«Урматтуу достор, журналисттер. Кечээ депутаттык комиссиянын жыйынында «Электр станциялар» ААК нын өкүлү Жылуулук борборуна коюлган байкоочу камералар дүйнөлүк стандартка жооп берет деген. Мен кечээ ТЭЦке барып, өз көзүм менен көрүп келем дегем… Мен бүгүн барып келдим. ТЭЦтин жетекчилиги жана TBEAнын өкүлдөрү менен кыдырып чыктык. 123 даана видеокамера жана бир сервер коюлуптур. 8 камера казандардын жана мештин үстүнө коюлчу атайын камералар экен. Калгандары кадимкидей эле видеокамералар. ТЭЦ жетекчилигинин атайын камералар дегени мени ынандырган жок. Кадимки күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн эле видеокамералар. Ишенимдүү болуш үчүн сүрөттөрүн жарыялайм»,-дейт Акылбек Жамангулов.