• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Журналист Темировго өкүм чыгары күтүлүүдө

22 Аяк оона 2022 14:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 22-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланууда. Бүгүн чечим чыгаруу жараяны башталары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-сентябрда богон отурумда айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “мыйзамсыз маңзат сактаган” деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылды. Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин айткан.

Ал эми Болот Темиров күнөөсү жок экенин айтып, документ алуудагы мыйзам бузуу тууралуу айыптоо жасалма анкетага негизделип жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 104