• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ташиев: Болот Темировду куугунтуктайын деген оюм жок

23 Үчтүн айы 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

Журналист Болот Темировду таанбайм, ал менен учурашкан дагы эмесмин. Ал коомго таанымал деле журналист эмес. Же коомго белгилүү иликтөөчү эмес. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналистерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Болот Темиров чет өлкөлүк гранттарды алып, бийликти алсыратуу, бийликти коомго жаман көрсөтүү гана программасын ишке ашырган жалданма журналист.

«Себеби, бизде Темиров Live сайтынын кайсы компаниялардан канча сом акча алгандыгы боюнча толук маалыматтар бар. Ошондой эле ал ошол компаниларды кантип алдап жүргөндүгү боюнча да маалымат бар. Жакшы журналсит болсо, коомдо болуп жаткан жакшы жаңылыктардан бирди же экини чыгармак. Жакшы жаңылыкты бир да жолу көрсөтүп айтып койгон жок. Булар жалаң гана терс маселелерди айтат, айткан маселелеринин 90%ы жалган», — деди УКМКнын төрагасы.

Ал Темировдун кармалуусуна анын иликтөө материалдарынын тиешеси жоктугун билдирди. Ошондой эле журналистти сотко берип, куугунтуктайын деген ою жок экенин кошумчалады.

«20 жыл саясатта жүргөн убагымда бир дагы журналистти сотко берген эмес экенмин. Туура эмес маалыматты жазышат, кээде ката кетиришет, маалыматтары так болбой калат. Ошондо деле «эмнеге туура эмес маалыматты туура эмес жаздың» деп журналист менен талашып-тартышып, сотко берген учурум болгон эмес. Ошондуктан бул каналдын бул иликтөөсү иликтөө эмес, ал жалган жалаа. Керектүү уюмдар, керектүү адамдар аны сотко берип, ар-намысын коргоп алат деген ойдомун. Мен өзүм аны сотко берип, артынан түшүп, куугунтуктайын деген деле оюм жок. Журналисттин кайсы бир маалыматы үчүн анын артынан түшүү бизге абийир, жакшылык алып келбейт, маанилүү эмес. Андан маанилүү көптөгөн маселелерди аткарууга милдеттүүбүз. Убактыбызды майда-чүйдө, журналисттерге жооп берүү, же жалган маалыматтарды төгүндөөгө кетирбейбиз», — деди УКМК төрагасы Ташиев.

Количество просмотров: 627