• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажикстанда Лейлек боюнча тажик-кыргыз сүйлөшүүсү өтөт

9 Бирдин айы 2018 9:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09. 02. 2018.  Govori.TV

Бүгүн Лейлектеги кечээки чек ара маселеси боюнча тажик-кыргыз жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуровтов Govori.TVга кабарлады. Анын айтымында, кечээки “Кулунду” жана “Кайрагач”  унаа жолунун тосулушу кечинде аяктап, тажик тарап унааларды кечинде койо берген.

“Мен Баткен шаарынан иш сапардан келгенге чейин тажик тарап тосмону алып, жолду ачкан экен. Азыр чек ара өткөрүү пунктарында эки тараптуу кыймыл жүрүп жатат. Ошентсе да, кечээки окуянын эмне себептен болгонун өздөрүнөн угуп, мындай окуяларды алдын-алуу максатында азыр мен Тажикстандын Гафуров районунун акими Зарив Фализода мырза менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн кетип бара жатам. Эки райондун эли мындай чагымчылдыкка барбай, ынтымакта жашап келгенбиз жана бул ынтымакты улантуубуз керек”,-деди аким.

Эске сала кетсек, кечээ Лейлек районундагы эки өткөрмө пункту тажик тараптын чекарачылары бир тараптуу жаап, Сай айылынын жанындагы окуучулар каттоочу дарыяга салынган көпүрөнү да ээлеп алган болчу.

 

Количество просмотров: 2