышуучуларынын ар бирин өз-өзүнчө кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Количество просмотров: 2