Бишкек ЖЭБдеги аварияны иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия 16-февралда жыйын өткөрүп аткаминерлерди такалашты. Суроо-жооп арасында депутат Аида Касымалиева дагы суроо берип жатып кытайлык ТВЕА компаниясы гранттык негизде берген 20 миллион долардын 2 милллионуна Калыс-Ордо жаңы конушуна курулган мектепке кызыкты. Мектептин курулушуна кеткен акчанын сарпталылышына кызыгат го деп турсак эле,-«эмне үчүн Калыс-Ордого курулду» деп кирсе болобу? Депутат айым Калыс-Ордолуктар мектептен каржалып, ошол мектепке жеткенине жетине албай сүйүнүп жатканы тууралуу кабары жок окшойт.
Депутат айымдын мындай түшүнүксүз суроосуна вице-мэр Эркинбек Исаков такыр эле башка нерселерди сүйлөп туруп алды. Залдагылар болсо быкшып күлүп эле жатып калды.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …