• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Темировго козголгон кылмыш иштери. ИИМ тергөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берет

26 Чын куран 2022 15:13 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Тemirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров ага карата дагы кылмыш иши тергелип жатканын айткан. Темиров 20-апрелде шаардык милицияга сурак берип чыкканы кабарланган.

Ал эми Бишкек шаардык милициясы журналисттин иштери тууралуу маалымат таратып, Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча кылмыш иштери козголгонун билдирген.

Эске салсак, быйыл жыл башында Ички иштер министрлиги Болот Темировго жана анын Тemirov LIVE компаниясында иштеген төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси («Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү») менен кылмыш ишин козгоп кармап, тил кат менен бошотулушкан.

Количество просмотров: 127