Бүгүн, 22-январда күч органдары иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесин тинтүүгө алышты. Маалыматты ЖМК өкүлдөрү жеринде түз эфирден көрсөтүп жатышат.
Тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзүп жатканы кабарланды.
Расмий органдар бул боюнча комментарий бере элек.
Белгилей кетсек, Temirov LIVE каналы иликтөөлөрдү даярдап келет. Бир күн мурун эле Болот Темиров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн тиешелүү күйүүчү май бизнесин жөнүндө иликтөө жарыялаган.