• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Темиров: Мен эч качан жарандыктан баш тарткан эмесмин

2 Бирдин айы 2023 15:14 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Кыргызстандан чыгарылгандан бери биринчи постун жазып, өзүнүн депортацияланышы мыйзамсыз болгонун жана аны колдогон элге ыраазычылык билдирди.

«Мына мен кайрадан сиздер менен. Мен бир нече суроолорго жооп бергим келди. Чыгаруу же депортациялоо таптакыр мыйзамсыз. Бул ачык эле көрүнүп турат. Мен Кыргызстандын жаранымын. Мен эч качан жарандыктан баш тарткан эмесмин. Бул дүйнөлүк соттук практикада нонсенс – өз жаранын өлкөдөн чыгаруу. Менде баары жакшы. Мен биринчи кезекте тыныгуу алдым. Экинчиден, эки дос жана алардын жан-жөкөрлөрү менин жашоомду кыйындатканга аракет кылышты. Ал жерде кызыктуу эч нерсе жок. Биздин команда мурдагыдай иштей берет. Анын үстүнө биз Кыргызстандагы эң чынчыл жана эффективдүү командалардын бири экенибизди далилдедик. Ал эми «Темиров Live» жана «Айт Айт Десе» командасынын ушул эки жыл ичиндеги эң маанилүү жетишкендигибиз. Жакында жаңы чыгарылыштарды күтүңүз! Ал эми кабатыр болгондорго, жазгандарга, өзгөчө жардам бергендерге чоң рахмат!», — деп жазган Темиров.

Количество просмотров: 258