• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды

23 Жетинин айы 2022 15:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун ишин карап, чечимин чыгарды.

Сот журналист Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алды. Биринчи инстанциянын өкүмүнүн калган бөлүгү күчүндө калтырылды.

Соттун өкүмү окулган соң Болот Темировду милиция кызматкерлери күч менен алып чыгып, унаага салып кетишти. Азырынча аны кайда алып кетишкени белгисиз.

Прокурор соттук коллегиядан Темировду ага тагылган Кылмыш-жаза кодексинин беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ошондой эле Темировду өлкөдөн чыгаруу айтылган, анткени айыптоочунун айтымында, ал Кыргызстандын жараны эмес.

Темиров соттогу акыркы сөзүндө күнөөсү жок экенин дагы бир жолу айтып, ага карата иш козгогон жана айып таккан күч органдарын акыйкат иштөөгө чакырды. Ал эми адвокат Замир Жоошев сөз сүйлөп, тергөө тарабынан коюлган айыптар негизсиз экенин айтууда.

«Иште көрсөтүлгөн документтерде эч кандай коргоо белгиси жок, алар болушу керек, ансыз бир дагы мамлекеттик орган анын арызын кабыл алмак эмес. Ал жок документти колдоно алган эмес, аскердик билет жасалма эмес. Сыягы, бул мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан жасалган окшойт», — деди Жоошев.

Эске салсак, 27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темирого карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 403