• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Таластагы окуучунун өлүмү иликтенет. Электр энергиясына жеңилдик болбойт. Соңку жаңылыктар 06 02 18 (видео)

6 Бирдин айы 2018 14:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02. 2018. Govori.TV

САЛЯНОВАГА СОҢКУ СӨЗ БЕРИЛЕТ

Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын адвокаты Рабига Садыкова жарыш сөзгө даярдануу үчүн кошумча убакыт сурады. Ал жалпы иш 12 томдон турарын, анын ичинен 8 тому менен гана таанышууга жетишкенин айтып, калгандарына түшкө чейин убакыт сурады. Буга судья Ирина Воронцова каршы чыгып, соттолуп жаткан тараптын ишти атайылап созуу аракети катары баалады. Жыйынтыгында сот кошумча убакыт бербестен, жарыш сөздү баштады. Мындай чечимге нааразы адвокат судьянын одоно мамилесин Соттор кеңешинде талкуулоо керектигин айтты. Бүгүн Адвокаттан кийин Салянова өзү акыркы сөзүн сүйлөйт.

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНА ЖЕҢИЛДИК БОЛБОЙТ

Керектөөчү беш күндө канча электр жарыгын колдонсо ошого жарша акчасын төлөйт. Бул туурасында Govori.TV сайтына энергохолдингттин басма сөз борбору билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн 6-февалда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги отуруму өтүп жатат. Анда Бишкекте жылуулукту борбордук системадан алган жарандардан январь айынын беш күнү үчүн акы алынбары айтылып ошол эле учурда бул күндөрү колдонулган электр жарыгына да жеңилдиктер берилүүсүн “Түндүкэлектр” ишканасына сунуштаган.

ОКУУЧУНУН ӨЛҮМҮ ИЛИКТЕНЕТ

Таласта 6-класстын окуучусунун өлүмү иликтенүүдө. Баштапкы маалыматка караганда, ал асынып алган. Окуя жекшемби күнү болгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тастыкташты, бирок анын себеби азырынча тактала элек экенин кошумчалашты. Маркум бала Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы Рысбек Айдаралиев атындагы орто мектепте окуп жаткан. Анын асынган сөөгү өз үйүнөн табылган. Күч органдары бул окуя боюнча маалымат бере элек. Жакында эле Кара-Сууда 7-класстын окуучусу асынып алганы кабарланган. Расмий маалыматтарга караганда, 2017-жылдын тогуз айында өлкөдө балдар арасында 96 суицид катталган.

 

Количество просмотров: 11